ДССУ кыраакы болууга чакырды, Кыргызстанда коронавирустун жайылышы күчөдү

Сүрөттүн булагы, Akzhol aibashev
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебрейесус карантин чараларын алган өлкөлөргө кайрылып, кыраакы болууга чакырды. Социалдык аралыкты сактоо зарыл деди уюмдун төрагасы.
ДССУ коронавирус пандемиясы "кооптуу жаңы фазага өттү" деп эсептейт. Калк карантинден чарчап, вируска маани бербей калганда инфекциянын тарашы күчөдү. Пандемия тездик менен жайыла баштады деп белгиледи уюм. Бир суткада 150 миң жаңы учур катталган.
Анын жарымы Америкага туура келет. Бирок жаңы учурлар Түштүк Азияда жана Жакынкы Чыгышта дагы көп каттала баштаган. ДССнун программалык аткаруучу директору Майк Райандын айтымында, азыркы абал эпидемиянын экинчи толкун башталды дегенди түшүндүрбөйт. Илдет азыр төмөнкү деңгээлде сакталып турат. Күздө же кыштын этегинде экинчи толкуну капташы мүмкүн деп эскертти.
ДССУ эксперттери Германия, Кытай, Түштүк Корея бийлигинин аракеттерин алкады.
Кыргызстан: эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн

Сүрөттүн булагы, official
Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу керек деди Кыргызстандын пемьер-министри.
"Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Коопсуздук кеңешинин отурумунда белгиленгендей, дагы бир жолу белгилей кетким келет, облус жетекчилери өзүңөргө тийиштүү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилигиңер бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук кеңешинин бардык тапшырмалары, чечимдери сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек. Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнү жүзөгө ашырууга тийиш, бул медициналык мекемелерде бейтаптардын санынын көбөйүшүн эске алуу менен, ошондой эле экономикалык ишмердүүлүктөгү ар кыл багыттардын ишине даярдык көрүлүүгө тийиш",-деди өкмөт башчы Кубатбек Боронов.
"Коомчулук тарабынан бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразылыктар түшүүдө. Эгерде жаран колл-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Колл-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет",-деди премьер.
Ал ортодо Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов коронавирус жугузуп алганы белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын өкүлү Балбак Тулобаев "Фейсбук" баракчасына жазып чыкты.

Сүрөттүн булагы, official
"Калаа башчыбыз оору жуктуруп алды. Анализи кайра текшергенде чыгып калды. Мэрибиздин анализин кайра дагы бир жолу текшеребиз. Маска кийгиле, аралыкты сактагыла, колду жууп тургула",-деп жазды ал.
Кыргызстанда Сovid-19 инфекциясынын жаңы учурлары апта башынан бери жогорку көрсөткүчтө болуп жатат. Бүгүн эң жогорку чегине жетип, өлкө боюнча бир суткада инфекциянын жаңы 192 учур катталды. Анын эң көбү Бишкекте - 94, Чүй облусу - 62, Ош ш. - 16, Ош облусу - 14, Ысык-Көл облусу - 2, Талас облусу - 2, Нарын облусу - 2.
Жалпысы болуп 2981 кишиден Сovid-19 инфекциясы аныкталган.












