Пандемия шартындагы туризм: "ички туристтердин чөнтөгү жука"

Чоң Кемин, Азиз Исабеков уюштурган туристтик саякаттар

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чоң Кемин, Азиз Исабеков уюштурган туристтик саякаттар
    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Пандемиядан улам быйыл Кыргызстанга чет жердик туристтин келиши арсар болуп турат. Туризм тармагынын бирден бир булагы катары ички туристтерди тартууну сунуштагандар болууда. Ага бизнес ийкемдүүбү?

Ысык-Көлдүн мурдагы Бөкөнбаев айылында конок үйүн иштеткен Гүлмира Тилебалды кызы жыл бою туристтерди кабыл алчу. Акырындап бул жерге келген чет жерлик туристтерди агымы көбөйө баштаган экен. Жылына 200дөн 2000ге чейин жетээр эле. Пандемия башталгандан бери анын конок үйү бош калган.

"Азыр бир да киши жок, өзүбүз эле отурабыз. Бир-эки туристтик компания августка жылдырды, бирок ал да белгисиз. Ачылганыбызга 7-8 жыл болду, жалаң чет жердик туристтер менен иштечүбүз. Азыр Кыргызстандын эле ичиндеги эс алуучулар келебиз деп жатышат. Эми аларга ылайык жолдорун карап, эмне бере алабыз деп талкуулап жатабыз. Биз боз үй тигүү, кийиз жасоо, аңчылыкка чыгуу, кыргыздын тарыхын айтып берүү сыяктуу иш-чараларыбызды жакшы сатчубуз. Эми жергиликтүү элге эмне кызык болоорун ойлоп, баасын да ар бир кардарга ылайык кылыш керек", - деди ишкер.

Гүлмира Тилебалдыеванын конок үйү

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлмира Тилебалдыеванын конок үйү

Жергиликтүү эс алуучулар чет жерликтерге сунушталган бааны көтөрө беришпейт, дейт Бишкектин тургуну Таттыбү. Ал өзү дагы Ысык-Көлдө эс ала турган жай караштырып жатканын кеп салды:

"Кризиске карабай балдарды көлгө алып барыш керек. Эл жок, тынч жана арзан жерди карап жатам. Азыр кайсы жерге барарыбызды билбейм. Негизи эле баалар арзандаса жакшы болмок".

Чоң-Кеминдеги конок үйүнүн ээси Азиз Исабековдун да негизги кардарлары чет жердиктер эле. Бирок карантин чаралары жеңилдегенден бери жергиликтүүлөрдүн аягы тыйыла элек дейт.

"Баары карантинде отурган үчүнбү, айтор, өзүбүздүн жарандар келип жатат, - деди Исабеков. - Биз мурда улуттук тамак-аштын жасалышын, көк бөрүнү ойногонду көрсөтүп, чет жердиктерге ылайыкталган иш-чараларды уюштурсак, эми жергиликтүү жашоочуларга ыктап жатабыз. Аларга мисалы, топтошуп алып бир майрамды белгилеп, жаратылышка сейилдеп келүү жагат. Негизи мен оптимисттик көз караштамын. Бул кризис көп нерсени үйрөттү. Мурда жумушубуз ушундай эле өйдөлөп кете берет деп ойлоп калган болсок, эми кантип башка чараларды издөөнү үйрөнүп жатабыз, жасай албай жүргөн жумуштарыбызды эл жокто жасап алдык".

Бишкектеги AFA Travel туристтик фирмасынын директору Асел Кожомжарованын айтымында, жергиликтүү туристтер бааны көтөрбөйт, ал эми ылдыйлатса бизнес өзүн актай албайт.

Конок үйлөрү улуттук оюндар, каада-салттар менен чет жердик турист тартчу

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Конок үйлөрү улуттук оюндар, каада-салттар менен чет жердик турист тартчу

"Биз мурда Европанын туристтери менен иштеген болсок, азыр Орусияга чыгуунун аракетиндебиз, Биринчи болуп КМШ мамлекеттеринин арасындагы чеке ара ачылышы мүмкүн деп ойлоп жатабыз. Ошондуктан кызматтарыбызды орусиялыктарга ылайыктап жатабыз. Андан сырткары башка бизнестин түрлөрүн кошуп, жаңы туристтик продуктыларды иштеп чыгууну караштырып жатабыз. Ал йога турлар, жаратылышка барып организмди тазалоочу саякаттар, иш-чараларды уюштуруп берүү болушу мүмкүн",-дейт ишкер.

Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу ички туристтерди чакырууда баанын маанисин баса белгилеп жатат.

"Мисалы, конок үйүн чет жердик жаранга 50 долларга берип келсе, жергиликтүү жаранга жарым баасына бериш керек деген ойдомун. Тейлөө сапатын да жогорулатыш керек. Чет жерлик туристтер бизге жаратылыш үчүн келишкендиктен, боз үйдө жатканына деле кубанып кетишет. Анткени алар көбүнчө ошол үчүн келишет. Ал эми жергиликтүү туристтер үчүн ыңгайлуу шарт, жакшы тейлөө маанилүү", - деди ал.

Ошентип жергиликтүү ишкерлер бааны өздөрү гана аныктайт.

Азиз Исабековдун Чоң Кеминдеги конок үйүндө

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азиз Исабековдун Чоң Кеминдеги конок үйүндө

Европа өлкөлөрү четинен туристтерге чек арасын ача баштады. Дүйнөдө быйыл туризм тармагынын кирешесинин үчтөн бири кыскара турганы божомолдонду.

Ал эми Кыргызстандын туризм тармагынын каражаты 80 пайызга чейин кыскара турганын маданият, маалымат жана туризм министри апрелде боолгологон.

Эми чек аралар ачылып калса жоготуу мындан азыраак болот деп үмүттөнүшүүдө. Өкмөт июлдун жарымынан октябрга чейин кур дегенде пляждык туризмге чет жердик туристтерди тартуу мүмкүнчүлүгү болот деп күтүп жатат.

Туризм улуттук экономиканын 5,2% үлүшүн түзөт. 2019-жылкы киреше 613 млн доллар болчу.

"Туризмди өнүктүрүү программасына ылайык, аны жылда 0,2 пайызга жогорулатуу каралган. Бирок быйыл көрсөткүч кыйла төмөндөйт", - дейт туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу.