Кыргызстанда жаңы премьер-министр ишке киришти

Кубатбек Боронов биринчи кесиби боюнча курулушчу, кийин юриспруденцияны да окуган

Сүрөттүн булагы, Gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кубатбек Боронов биринчи кесиби боюнча курулушчу, кийин юриспруденцияны да окуган

Кыргызстанда жаңы премьер-министр ишке киришти. Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Кубатбек Бороновду премьер-министр кылып бекитти. Мурдакы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктарды мыйзамсыз сатуу жөнүндө чыккан жаңжалдан кийин отставкага кетти. Бул өкмөт шайлоого төрт ай калганда түзүлүп жаткандыктан, эң кыска убакыт иштей турган техникалык өкмөт болуп калмакчы. Ошондой болсо дагы анын алдында коронавируска каршы чектөөлөрдөн улам өчөйүп калган экономиканы кургуйга кулатпай сактап калуу милдети турат.

Жаңы премьер-министрди жарым күнгө созулган талкууда бат эле бекитип беришти. Кубатбек Боронов башында турган министрлери кабинетин колдоп 105 депутат добуш берди. Эки депутат каршы болду. Депутаттар жаңы премьерди көбүнчө мактап сүйлөштү, ошондой эле бүтпөй, чечилбей келаткан түйүндүү маселелерди кайталап эске салышты.

Бороновдун техникалык өкмөттү башкарууга тандалып алынганынын башкы себеби анын президент Жээнбеков менен жакын, сырдана мамилесин деп деп жатышат.

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бороновдун техникалык өкмөттү башкарууга тандалып алынганынын башкы себеби анын президент Жээнбеков менен жакын, сырдана мамилесинде деп жатышат.

Бороновдун өкмөтү эң оор учурда ишке келди, мартта коронавируска каршы карантин башталып, чек аралар жабылып, ишканалар дымып калгандан кийин экономика өчөйүп отуруп калды. Мамлекеттик бюджетке миллиардаган акча түшпөй, эл аралык каржы жана донор уюмдардан келген насыя каражаттарга күн түштү.

"2020-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 186,3 млрд сомду түзүп, 4,8%га кыскарды. Кумтөр кенин кошпой алганда, бул көрсөткүч 6,4%га азайды. Түз эле айтышым керек, менин максатым - экономиканы калыбына келтирип, жылдын аягына чейин ИДПнын төмөндөөсүн болжолдонгон 5,3%дан ылдый түшүп кетпөөсүн камсыз кылуу», - деп билдирди Кубатбек Боронов.

Коронавирустун пандемиясы башталганда эле Кыргызстан биринчилерден болуп карантин чараларын киргизген. Ошол себеп болдубу же башкабы айтор өзүнүн региондогу коңшуларына караганда Кыргызстанда коронавирустун жайылышы жогору болгон жок, өлүм-житим деңгээли бир пайызга да жетпейт. Ошондой болсо да коронавирустун жаңы толкуну каптайбы деген коркунуч чоң.

Коронавирусту жайылта турган чоң коркунуч базарлар болуп жатат.

Сүрөттүн булагы, RUFAT ERGESHOV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавирусту жайылта турган чоң коркунуч базарлар болуп жатат.

Бороновдун өкмөт эң оор учурда эле эмес, эң кыска убакыт иштей турган өкмөт. Төрт айдан кийин парламенттик шайлоо өтүп, жеңип келген күчтөр өзүнүн өкмөтүн түзөт. Ал эми бул өкмөттүн иши - ошол шайлоону бардык партияларга калыс карап жакшы уюштуруп берүү.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясы премьер-министр кызматына өзүнүн талапкери катарында экономика министринин мурдакы орун басары Элдар Абакировду көрсөттү.

Жаңы өкмөткө эл арасындагы реакция көбүнчө кайдыгер маанайда болуп жаткансыйт. Анткени бул мурунку эле өкмөттөгү адамдар экенин билишет жана анын үч-төрт ай иштегенинен чоң өзгөрүү болуп кетет деп күтүшпөйт. Коомдук сайттарда жаңы өкмөттүн кабары угулганда эле каршы болуп, кетсин деп жаткандар болду. (КС)