Таалайбек Ибраев: 2030-жылга чейин электр тарифтери жыл сайын жогорулап турат

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди. Ал электр тарифтерин жогорулатуу, кыш мезгилинде киргизилген чектөөлөр тууралуу пикирин айтты. Ошондой эле бозгундагы экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен үзөңгүлөш делген Алексей Ширшов жөнүндөгү суроого жооп берди.
Таалайбек Ибраев: Биздин энергетикалык системада азыр бардык тетиктер, көмөк чордондор жана чубалгылар өз нугунда иштеп жатат. Эч кандай өчүрүүлөр же авариялар жок. Өзүңөр көрүп жаткандай, соңку эки күндөн бери аба ырайы суук болуп жатат. Электр энергиясын колдонуу суткасына 65 миллион киловатт-саатка чейин чыгып, ошол деңгээлде кармалууда. Эл жаз келди, күн жылыды деп ойлоп жатат. Бирок электр энергиясын колдонуу кыш мезгилиндегидей эле 65 миллион киловатт-сааттын тегерегинде болууда.
Би-Би-Си: Буга чейин электр энергиясына болгон тариф жогорулай турганы боюнча маалымат берилген эле?
Таалайбек Ибраев: Өзүңөр билгендей, 2025-жылдан 2030-жылга чейинки тарифтик саясатты бекиткенбиз. Мындайча айтканда, ар жыл сайын 1-майдан тартып тариф көтөрүлүп турат. Жылына болжол менен 20, 25 же 30 тыйынга чейин жогорулатылып, ал 2030-жылга чейин уланат. Ошондо 2030-жылга барганда өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркын толук жаба алабыз. Инфляциядан улам электр тармактарында колдонулуучу тетиктер да кымбаттап жатат. Азыркы учурда электр энергиясы 1 сом 37 тыйындан сатылууда. 1 киловатт-саат электр энергиясынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйын. Башкача айтканда, болжол менен 1 сом 70 тыйындын тегерегинде жетишсиз болуп жатат. Ошону акырындап көтөрүп отуруп, 2030-жылга чейин өздүк наркына жеткирүүнү көздөп жатабыз.
Би-Би-Си: Кышында электр энергиясына чектөөлөр киргизилди эле. Алар качан алынат?
Таалайбек Ибраев: Ал чектөөлөр 12 саатка же 24 саатка киргизилген эмес. Болгону эртең мененки жана кечки убактарга гана коюлган. Тагыраагы, эртең менен саат 7:00дөн 9:00гө чейин, кечинде 18:00дөн 21:00гө чейин киргизилген. Бизде электр энергиясын пайдалануу эрежеси бар. Ал жерде 79-берене каралган. Ошол беренеде эртең мененки жана кечки максимум учурунда абонент өзү жылытуу приборлорун өчүрүп турушу керек деп жазылган. Буйруса, 1-апрелден тартып күн жылыган маалда бул чектөөлөрдү алып салабыз.
Би-Би-Си: Энергетика тармагы тууралуу сөз болгондо сиздин атыңызды Алексей Ширшов менен байланыштырылып келишет. Жакында эле Орусиянын энергетика министри менен жолугушууда делегация курамында ал кишинин болгону да айтылды. Буга эмне дейсиз?
Таалайбек Ибраев: Бул боюнча урматтуу президентибиз Садыр Нуркожоевич "Кабар" маалымат агенттигине толук маалымат берген. Менимче, аны кайрадан кайталоонун кереги жок.































