Перс булуңунда эки мунай танкерине жасалган чабуулдан кеминде бир адам каза болду

vdf

Сүрөттүн булагы, CNN

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жардыруу Ирактын Басра портуна жакын аймакта, Перс булуңундагы эки мунай ташуучу танкерде болгон.

Ирактын Порттор башкармалыгынын башкы директору CNN телеканалына билдиргендей, чет өлкөлүк эки танкердин 38 экипаж мүчөсү куткарылды, бирок кеминде бир адам каза тапты.

Иран чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, мамлекеттик IRIB телерадиокорпорациясы "Перс булуңунда эки мунай танкерин суу алдындагы дрон жардырды" деп кабарлады.

Мындан мурда Басрадагы Ирактын коопсуздук кызматындагы булагы CNNге жардыргыч зат жүктөлгөн Иранга таандык кайык эки кемеге чабуул жасаган болушу мүмкүн экенин айткан.

Чабуулдан кийин Ирактын мунай портторунун иши убактылуу токтотулган.

Ирактын Бириккен ыкчам командачылыгынын өкүлү Саад Маан окуя өлкөнүн аймагында болгонун айтып, муну Ирактын эгемендигин бузуу катары баалады.

CNN текшерип чыккан видеодо эки танкер күйүп жатканын көрүүгө болот. Жалын суунун бетине да жайылган. Кыязы, буга мунай төгүлүп кеткени себеп болгон.

Чабуул башталган учурда эки танкер бири-бирине жакын жерде турган.

Жабыркаган кемелердин бири америкалык компанияга, экинчиси грек компаниясына таандык.

Ирактын SOMO мунай маркетинг компаниясы танкерлер Ирактын аймактык сууларында, жүктү бортко жүктөө аймагында турган учурда чабуулга кабылганын билдирди.

Компаниянын маалыматына караганда, Zefyros танкери Хор-эль-Зубайр портуна кирүүгө камданып жаткан жана Басрадагы газ компаниясы үчүн газ конденсатын ташып бараткан.

Мунун алдында эле Перс булуңунда эки кургак жүк ташуучу кеме жана бир контейнер ташуучу кеме да чабуулга кабылганы кабарланган.