"Апаатка алып келген аракетти айыптайбыз". Жапаров Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды тынч чечүүгө үндөдү

Сүрөттүн булагы, official
Президент Садыр Жапаров Жакынкы Чыгышта күчөп жаткан чыңалуу жана анын боордош араб өлкөлөрүнө да тийгизип жаткан терс таасири Кыргызстанды тынчсыздандырып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"Конфликт руханий тазалануунун, кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана өз ара сый-урматтын айында, ыйык Орозо айында болуп жатканы абдан өкүнүчтүү. Биз аймактагы элдер менен бирге, жай турмушта күн кечирген элдин арасында көптөгөн жарандар курман болуп жаткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарынын орду толгус кайгы-муңун тең бөлүшөбүз. Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Жапаров Кыргызстан БУУнун Уставына жана эл аралык укук принциптерине ылайык, аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактай турганын белгилеген.
Ал тараптарды сабырдуулукка, согуш аракеттерин дароо токтотууга жана кырдаалды тынчтык жолу менен гана чечүү үчүн, конструктивдүү диалогго тезирээк кайтып келүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө чакырган.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-мартта Стамбул шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.
"Министр Ж.Кулубаев Жакынкы Чыгыштагы аймакта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирип, дароо ок атышууну токтотууга, тараптарды сабырдуулукка чакырып, жаңжалдарды эл аралык укуктун нормаларына жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына ылайык жалаң гана тынчтык жана дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга чакырды. Ошондой эле мындан аркы туруксуздашууну болтурбоо үчүн эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди" деп айтылган ТИМдин маалыматында.
28-февралда Израил менен АКШнын Иранга каршы биргелешкен чабуулун баштаган. Ак үй операциянын максаты Ирандын өзөктүк жана ракеталык программаларына байланышкан коркунучтун алдын алуу экенин кабарлаган.
Буга жооп иретинде Иран Израилдин аймагына жана АКШнын аскер базалары жайгашкан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сокку уруп жатат.
































