"Бир имаратта эки мектептин окуучулары билим алууда"

Ош облусунун Ноокат районундагы бир имаратта жайгашкан эки мектептин аталышы жазылган тактайчалар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ош облусунун Ноокат районундагы бир имаратта жайгашкан эки мектептин аталышы жазылган тактайчалар
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Ош облусунун Ноокат районунда бир имараттын ичинде эки мектептин окуучулары билим алууда. Ноокаттагы "Беш-Коргон" орто мектеби авариялык абалда болгондуктан, мындан үч ай мурда анын окуучулары "Кызыл-Тейит" мектебине көчүрүп келинген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда деп корутунду чыгарган "Беш-Коргон" орто мектеби
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда деп корутунду чыгарган "Беш-Коргон" орто мектеби

Авариялык абалдагы "Беш-Коргон" орто мектеби 2007-жылы жергиликтүү тургундар тарабынан ашар жолу менен салынган. Учурда мындагы окуучулар коңшу айылдагы мектепке көчүп барган. Имараттын "Б" блогунда "Кызыл-Тейит" орто мектебинин окуучулары окуйт. Ал эми "А" блогунда "Беш-Коргон" орто мектебинин окуучулары билим алууда.

"Үч нөөмөт менен окуп жатабыз"

"Бизге биринчи жана экинчи кабаттан жалпысынан сегиз кабинет бөлүп беришкен. Ушул сегиз кабинетте азыр үч смен менен окуп жатабыз. Бул жакка былтыркы жылдын декабрь айында көчүп келгенбиз. Бир имараттын ичинде эки мектеп жайгашкандыктан, сыртта ушул мектептин өзүнүн тактайчасы илинип турат. Ал эми ичкериге "Беш-Коргон" орто мектебинин тактайчасын илгенбиз",-дейт "Беш-Коргон" орто мектебинин директору Кундуз Арапова.

"Беш-Коргон" орто мектебинин окуучусу сабак учурунда
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Беш-Коргон" орто мектебинин окуучусу сабак учурунда

Биз барган учурда окуучуларга тамак-аш даярдоо үчүн атайын ылайыкташкан жай жоктугуна күбө болдук. Тепкичтин жанында чакан ашкана бурчу уюштурулуптур.

"Беш-Коргон" орто мектебинин ашкана бурчу
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Беш-Коргон" орто мектебинин ашкана бурчу

Ал эми мугалимдер үчүн усулкана катары терезеси жок мурдагы архив бөлмөсү колдонулуп жатыптыр. Мектеп директорунун айтымында, терезеси жок бөлмө мугалимдер үчүн ыңгайсыз жана күңгүрт. Жарык өчкөн убакта ал жерде сабактарга даярдануу мүмкүн эмес. Азыркы учурда имараттын жарымында билим алып жаткан "Беш-Коргон" орто мектебинде 310 окуучу бар.

"Беш-Коргон" орто мектебиндеги мугалимдер отурган усулкана
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Беш-Коргон" орто мектебиндеги мугалимдер отурган усулкана

"Чоң үмүт менен күтүп жатабыз"

Беш-Коргон айылынын тургундары буга чейин да мектеп маселесин чечип берүүнү өтүнүп, көп жерге кайрылышканын айтууда. Беш-Коргон айылынын тургуну Абдурасул Баатыров чоң үмүт менен жаңы мектептин курулушун күтүп жаткандыгын билдирди.

"Жайында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбай уулу келди. Ал деле сөз берип: "Буйруса, кийинки чакырылыштагы шайлоодон кийин сентябрь айына (мектепти) ачабыз" деген. Андан кийин курулуштан, биз эми анча түшүнбөйт экенбиз, архитектурадан, курулуштан келдим, "сностон" келдим дейт. Бирок Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келип: "Бул болбойт, жоопкерчилиги өтө күчтүү" деп, муну жаап салган. Бул экинчи жолу жабылышы. Биринчи жолу 2016-жылы жабылган. Кийин биз мектептин сыртына тыныке каптап, кичине оңдоп, кайра иштетип алдык. Кайрадан 2025-жылы декабрь айында жаап койду. Анан азыр айыл өкмөткө барып жатабыз. Айыл өкмөт башчы жаш жетекчи экен. Ал деле жакшы иштеп жаткандай. Аракет кылып жатам деди. Эми биз ишенип, үмүт артып отурабыз. Жылдан жылга элдин саны көбөйүп жатат. Биздин айыл интернационал, көп улуттун өкүлдөрү жашайт. Бизге сөзсүз мектеп керек".

Беш-Коргон айылынын тургуну Абдурасул Баатыров
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беш-Коргон айылынын тургуну Абдурасул Баатыров

"Жүрө берсең, көнүп калат окшойсуң. Көчүп кетет, жамап коебуз. Полу тешилет, аны деле жамап коюп, иштеп жүрө бериптирбиз. Анан сасык тумоо күчөп, балдар онлайн окутууга чыгарылды. Ошол учурда катуу жамгыр жаап, информатика классыбыздын шыбы түшүп кетиптир. Мен окуучулар жок мезгилде түшкөнүнө сүйүндүм. Себеби окуучулар бар мезгилде көчсө, кырсык болуп кетмек деп корктум. Ошондон улам мектептин имараты колдонулбасын деп жабылган. Чатыры тешилгендиктен, дагы деле жаандын суусу бул жакка түшүп турат. Шыпка коюлган торсундардын баарын курт жеген. Себеби булар терек. Анан курт жеп, түшүп жатат. Баары колдонууга жарабайт. Кичине эле оорчулук болсо, баары түшүп калат. Эскини эптегиче эсиң кетет деп, аябай эле жүдөдүк",- дейт "Беш-Коргон" орто мектебинин директору Кундуз Арапова.

"Беш-Коргон" орто мектебинин шыбы түшүп калган классы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Беш-Коргон" орто мектебинин шыбы түшүп калган классы

Ноокат районунун акиминин орун басары Нурайым Атаканова учурда аталган мектеп үчүн атайын жер даярдалганын жана жаңы мектеп куруу үчүн каражат изделип жатканын кабарлады.

Ноокат районунун акиминин орун басары Нурайым Атаканова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ноокат районунун акиминин орун басары Нурайым Атаканова

"Мен ал мектепти барып, көрүп келдим. Айыл өкмөт башчыга мектепке тиешелүү жерлерди тактаңыз деп тапшырма бердим. Ал тактаган маалыматка ылайык ашар жолу менен салынган мектептин аянты 40 сотых экен. Анан мектептин жанында үлүш жерлер жөн эле турат деп, жарандар арызданышты эле, ошол үлүш жерлерди ээлеринен алып, трансформация кылдык. Жалпы мектепке тиешелүү бир гектардан ашык жер болуп калды буйруса. Эми Республикалык бюджетке мектептин курулушун киргизүү аракетин көрүп жатабыз. Эми, буйруса, ошол авариялык абалдагы мектептерибизди толук түрдө ушул жылга (бюджетке) киргизгенге аракет кылабыз. Тынымсыз кат жолдоп, тура беребиз. Эми, буйруса, бул - приоритеттүү маселелердин бири. Себеби ошол жердеги эл, көрдүңүздөрбү, зарыгып турат да".

"Беш-Коргон" орто мектебинин арткы тарабы
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Беш-Коргон" орто мектебинин арткы тарабы

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Ноокат району боюнча учурда алты мектеп авариялык абалда. Алардын ордуна жаңы мектептерди куруу үчүн атайын иш кагаздар даярдалып, тиешелүү мекемелерге жиберилгени айтылды. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Рустамбек Советбек уулу Ноокат районундагы капиталдык оңдоого муктаж мектептердин маселесин көтөргөн.