Бээжин катаал чараларга барат: коронавирустун жаңы очогу

Сүрөттүн булагы, EPA
Кытай бийлиги Бээжинден чыккан коронавирусту олуттуу коркунуч деп атады. "Бээжин вирусту токтотуу үчүн чечкиндүү жана катаал чараларга барат",-деди өкмөттүн өкүлү.
Вирус чыккан "Синьфади" дүң соода базарына жакын жердеги район тургундары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Базарга барган кишилер бийликке өздөрү кайрылып, маалымат берүүгө милдеттендирилди. Вирус жуктургандар саны көп болбосо дагы бийлик дароо аны таратпай, токтотуп калуунун чарасын көрүүдө. Жыйырма миллион киши жашаган шаарда вирустун жайылышын ооздуктап калбаса, кесепети оор болот деди адистер.
Шаарда массалык түрдө тест алуу уланууда. ДССУ жакынкы күндөрү Кытайга кошумча эксперттик топ жөнөтүп, жаңы катталган учурдун себебин иликтей турганын айтты. Өткөн аптада Бээжинде коронавирустун жаңы очогу катталып, бийлик баш калаадагы компанияларды жана бизнести 14 күндүк карантинге жапкан. Коронавирустун очогу Бээжиндеги дүң соода базары болду. Базардагы ондогон кызматкерден коронавирус аныкталган.
Жаңы коркунуч

Сүрөттүн булагы, EPA
Дүйнөдө 1,7 млрд. кишинин (калктын 22 пайызы) эң кур дегенде бирден илдети бар. Ал оору коронавирус жуккан учурда күчөп кетиши мүмкүн. Мындай иликтөө Lancet журналына жарыяланды. Иликтөөнүн авторлору маалыматтарды 188 өлкөдөн жыйнаганын билдирди.
"Биздин иликтөөбүз вируска туруштук бере албаган катмарды коргоого алууда, чараларды иштеп чыгууда пайдалуу болот деп үмүттөнөбүз",-деди окумуштуу Эндрю Кларк.
Окумуштуулар өнөкөт оорусу же башка илдети бар кишилердин санын гана аташкан. Бирок ушунча киши вирус жукканда оор абалга түшүп калат деп айтууга азырынча негиз жок. Изилдөөнүн авторлору Жер шарынын 4 пайызын (349 млн киши) ооруканада жаткырып дарылоого туура келип калышы мүмкүн дейт.
Ал ортодо коронавирус жуктуруп алгандар саны 8 млн. ашты. Жалпы болуп 430 миң киши каза тапты. Эң көп катталгандар мурдакыдай эле АКШ аймагында - эки миллион чамалуу.
Кыргызстан: сандар өсүүдө

Сүрөттүн булагы, official
Кыргызстанда үч күн катарынан коронавирус жуктургандар саны жогорку көрсөткүчтө болду. Соңку суткада 90 жаңы учур белгилүү болду, деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. Бул ирет дагы эң көп учур (36) борбор калаа Бишкектен катталган. Ош шаарында жети учур, Талас менен Ош облусунда алтыдан, Баткен менен Жалал-Абад облусунда үчтөн учур белгилүү болду.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков дагы "Бишкек шаары бара-бара өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз",-деп эскерткен эле. Бишкек шаарынын бийлиги жайма базарларга убактылуу тыюу салды. Ошондой эле балдар ойногон айрым жайлар жабыла турган болду.(AbA)









