Нурсултан Назарбаевден коронавирус аныкталды

Назарбаев

Сүрөттүн булагы, Alexey Nikolsky/TASS

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус аныкталды. Бул маалыматты анын басма сөз кызматы ырастаган.

"Тынчсызданууга негиз жок, Назарбаев изоляцияда жана аралыктан иштеп жатат",-деген басма сөз кызматы.

Өткөн аптада коронавирус саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртановдон аныкталып, ооруканага жаткырылган эле. Инфекцияны Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Нурлан Нигматулиндин жуктуруп алганы дагы белгилүү болду.

Өзүн изоляцияда кармап жатканы тууралуу өкмөттүн бир нече өкүлү билдирүү тараткан эле. Тагыраагы, премьер-министр Аскар Мамин жана коргоо министри Нурлан Ермекбаев вируска кабылган.

Казакстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 22 708 кишиге жетип, 100 бейтап каза тапкан.

Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өткөн жылы кызматтан кеткен. Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары ишин улантууда. Коопсуздук кеңеш боюнча мыйзамга ылайык, Назарбаев биринчи президент катары жана "Элбашы" статусуна ылайык Кеңешти өмүр бою башкарууга укуктуу.

Назарбаев 1990-жылы апрель айында президент катары кызматка киришкен. Ага чейин ал Казак ССРинин жогорку кызматтарында иштеген эле. (AbA)