Эмне үчүн АКШ жана Израил менен согушта ислам дүйнөсү Иранды колдогон жок?

sdfs

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 7 мүнөт

Израил менен АКШ эки аптадан бери Иран Ислам Республикасын бомбалап жатат, ал эми мусулман дүйнөсү согушка четтен көз салууда. Бирок ислам мамлекеттеринин бири да Иранга жардам берүүгө умтулган жок, тескерисинче, көбү ага коркунуч катары карашууда.

Эмне үчүн?

Таразанын бир ташында жалпы мусулмандардын тилектештиги деген миф турат, ал эми экинчи ташында диний карама-каршылыктар, бири-бирине ишенбестик, улуттук кызыкчылыктар, АКШга көз карандылык бар, бул өлкөлөр алдын ала божомолдоого мүмкүн болбогон кесепеттери бар кезектеги согушка тартылгысы келген жок. Иран чөлкөмдө өзөктүк держава катары үстөмдүк кылууга умтулууда. Буга кошумча эки жумадан бери коңшу араб өлкөлөрүн да аткылап жатат.

"Бул Ирандын акыркы жылдардагы эң ири стратегиялык каталарынын бири болду. Тегеран жылдар бою өзүн араб дүйнөсүнө ислам тилектештигинин коргоочусу катары көрсөтүүгө аракет кылып, кыйла чеберчилик менен өз оюнун жүргүзүп келди. Бирок бүгүн Иран араб өлкөлөрүнө сокку уруп жатат – болгондо да муну ыйык Рамазан айында жасоодо", - деди Жакынкы Чыгыш боюнча адис Ясмина Асраргис.

Ислам дүйнөсү монолиттүү эмес. Мусулман (негизинен араб) өлкөлөрүнүн бийлиги биринчи кезекте өзүнүн саясий жана экономикалык кызыкчылыктарын жетекчиликке алышат, ошол себептен абстрактуу тилектештик үчүн Иранга жардам берүүгө ашынган жери жок.

Анын үстүнө мусулман дүйнөсүндө Иранга карата мамиле кыйла татаал. Иран араб өлкөсү эмес: ал жакта башка тилде сүйлөшөт, калктын басымдуу бөлүгүн шииттер түзөт, ал эми дүйнөдөгү мусулмандардын көпчүлүгү – сунниттер. Азыр жүрүп жаткан согуштун динге кыйыр гана тиешеси бар, бирок тарыхый жактан алганда Жакынкы Чыгыштагы күчтөрдүн тең салмактуулугун негизинен сунниттер менен шииттердин ортосундагы дал ушул ажырым аныктап келген.

"Сунниттер шииттерге тилектеш боло албайт, анын үстүнө шиит Иран суннит мамлекеттерине чабуул коюп жатканда бул такыр мүмкүн эмес", - деди Би-Би-Сиге Вашингтондогу саясат институтунун эксперти Фабрис Баланш.

Мындан тышкары, Иран суннит коңшуларына алар үчүн ыйык Рамазан айында кол салып, кыйла олуттуу жаңжалга тарткысы бар.

Иран жана анын күрөшү

Сүрөттө: Үч жогорку лидер. Плакатта Ирандын жогорку лидери аятолла Рухолла Хомейни (солдо) өзунүн мураскери, маркум аятолла Али Хаменеи (ортодо) улуттук желекти жаңы жогорку лидер Можтабе Хаменеиге тапшырып жатканын карап турат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Үч жогорку лидер. Плакатта Ирандын жогорку лидери аятолла Рухолла Хомейни (солдо) өзунүн мураскери, маркум аятолла Али Хаменеи (ортодо) улуттук желекти жаңы жогорку лидер Можтабе Хаменеиге тапшырып жатканын карап турат.

Иранда буга чейин деле чөлкөмдө жана дүйнөдө союздаштары көп эмес болчу, бирок ушул кезде Тегеран жалгыз калды. Эмне үчүн?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Дээрлик жарым кылымга созулган молдолордун режими Иранды Жакынкы Чыгышка тынчтык бербеген өлкөгө айландырды. Ислам дүйнөсүнүн өлкөлөрү Иранга сактык менен мамиле кылып келишкен, ал тургай ачыктан-ачык кастарын тиккен учурлар да аз болгон жок.

1979-жылдагы Ислам ыңкылабынын натыйжасында молдолор бийликке келгенден кийин Иран өзүн мусулман дүйнөсүнүн күрөшүнүн авангарды катары көрсөтүп, кубаттуу ислам мамлекетинин бейнесин түзүү үчүн болгон күчүн жумшады.

Иран башкы душманы деп АКШны, ал эми Израилди экинчи кезектеги душман деп жарыялаган. Тегеран теократиялык мамлекеттин моделин башка өлкөлөргө экспорттоп, өзгөчө чөлкөмдөгү шиит азчылыгын коргоону жана куралдандырууну өзүнүн максаты катары аныктап койгон.

Ирандын мындай дымагы Перс булуңундагы мамлекеттерге, биринчи кезекте Сауд Арабиясына жаккан жок. Эр-Рияд менен Тегеран жылдар бою чөлкөмдөгү таасир үчүн кармашта бири-бирин башкы атаандаш катары көрүп келишкен.

Перс булуңунда мунайды басып отурган араб монархияларынын саясий системалары 1979-жылы кулатылган Иран шахынын режимине көп жагынан окшош болгондуктан араб өлкөлөрү элдик көтөрүлүштөрдөн өзгөчө коркушкан.

Сүрөттө: Тегерандагы АКШнын мурдагы элчилигинин дубалындагы граффити

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Тегерандагы АКШнын мурдагы элчилигинин дубалындагы граффити

Перс булуңундагы өлкөлөр АКШ менен тыгыз мамилени түзө алгандыктан, Ирандын дымагы алардын кызыкчылыктарына түздөн-түз каршы келген. Бул Жакынкы Чыгыштагы кансыз согуш ондогон жылдарга созулду. Акыры, 2023-жылы Эр-Рияд жана Тегеран Кытайдын ортомчулугу менен дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүүгө макул болушкан.

АКШ менен Израилдин Иранга кол салуусунан кийин Сауд Арабиясы жана башка кошуна мамлекеттер Иран алардын туруктуулугуна жана экономикалык өнүгүүсүнө коркунуч келтирүүгө даяр болгонун даана түшүнүштү.

"Жаңжал канчалык кулачын жайбасын, ал Ирандын чөлкөмдөгү аброюна шек келтиргени айдан ачык. Бир жолу бузулган ишенимди кайрадан калыбына келтирүү өтө кыйын", - деди Жакынкы Чыгыштын глобалдык маселелер боюнча кеңешинин аткаруучу директору Халид ал-Жабер.

Чөлкөмдөгү таасирин бекемдөө үчүн Иран ондогон жылдар бою АКШ менен Израилге каршы багытталган "каршылык огун" курчутуп келген. Тегеран Ливандагы шииттердин "Хезболласын", Йемендеги хуситтерди жана Ирактагы түрдүү прокси күчтөрдү куралдандырып, каржылаган. Мындан тышкары Ливандагы, Сириядагы, Бахрейндеги жана Йемендеги жаңжалдарга тикелей кийлигишкен.

ХАМАСты жана "Ислам жихадын" колдоо менен, Иран Палестина маселесин да мусулмандардын коргоочусу катары аброюн бекемдөө үчүн пайдаланган.

Бирок, көптөгөн араб өлкөлөрү бул аракеттерде Палестинанын кызыкчылыгы үчүн күрөштү эмес, Тегерандын өз таасирин күчөтүп, чөлкөмдө көзөмөл орнотуу аракетин көрүшкөн. Ирандын өзөктүк куралга ээлик кылуу аракети да кошуна мамлекеттерди өтө тынчсыздандырып келген.

Абройго шек келтирген ката

Сүрөттө: Израил менен АКШнын чабуулдарына жооп катары Тегеран Перс булуңундагы коңшуларына ракета менен дрондорду учурду (Бахрейндин Манама шаарынын Сиф районундагы дрондон жабыркаган имарат)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Израил менен АКШнын чабуулдарына жооп катары Тегеран Перс булуңундагы коңшуларына ракета менен дрондорду учурду (Бахрейндин Манама шаарынын Сиф районундагы дрондон жабыркаган имарат)

Ошол себептен көптөгөн араб өкмөттөрүнүн баамында, Иранга жардам берүү чөлкөмдөгү тең салмактуулукту бузуп, туруктуулукка коркунуч жараткан мамлекетти күчтөндүрүү дегенди билдирет.

Жакынкы Чыгышта тутанган жаңы согуш эмне менен бүтөрү азырынча белгисиз, бирок чөлкөмдөгү күчтөрдүн ансыз да чабал теңдеми бузулганы айдан ачык болуп турат.

"Перс булуңундагы өлкөлөр Иран бир нече сокку менен алардын бардык экономикалык жетишкендиктерин талкалай аларын түшүнүп турушат. Иран кайрадан чөлкөм үчүн негизги коркунучка айланууда. Бул сөзсүз түрдө Сауд Арабиясын Израилге ого бетер жакындатат, себеби Израилде падышалыктын коргонуусун кыйла күчөтө ала турган "Темир кумпа" системасы сыяктуу ракетадан коргонуу технологиялары бар", - дейт Вашингтондогу саясат институтунун эксперти.

Иран колдогон шиит күчтөрү өзүнүн демөөрчүсүнө жардамга келүүгө ынтызар, бирок алардын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. 2023-жылдын октябрында ХАМАС Израилге кол салып, андан кийин башталган согуш бул топту өтө алсыратып койду. Ошондой эле Израил "Хезболланын" башында тургандарды да жок кылды. Ал эми Сириянын мурдагы лидери жана Ирандын союздашы Башар Асадды козголоңчулар бийликтен кулатып, ал ушул тапта үй-бүлөсү менен Москвада баш калкалап жүрөт.

Израил менен АКШнын чабуулдарына жооп иретинде Тегеран Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койгондон кийин ислам дүйнөсүндө Иранга ишенбөөчүлүк ого бетер күчөдү.

"Балким, Тегеран Перс булуңундагы монархияларга кысым жасап, алар АКШны согушту токтотууга мажбурлайт деп күткөн. Бирок, иш жүзүндө таптакыр башкача кырдаал түзүлдү", - дейт Ясмина Асраргис.

Перс булуңундагы өлкөлөр Иран менен аздыр-көптүр мамиле түзүүгө умтулушкан. Оман жана Катар Иран бийлиги менен диалогго ортомчулук кылып келишкен эле. Эми соңку окуялардан кийин бул өлкөлөр келечекте дипломатиялык аракеттерин улантабы же жокпу – бул чоң суроо.

Сүрөттө: 1980-жылдардан баштап Иран чөлкөмдө өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн куралдуу топтордун жана союздаштардын кеңири прокси системасын түзө алды. Сүрөттө: Ирактын куралдуу күчтөрүнүн мүчөлөрү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сунниттер жана шииттер

Мусулмандардын басымдуу бөлүгүн сунниттер түзөт (1,8 миллиард мусулмандын 85-90%), шииттер азчылыкта (10-15%). Негизги шиит жамааттары Иранда, Азербайжанда, Иракта жана Пакистанда жашайт.

Сунниттер менен шииттердин тиреши 632-жылы Мухаммед пайгамбар дүйнө салгандан кийин пайда болуп, жол улоочулук маселесин көңүл чордонуна алып чыккан.

Мусулман жамаатынын башында ким турушу керек деген суроодо мунаса табылган эмес. Шииттер (сөздүн өзү "жолун жолдоочу" же "Алинин партиясы" дегенди билдирет) бийликти Мухаммед пайгамбардын туугандарынын бири Али бин Аби Талибге өткөрүп бериш керектигин айтып чыгышкан. Алар Аби Талиб пайгамбардын жакын тууганы жана шакирти катары халиф болууга мыйзамдуу укугу бар экенин ырасташкан.

Сунниттер болсо мусулман жамаатынын лидери пайгамбардын эң татыктуу жана аброю бийик тилектештеринин арасынан тандалып алынышы керек деген пикирде болгон.

Биринчи халиф – Мухаммед пайгамдардын жакын санаалаштарынын бири Абу Бакр болгон.

Халифаттагы бийлик үчүн кармаш 661-жылы Алинин өлтүрүлүшүнө алып келген. Анын уулдары Хасан жана Хусейн да өлтүрүлгөн, болгондо да 680-жылы Хусейндин Кербела шаарында (азыркы Ирак) өлүмүн ушул кезге чейин шииттер тарыхый масштабдагы трагедия катары кабылдап келишет.

Сүрөттө: Алинин, Хасандын жана Хусейндин өлүмү шииттердин шейит болуу түшүнүгүн жараткан. Сүрөттө: Имам Хусейндин өлүмүнө арналган шииттердин Ашура диний жөрөлгөсүнүн алкагында ливандык шиит жамаатынын аза жүрүшү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Алинин, Хасандын жана Хусейндин өлүмү шииттердин шейит болуу түшүнүгүн жараткан. Сүрөттө: Имам Хусейндин өлүмүнө арналган шииттердин Ашура диний жөрөлгөсүнүн алкагында ливандык шиит жамаатынын аза жүрүшү

Саясий пикир келишпестик катары башталган тиреш бара-бара тереңирээк диний жана доктриналык ажырымга айланган.

1979-жылдагы Иран ыңкылабы дал ушул бул диний тирешти геостратегиялык атаандаштыкка айландырган. Ошондон бери шиит Иран жана суннит Сауд Арабиясы мусулман дүйнөсүндө лидерлик үчүн күрөшүп келишет.

Ирандын лидерлери Сауд династиясынын исламдын негизги ыйык шаарларынын – Мекке менен Мединанын сакчысы болуу укугун ачыктан талашып келген. Ал эми ажылык маалында Ирандын колу менен жасалган бир канча чагымчыл окуялар эки өлкөнүн ортосундагы чыңалууну күчөткөн.

Тегерандын таасирин ооздуктоо максатында Эр-Рияд ондогон жылдар бою ар кандай тармактарды жана кыймылдарды каржылап келди. Мунун натыйжасында Эр-Рияддын көзөмөлүнөн чыккан жихадчы уюмдар пайда болду.

Таасир үчүн кармаш

Сүрөттө: 1979-жылдагы ыңкылаптан кийин Иран ислам дүйнөсүнүн негизги борбору болгусу келген жана Сауд Арабиясына чакырык таштаган, себеби бул өлкөдө мусулмандар үчүн ыйык болгон Мекке жана Медина шаарлары орун алган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: 1979-жылдагы ыңкылаптан кийин Иран ислам дүйнөсүнүн негизги борбору болгусу келген жана Сауд Арабиясына чакырык таштаган, себеби бул өлкөдө мусулмандар үчүн ыйык болгон Мекке жана Медина шаарлары орун алган.

Иран менен Сауд Арабиясынын, ошондой эле Перс булуңундагы башка өлкөлөрдүн тиреши узак жылдардан бери Жакынкы Чыгыштын саясий динамикасын аныктап келген.

Бирок Сауд Арабиясынын иш жүзүндөгү башкаруучусу Мухаммед бен Салманга чөлкөмдөгү туруксуздук абдан тоскоол болууда.

Мухаммед бен Салман өлкөгө туристтерди жана инвесторлорду тартып, мунайдан түшкөн кирешени өзүнүн долбооруна жумшоого даяр. Ал күн жана шамал энергиясына инвестиция салып, планетанын эң бай футболчусу Криштиану Роналдуну жергиликтүү футбол лигасында ойноого чакырды.

Ошондуктан Сауд Арабиясы чөлкөмдөгү туруктуулукту сактоого жана бардык коңшулары, анын ичинде Иран менен алака түзүүгө умтулуп келатат.

Дал ошол себептен 2023-жылы Кытайдын ортомчулугу менен Эр-Рияд жана Тегеран дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүүнү макулдашкан.

Фабрис Баланштын айтымында, ханзаада бен Салман кандай болсо да туруктуулукту "сатып алууга" жана бардыгы менен тил табышууга даяр эле, бирок азыр бул келечек коркунучта турат.

"Экономикалык жана саясий кызыкчылыктар үчүн идеологиялык принциптерден алыстаган Перс булуңундагы өлкөлөрдөн айырмаланып, Иран эч качан принциптеринен баш тарткан эмес жана ушул кезге чейин революциялык идеологиянын мамлекети бойдон кала берүүдө", - деп белгилейт Эмираттардагы Америка университетинин профессору Нажат ал-Саид.

Иран кайрадан негизги коркунучка айланды

Сүрөттө: Негизги суроо – согуш аяктагандан кийин Иран канчалык өзгөрөт?

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттө: Негизги суроо – согуш аяктагандан кийин Иран канчалык өзгөрөт?

Жакынкы Чыгыштын геосаясий картасы "Авраам макулдашуусуна" кол коюлгандан кыйла өзгөрдү. 2020-жылы БАЭ, Бахрейн жана Судан, андан кийин Марокко Израил менен мамилесин жөнгө салган.

Палестина маселеси макулдашууларга тоскоол болуп келгенине карабастан, Сауд Арабиясы Газада согуш башталганга чейин эле Израил менен мамилелерди бир нукка салуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жаткан.

Негизги суроо: согуштан кийин эмне болот? Тегерандагы азыркы режим алсыраса да, сакталып калабы, демек, буга чейинкисинен да коркунучтуу болобу? Же Иранда бийлик алмашабы?

"Окуялар кандай гана нукта өнүкпөсүн, бир нерсе айдан ачык болуп турат: жакынкы аралыкта Иран мурдагы күчүн калыбына келтире албайт. Молдолордун режими сакталып калабы же жаңы жетекчилик пайда болобу, Иран иш жүзүндө "Жакынкы Чыгыштын жандармынын" ролун ойноп келген шахтардын доорундагы таасирин калыбына келтирүүсүнө убакыт керек болот", - деп сөзүн жыйынтыктады Фабрис Баланш. (ZMa)