"Биринчи кытай жарандарына визасыз режим киргизгиле деген талап коюшту. Биз макул эмеспиз"

Сүрөттүн булагы, chinaembassyinkg
Кытай тарап өз жарандары үчүн Кыргызстандын биринчи болуп визасыз режим киргизүүсүн каалайт, бирок кыргыз тарап буга макул эмес. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Казакстан, Өзбекстан, Орусия Кытай менен эки тараптуу визасыз режимдерди киргизген болчу. Бүгүнкү күндө ушундай эле маселе боюнча сүйлөшүп келе жатабыз. Бирок биз тең шарттарда, бир убакытта Кытай да, биз да визасыз режим киргизишибиз керек деген сунушту берип жатабыз. Бирок алар биринчи кытай жарандарына визасыз режим киргизгиле деген талап коюшту. Биз ага макул эмеспиз. Ошондуктан сүйлөшүүлөр созулуп жатат", - деди Алмаз Имангазиев.
Депутат Жумабек Салымбеков министрдин орун басарынан АКШнын визалык чектөөлөрү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жөнүндө да сурады. Имангазиев Кошмо Штаттар менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, маселени чечүү үчүн көп убакыт керек экенин айтты.
Бул арада чиновник эмне себептен казак жарандарына өлкөгө кирүү эрежелери катаалдаштырылганы боюнча түшүндүрмө берди. Алмаз Имангазиев 90/180 режимин алгач Казакстан киргизгенин айтты.
"Биз 2023-жылдан тарта Казакстан менен тиешелүү сүйлөшүү жүргүзүп, 90/180 режимин алып салууну демилгелеп келгенбиз. Тилекке каршы, казак тарап биздин сунуштардан баш тартты. Буга байланыштуу 2025-жылдын аягында биз дагы казак жарандарына ушундай эле режим киргиздик", - деди Имангазиев.
Депутат Жумабек Салымбеков Казакстан менен сүйлөшүп, бул эрежелерди жумшартууга аракет жасоо зарылдынын айтты:
"Себеби Казакстандын Кордай сыяктуу чек арага жакын айылдардын студенттери Кыргызстанга келип окушат. Көп ишкерлер Бишкекте иштешет. Алматыга барып отурбай бул жакка ооруканага келгендер да бар. Алар азыр Кыргызстанга кире албай калышты. Ошондой эле биздин жарандар ишкердик кылуу үчүн аргасыз казак жарандыгын алышкан да. Арасында 90 күндүк чектөөдөн өтүп кетип, кайра чек арадан өтө албай жаткандар бар. Ушул маселени кароого аракет кылуу керек".
Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосунда жарактуу дипломатиялык жана кызматтык расмий паспорт ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу тууралуу мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.































