"Бул атайын эле биздин экспортко бут тосуу": кыргыз-казак чек арасында кыйчалыш абал

- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бүгүн 9-июнда Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясы кыргыз-казак чек араcындагы абалды карап баштады.
Кыргыз-казак чек арасында 400 чакты оор жүк ташуучу унаа бир нече күндөн бери ЕАЭБдин бирдиктүү экономикалык аймагына өтүп кете албай кезерип турушат. Буга чейинки эки өлкөнүн вице-премьер-министрлик деңгээлдеги сүйлөшүүсү майнап бербей, кыргыз өкмөтү комиссияга арыз менен кайрылган.
"Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде кезек күткөн оор жүк ташуучу унаалар саны бул жолу беш-жети чакырымга созулду. Орусия, Беларуска товар ташыган кыргызстандык ишкерлер чек арадагы казак тараптын катаал текшерүүлөрүнөн тажаганын айтышууда.
"Карантин деп эч жакка деле чыга элек болчумун. Эми жумушка чыгып, бош эле машина менен Орусияга барып, Москвадан жүк алып келмекпиз. Бирок кыргыз-казак чек арасында минтип тыгын пайда болуп калды. Бул эми биринчи жолу эмес, үч жылдын бети болуп баратат го. Эки жылдан бери эле ушул болуп атат", -деди оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Тимур Көкөев.
Ал чек арада кезек күткөн анын айрым кесиптештери чоң зыянга учурап жатканын айтты. Өзгөчө жашылча-жемиш ташыгандарга кыйын болду.
Быйыл жыл башында ушул эле "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде кезек күткөн унаалар саны он чакырымга жеткен. Кыргыз өкмөтү анда Казакстан ЕЭАБ келишимин аткарбай жатат деп уюмдун өзүнө да даттанган. Ал тургай маселе Дүйнөлүк соода уюмуна да жеткен. Бирок маселе бир жаңсыл чечилген эмес.
Эми коронавирус пандемия шартында казак тарап чек арадагы текшерүүлөрүн андан да катаалдантып жатат.
"Чек арачылары эмес казак тараптын салыкчылары кармап атышат. Анализ алган жерди паспорт текшерчү жерге коюшуптур, анализдин жыйынтыгы күтүшүп, ошондон да тыгын жаралып жатат. Колдон кан алып, анан чыгарда справка берет да", -деди оор жүк ташуучу Тимур Көкөев.

Чек арадагы кезектеги тыгын кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев убактылуу эмгек өргүүсүнө чыккан маалда орун алып жатат. Абал менен жеринен таанышып келген вице-премьер Эркин Асрандиев Казакстандын бул кылганы ички союздук макулдашууларга каршы келерин айтты.
Казак тарап Кыргызстанды чек арасындагы чабал бажы көзөмөлү үчүн сындап, аткезчилик тыйылбай жатканын жүйөө кармап келет. Казакстандын Мамлекеттик кирешелер боюнча комитети кыргыз тараптын статистикасында экспорттун көлөмү он эсе азайтылып көрсөтүлөрүн айтып жатат. Бирок кыргыз өкмөтү азыркы шартта бул доомат суу кечпейт дейт.
"Бүт эле айыл-чарба жүктөрү. Азыр жашылча-жемиштер бышып калды, ошолор бар. Тигүү өнөр жайында иштеген ишкерлердин жүгү дагы бар. Көбү эле ошол жүктөр, өзүнөр билесиңер Кытай менен чек ара жабык, Торугарт азыр иштебейт, кытайдын жүгү жок. Ошондуктан казак тараптын коюп аткан дооматтарына биз түшүнбөй жатабыз. Кытайдан жүк келбесе, эмне жөнүндө айтып атышат. Мына бир жылдан бери ошондой дооматтар келтирип келишет. Бирок Кытай менен үч айдан бери чек арабы жабык го. Ошол себептүү ой келип атат: бул атайы эле биздин экспортко бут тосуу", -деди экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Би-Би-Сиге.
Казакстан чек арадагы текшерүүлөрүн күчөтүп жатканын "Хоргос" базарынын өнүгүшүнө шарт түзүүгө байланыштыргандар да бар.
Чек арадагы абал бүгүн парламенттин тармактык комитетинде да көтөрүлдү. Экономика министри Санжар Мукамбетов жылыш болорунан дагы эле үмүт бар экенин айтты.
"Бүгүн ЕАЭКтин коллегиясы болот. Ошондо чечим кабыл алышат. Буйруса маселе чечилет деп ойлойбуз", -деди министр.
Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегиясы көз карандысыз орган эсептелет, ал он кишиден турат. Кезинде ага Кыргызстандан эки өкүл мүчө болгон, алар мурунку экономика министри Олег Панкратов жана экс-стат катчы Эмил Какиев. Эми кыргыз-казак чек арасындагы чыңалган абалды бул комиссия оңдой албаса, анда Кыргызстан андагы өзүнүн өкүлдөрүн чакыртып алууну ойлонуп жатат. Кыргыз өкмөтү үчүн коңшулардын кысымын токтотуунун башка жолу калбай баратат өңдүү.
Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенине беш жылга таяп барат. Барган сайын ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламент трибунасынан жаңырып, уюмдун ичиндеги карам-каршылыктар жөнүндө өкмөт да ачык билдирүүлөрдү жасай баштады.









