"Крокус Сити Холго" кол салуу: 15 адам өмүр бою эркинен ажыратылды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Москванын экинчи Батыш округдук аскер соту 147 кишинин өмүрүн алган "Крокус Сити Холлго" кол салууга айыпталгандарга өкүмүн угузду. 15 соттолуучу өмүр бою, дагы төртөө 19 жылдан 22 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышты.
Сот ошондой эле "Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Шамсидин Фаридуни жана Мухаммадсобир Файзов "Ислам мамлекети Вилаят Хорасан"* тобунун мүчөлөрү болгон" деген тергөөнүн ырастоосуна макул болду.
Жабык сот
Террорчулук иши боюнча сот процесси жүргөн алты жарым айдын ичинде орусиялыктар тараптардын көрсөтмөлөрүн угууга, экспертизаларды же документтерди көрүүгө мүмкүнчүлүк алышкан жок, себеби бардык соттук угуулар жабык эшик артында өттү. Ошондуктан басма сөздө жабырлануучулардын адвокаттарынын айткандары жана тергөөнүн расмий билдирүүлөрү гана чыгып келди.
Концерттик залга кол салууда каза тапкандардын так саны ушул кезге чейин белгисиз. Сотто мамлекеттик айыптоо 147 адам өлгөнүн айтса, Тергөө комитети 149 деген санды келтирет, ал эми медиа каражаттары 150 адам каза болгонун жазышууда. Өткөн жылы сентябрда музыкалык продюсер Дмитрий Сараев каза болгон, ал "Крокуста" атышуу болуп жатканда далысына ок тийип, дарылоо курсунан өтүп жүргөн.
2024-жылдын 22-март күнү окуялар мындайча өнүккөн эле: көрүүчүлөр (ошол күнү алты миңден ашык билет сатылган) "Пикник" тобунун концертине келишкен. Кечки саат сегиздер чамасында төрт адам автоунаасы менен "Крокус Экспо" көргөзмө борборунун павильонуна келип, имараттын ичине кирип барып, күзөтчүлөргө жана кире бериштеги адамдарга ок ачып, андан соң концерттик залга кирип, адамдарды туш келди аткылап, отургучтарды өрттөшкөн. Кол салуу 18 мүнөткө созулган: саат 20:15те кол салгандар кылмыш болгон жерден чыгып кетишкен, ушундан кийин имаратты өрт чалган. Курмандыктардын саны боюнча бул кол салуу 2004-жылдагы Бесландагы теракттан кийинки эле Орусиянын жаңы тарыхындагы эң кандуу кол салуулардын бири болуп калды.
Сот Далержон Мирзоевди, Саидакрами Рачабализоданы, Шамсидин Фаридунини жана Мухаммадсобир Файзовду "террордук иш жүргүзүү максатында окуудан өттү, мыйзамсыз курал-жарак сатып алды, террордук уюмдун ишмердигине катышты жана теракт жасады" деп тапты.
Ошол эле учурда алардын өмүр баянында радикалдашуунун ачык белгилери жок: соттолгондордун үчөө үй-бүлөлүү, алар таксиде, заводдо жана курулушта иштечү, ал эми кичүүсү Файзов Иваново облусунда чач тарач болуп иштеп, Тажикстандагы үй-бүлөсүнө акча жөнөтүп турган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Батирин ижарага берген да, автоунаасын саткандар да соттолду
Сот ошондой эле тергөө кылмышкерлердин шериктери деп тапкан дагы 15 адамга өкүм чыгарды. Сот айыптоочу тараптын өтүнүчүн канааттандырып, алардын он бирин өмүр бою, дагы төртөөн 19 жылдан 22 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Айыптоо корутундусунда айыпталуучулар бир нече топко бөлүнгөн. Ингушетиялык эки соттолуучу кадимки бычакты аскердик куралга айландырган деп айыпталды. Дагы бешөө кылмышкерлерге автоматтарды жана ок-дарыларды жеткирүүгө катышкан деп табылды (алар кол салуудан көп өтпөй Дагестанда кармалган). Төртөө акчалай жардам берген, анын ичинде ижарага алынган батир үчүн акча которуп турушкан деп айыпталышты. Тергөөнүн ырасташынча, айрым бир айыпталуучулар байланышты камсыз кылып, акчаны алмаштырууга жардам беришкен (анын ичинде криптовалютаны рублга которушкан).
Бул топтогу айыпталуучулардын айрымдары күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алышты.
Бул 15 кишинин арасында батирдин ээси бар – тергөөчүлөрдүн версиясы боюнча, бул адам соттолуучулар батирди кандай максатта ижарага алып жатканын билген. Ошондой эле кармалгандардын арасында "Крокуска" кол салууга бир нече күн калганда кылмышкерлер качып кеткен "Рено" автоунаасын саткан үй-бүлө да бар: алар автоунаасын жаңылыктардан көрүп калып, түшүндүрмө берүү максатында полицияга өздөрү келишкен, бирок үчөө тең кылмышка шериктеш деп айып менен камакка алынган. Буга кошумча сот өкүмү чыга электе эле айыпталуучулардын баары террорчулардын тизмесине кошулган.
"Крокуска" кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан" тобу өзүнө алган: "Ислам мамлекети"* террордук тобу менен байланышы бар Amaq агенттиги кол салууну "каапырлардан өч алуу актысы" деп атаган.
"Вилаят Хорасан" үчүн бул Орусиянын аймагында биринчи чабуул болду, бирок анын согушкерлери 2022-жылы Орусиянын Кабулдагы элчилигине кол салышкан. "Ислам мамлекетинин" идеологдору Владимир Путинди "исламдын душманы" деп атап, бир катар тарыхый жана саясий дооматтарды коюп келишет. Алар СССРдин Ооганстандагы согушуна катышуусун, Чеченстандагы эки согушту, Орусиянын Сирияда жана Батыш Африкада "Ислам мамлекетине" каршы операцияларын айыпташат.
Кремлдин "Талибан" менен байланыш түзө баштаганы "Ислам мамлекетинин" тарапкерлеринин өзгөчө кыжырын келтирди, себеби алар "Талибанды" негизги душмандарынын бири деп эсептешет.
Баңгизаттар жөнүндө версия
Сот жабык эшик артында өткөнү менен айрым учурларда журналисттерге маалымат берилип турду. Алсак, сот жыйындарынын биринде Шамсидин Фаридуни менен жакын тааныш болгон жашыруун күбөнүн көрсөтмөсү окулган.
Аты аталбаган күбөнүн ырасташынча, Фаридуни менен Түркиядан "куратор" байланышып, Кыргызстандын жараны Алишер Касымовдун телефон номерин жиберген, ал эми Касымов соттолуучуларга Москванын жанында батирди ижарага берген.
Соттун жүрүшүндө Фаридуни күнөөсүн мойнуна алып, бирок ошол кезде эмне кылып жатканын баамдабаганын айтты.
Январда ТАСС агенттиги иш материалдарына таянып, Фаридуни кол салуунун алдында башка кылмышкерлерди башкарып, аракеттерин көзөмөлдөө үчүн аларга жашыруун түрдө баңгизат бергенин кабарлаган.
"Эмне үчүн Фаридунинин гана канында баңгизат табылган эмес? Себеби, ал калган үчөөнүн суу куюлган бөтөлкөсүнө мефедронду кошуп, аны ичирген. Ошондой эле "Крокуска" кол салуунун алдында да баңгизат кошулган сууну берген", - деп айтты агенттиктин сот процессине катышкан булагы.
Бул сотто далилдендиби же жокпу – буга байланыштуу расмий билдирүүлөр боло элек.
"Украинанын изине" тиешелүү версия боюнча да билдирүү чыга элек. 2025-жылдын март айына чейин "украин версиясы" процесстеги документтерде болгон эмес жана аны аткаминерлер гана айтып келишкен, бирок андан кийин бул версия иштин материалдарына формалдуу түрдө кошулган. Медиа каражаттары жазгандай, бул версияга ылайык, соттолуучулар "Украинанын жогорку жетекчилигинин кызыкчылыгында" иш алып барган, ал эми "Ислам мамлекетинин" согушкерлеринин аракеттерин Украинанын атайын кызматтары жетектеп турушкан. Украина жана Батыш өлкөлөрү муну четке кагууда.
Ал тургай бул версияга "Ислам мамлекети" тобу да жооп кайтарган: согушкерлер "күнөөнү Батышка жана Украинага оодаруу менен, Орусия "Ислам мамлекетинин" чабуулун токтото албаганын моюнга алды" деп билдиришкен.
Иштин материалдарында соттолуучулардын биринин сурак протоколдору бар. ТАССтын колуна тийген маалыматка ылайык, соттолуучу мындай деп айткан: "Бизди башка өлкөнүн, башкача айтканда, мусулман дүйнөсүнө эч кандай тиешеси жок Украинанын кызыкчылыгында колдонушканын, алар Орусиянын аймагындагы өзүнүн маселелерин биздин колубуз менен чечишкенин түшүндүм".
Укук коргоочулар бул көрсөтмөлөрдөн күмөн санашууда: шектүүлөр камакка алынгандан кийин биринчи соттук отурумга оор жаракаттар менен жеткирилишкен, алар кыйноого алынганы ошол замат көзгө илинген. Шектүүлөрдүн кыйноого алынганы жана күч органдарынын иш-аракеттери эч качан териштирилген эмес.
*"Ислам мамлекети" жана анын филиалдары Кыргызстанда, Орусияда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө террордук уюм катары таанылган.
Макаланы которгон Зейнеп Мартбек кызы.
































