Журналист Алтынай Арстанбекова кармалганы ырасталды

Алтынай Арстанбекова

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алтынай Арстанбекова
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Ички иштер министрлиги журналист Алтынай Арстанбекованын кармалганын тастыктады. Милиция тараткан маалыматта 2026-жылдын 9-мартында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Фейсбукта "Даниэль Жоошбаев" аттуу жалган аккаунттун колдонуучусу бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдарды жарыялаганы аныкталганы айтылат.

"Ошондой эле аталган аккаунттагы айрым басылмалардын астындагы комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана баш аламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр орун алган", - деп жазылган билдирүүдө.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык баш аламандыктарга чакыруу" беренеси менен кылмыш иши козголду.

ИИМ "Даниэль Жоошбаев" аттуу аккаунттун ээси жана колдонуучусу журналист, 50 жаштагы Алтынай Арстанбекова экени аныкталганын жана кармалганын белгиледи.

10-мартта журналисттин жашаган жерин тинтүү учурунда бир катар техникалык каражаттар, алардын ичинде уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер жана башка буюмдар алынган.

Алтынай Арстанбекова Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери улантылууда.

Буга чейин бир нече басылмалар журналист Алтынай Арстанбекова кармалганын жазышкан.

Алтынай Арстанбекова колдонгон деген Фейсбуктагы аккаунттун бир жарым миңге чукул катталуучусу бар. Ал жерде атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кубаттаган, президент Садыр Жапаровду сындаган посттор жайгаштырылган.

Алтынай Арстанбекованын Фейсбуктагы өзүнүн баракчасында 26 миңге чукул катталуучусу бар.

Журналист мурда Баткен облустук телерадиокомпаниясынын директору болгон. Next TV каналында иштеген. Кийинчерээк өзүн эркин журналист катары сыпаттап келген.