Кыргызстанда коронавирустун эң жогорку көрсөткүчү, Атамбаевге сот өкүмү

Сүрөттүн булагы, Social media
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары ага сот өкүмү чыгышы мүмкүн экенин билдирди.
Мурунку президент азыркы убакта Бишкекте бир нече кылмыш иши боюнча айыпталууда. Анын экөө боюнча, атап айтканда кылмыш төбөлү Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы жана Кой-Таш жаңжалы боюнча соттук процесстер өтүп жатат. Прокурорлор Батукаевдин иши боюнча Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону сурашты.
Мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдө дагы экс-президенттерге карата соттук териштирүүлөр жүрүүдө. Украинада Петр Порошенко, Ереванда Армениянын экс-президенти Роберт Кочарянды иши боюнча соттук териштирүүлөр уланды.
Коронавирустун эң жогорку көрсөткүчү

Сүрөттүн булагы, RUSLAN PRYANIKOV/AFP
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги бир суткада өлкө боюнча коронавирустун 132 жаңы учуру катталганын билдирди. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.
Апта башынан бери вирус жуктуруп алгандар саны жогорку көрсөткүчтө болуп жатат. Алардын дээрлик жарымынан көбү Бишкек шаарынан чыгууда. Соңку суткадагы вирус жуктуруп алгандардын көбү (48) борбор калаадан катталды. Чүйдө - 38, Ош шаарында - 13, Ош облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда - 11, Нарын облусунда - 6, Талас облусунда - 4 жаңы учур аныкталды.
Бишкекте вирус жуктуруп алган бейтаптардын бири каза тапкан. Өлкө боюнча жалпы жоготуулар 32 болду.
"Кечээ каза болгон 55 жаштагы эркек бейтап Кыргыз-Түрк достук ооруканасына 7-июнда келип түшкөн. Анда эки тараптуу пневмания жана дем алуу жетишсиздиги, ошондой эле бейтапта мурда коштоп жүргөн жүрөк оорусу болгон. Буга чейин ал 25-майда бээнин сүтүн ичүүгө тоого барган. 30-майда анын тене дабы көтөрүлүп, шаарга келип медициналык мекемеге кайрылган. Бардык дарылоо жана реанимациялык шарттар колдонулганына карабастан, бейтап кечээ күнү каза болуп калган" - саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Усенбаев.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталган:
- Бишкек ш. - 7
- Чүй облусунда - 8
- Ош ш. - 3
- Ош облусунда - 1
- Нарын облусунда - 3
- Талас облусунда - 1
- Жалал-Абад облусунда - 1
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 8 медкызматкер айыгып чыккан.
Жалпысынан республика боюнча Covid-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 533 учур катталды. Алардын ичинен 381 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.
Расмийлер жарандарды социалдык аралыкты сактап, бет кап тагынууга үндөп жатат.












