Америка бийлиги тополоңду армия менен басарын эскертти

АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты токтотуу үчүн армияны колдонушубуз мүмкүн деп билдирди.

Лос-Анджелес

Сүрөттүн булагы, AFP

Дем алыш күндөрү башаламандык өлкөнүн ондогон шаарларына жайылды. 1878-жылы кабыл алынган Posse Comitatus Act мыйзамы боюнча куралдуу күчтөр Конгресстин чечими менен гана өлкөнүн ичинде аракеттене алат.

Бирок Трамп 1807-жылы Insurrection Act мыйзамын колдонуу ниетин билдирди. Бул мыйзам АКШда бир да жолу колдонулган эмес.

Миннеаполис

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Миннеаполистеги акция
Лос-Анджелес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лос-Анжелестеги өрттөнүп жаткан дүкөн

"Башаламандыкты жана мародерчулукту токтотуу үчүн баардык ресурстарды мобилизациялайбыз",-деген президент Трамп.

Тополоңду басуу үчүн Трамп оор куралданган аскерлерди жана полицияны жөнөтө турганын айтты. Президенттин кайрылуусунан бир нече минута алдын Ак үйдүн алдындагы демонстрацияны таратуу үчүн полиция көз ачыштырган газ колдонду.

Миннеаполис

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Миннеаполиситеги акция учурунда социалдык аралыкты сактоого аракет кылып көрүштү

Жекшембиде АКШнын бир катар шаарларына коменданттык саат киргизилди. Афро-америкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийинки крашылык акцияларынын арты башаламандыктарга алып келди.

Коменданттык саат Миннеаполис, Вашингтон, Лос-Анжелес, Майами, Портленд, Сан-Франциско, Чикаго, Атланта, Индианаполис, Филадельфия жана башка шаарларга киргизилди.

Вашингтон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Миннесотанын губернатору Том Уолл Экинчи дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу Улуттук гвардияны толук мобилизациялоо боюнча буйрук чыгарды. Ушундай эле чаралар Лос-Анджелесте колдонулду.

Жорж Флойддун өлүмү бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык толкунун жаратты. Каршылык жүрүштөрү кеминде 30 ири шаарда өттү.

Миннеаполис

Сүрөттүн булагы, NurPhoto

Ата-энеси менен чогуу каршылык акциясына чыккан кыз

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ата-энеси менен чогуу каршылык акциясына чыккан кыз

Ишембиде бир нече шаарда каршылык жүрүштөрүнүн аягы талкалоо, мародерчулук менен коштолду. Каршылык жүрүшүнө чыккандар дүкөндөрдү жана полиция атвоунааларын талкалап, күйүүчү май куюлган бөтөлкө ыргытышкан.

Нью-Йоркто кеминде 20дай полициянын кызматтык автоунаасы өрттөлүп, ондогон киши кармалды. Бир катар штаттарда полиция көздөн жаш агызчу газ жана желим ок колдонду. Өлкө боюнча 1300 киши кармалганы кабарланууда.

Белый дом

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Миннеаполис

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

25-майда Жорж Флойддун автоунаасын полиция кызматкерлери токтоткон. Алар жасалма акча колдонот деген маалыматты тактоо үчүн токтотушкан экен. Флойдду "унаадан алыс туруп тур" деп буюрушканда, каршылык көрсөттү дейт полиция. Полицянын көкүрөгүндө тагылган видео байкоо териштирүү үчүн алынган. Ошондуктан окуянын чын-бышыгын айтуу азыр эрте.

Чикаго

Сүрөттүн булагы, NurPhoto

Интернетте жарыяланып кеткен тасмада полиция аны тизеси менен муунтуп турганы тартылган. Күбөлөрдүн бири тартып алган видеодо жерде жаткан Флойд: "Демим кыстыгып жатат! Демим кыстыгып жатат!" деп кайра-кайра айтып, "өлтүрбөгүлө" деп суранат.

Ошол жердегилер чогула калып, полицияны "муунтпагыла, дем алуусун текшергиле" деп суранышат. Көп өтпөй эле Флойд сулк жатып калып, "Тез жардам" унаасын чакырышкан. Бирок ооруканага жетпей эле каза болуп калганы белгилүү болду. Бул окуядан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынды. Бүтүндөй өлкө боюнча нааразылык жүрүштөру дүрт этти.

Атланта

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Лос-Анджелес

Сүрөттүн булагы, Getty Images

*