Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал: парламент ЕАЭБ маселесин кароодон баш тартты

- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети казак-кыргыз чек арасындагы маселе чечилмейин ЕАЭБ боюнча мыйзам долбоорлорун кароодон баш тартты. Чек арада бир нече күндөн бери тыгын пайда болуп, бүгүн 300дөн ашык жүк ташуучу унаа турат.
Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу Тимур Көкөевдин айтымында, кыргыз-казак чек арасындагы тыгын он күн мурун башталды.
Ал кесиптештери менен талкуулагандан кийин маселе мурдагыдай Казакстан менен атаандаштыктын айынан келип чыгып жатат деп божомолдошууда. Анткени калк керектеген товарды (ТНП) алып өтүүдө кыйынчылык жаралып жатат.
Ошол эле учурда казак тарап айтып келген дооматтар да жүйөлүү экенин мойнуна алды:
"Айып биз тараптан да кетип жатат. Документтер туура эмес болуп калат. Товарды чыныгы баасынан азайтып көрсөтүп койгондон "салгылашышат". Жашылча-жемиш өңдүү тез бузулчу товарларды кармабай эле өткөрүп жатат. Кыргызстанда тигилген товарлардын тагдырын такыр чече албай коюшту го. Ошондой эле Кытай товарлары үчүн дайыма атаандашышат".
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети 2-июнда Казакстан менен чек арадагы маселе чечилмейинче ЕАЭБ боюнча беш мыйзам долбоорун кароодон баш тартты.
Депутат Каныбек Иманалиевдин бул боюнча сунушун кесиптештери бир добуштан колдоду.
"Евразия экономикалык биримдикти көрүп жатасыздар. Кыргызстандын товар өндүрүүчүлөрү үч күндөн бери өтө албай Токмокто турат. Бешөөнү тең күн тартибинен алып салалы. Көйгөй чечилмейинче биримдикке тиешелүү маселелердин баарын карабайбыз. Карамат Бабашевна, сиз күчтү көрсөтөлү деп жатасыз, күч деген ушу", - деди Иманалиев комитеттин жыйынында.
"ЕАЭБдин негизги шарттарынын бири мүчө мамлекеттер арасында эркин товар жүргүзүү болуп эсептелет эмеспи", - деп кошумчалады Иманалиев Би-Би-Сиге.
Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, унааларды эки өлкөнүн тең чек ара кызматтары кармаган жок.
"Ак-Тилек көзөмөл өткөрүү жайында бүгүн 300дөн ашык унаанын кезеги турат. Бирок кезек чек арадан өтүү үчүн пайда болгон жок. Эки өлкөнүн тең чек арачыларына айдоочулардын дооматы жок. Бирок Казакстанга киргенден кийин Киреше боюнча комитети бар. Алардын кошумча текшерүүлөрүнөн улам кезек пайда болуп жатат", - деди Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева.
Кыргыз-казак чек арасында мындай көйгөй январдын башында жаралып, бир топко чейин созулган. Анда казак тарап кыргызстандык жүктөр ар кандай мыйзамдарды бузгандыктан, миллиондогон киреше албай калганын айткан. Буга чара көрүү максатында унааларга элктрондук пломбаларды тагуу сыяктуу жаңы талаптарды киргизген.
КР Чек ара кызматы ошондон тарта мындай узун кезектер улам пайда болуп келатканын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Official
Бирок Казакстандын Мамлекеттик киреше боюнча комитети "биз тараптан эч кандай кошумча текшерүү жок" деп белгиледи. Комитеттин басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, пандемия шартында электрондук пломба илүүнү да талап кылышкан жок. Алар эки өлкө ортосундагы алты өткөрмө бекеттин экөө гана иштеп жатканын жана Кыргызстан тарапта коронавируска тест тапшыруу иш-чарасы кезек жаратып жаткан болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Казакстандын аталган мекемеси бул өткөрмө бекетинин мүмкүнчүлүгү күнүнө беш жүз машинаны ары-бери өткөрүүгө ылайыкталса, ошончо унаа өтүп жатат деп кошумчалады. Бир унааны беш мүнөт кармашат экен.
Айдоочулардын айтымында да Кыргызстан коронавируска экспресс тестти чек ара тилкесинде тапшыртып жатат, ал эми Казакстанда чек арадан өткөндөн кийин өзүнчө жерде алып жатат.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы
Экспресс тесттин мөөнөтү орточо 15 мүнөт экени айтылып келет.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев комитет карабай койгон мыйзам долбоорулору тууралуу өкмөт ЕАЭБдин катчылыгына билдирсин деп белгиледи. Мыйзам долбоорлорунун автору кыргыз өкмөтү.
Алар төмөнкү мыйзам долбоорлору эле:
- "2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (Евразия экономикалык бирлигинин жалпы электр энергетикалык рыногун түзүү боюнча) ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
- "2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
- "2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Армения Республикасынын кошулуусуна байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
- "2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелиндеги Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору;
- "2018-жылдын 2-ноябрында Астана шаарында кол коюлган Ядролук авария же радиациялык авариялык кырдаал келип чыккан учурга карата даярдыкты камсыздоо жана алардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардам берүү боюнча КМШга катышкан-мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору.








