Коронавируска кабылгандардын өмүрүн сактап калууга жол ачылды

doctor with a drug

Сүрөттүн булагы, Getty Images

    • Author, Мишель Робертс
    • Role, Би-Би-Си

Арзан жана жеткиликтүү дары коронавирустун оор түрүнө кабылган бейтаптардын өмүрүн сактайт. Британиянын эксперттери стероид менен дарылоо ыкмасы саналган дексаметазон вирус менен натыйжалуу күрөшкөнүн айтышууда.

Дүйнөдөгү эң ири лабораториялык сыноодо дексаметазон дагы изилденди. Дем алууга жардам берген аппараттарда жаткан бейтаптардын үчтөн бирин дексаметазон менен өмүрүн сактап калышкан.

Эгерде бул дары пандемиянын башында эле колдонулса, Британияда эле беш миң бейтап аман калмак. Ал эми өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн бул абдан жагымдуу кабар. Себеби препарат арзан жана жеткиликтүү.

Учурда вируска кабылган жыйырма кишинин 19у ооруканага жатпай эле вирустан сакайып жатат. Бейтапканага жаткандардын көбү вирусту дем алуу аппараттардын жардамы менен жеңүүдө. Дал ушул бейтаптарга дексаметазон жардам берүүдө.

Реанимация

Сүрөттүн булагы, Yelena Afonina/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Препарат кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткан бейтаптарга жардам берет

Дары иммундук система вирус менен күрөшүп, кыйынчылыкка туш болгондо организмге жардам берет. Оксфорд университети жүргүзгөн сыноодо эки миңге чукул вируска кабылган бейтапка дексаметазон берилген, төрт миң бейтапка берилген эмес. Натыйжада препарат вирус менен мыкты күрөшкөнүн көрсөттү.

"Бул өлүм-житимдин санын кыскарткан жалгыз препарат. Статистика көрсөткөндөй, дарынын жардамы менен өлүм-житим ыктымалдуулугу 12 пайызга кыскарып жатат. Бул чоң ачылыш",-деди изилдөөнүн башчысы, профессор Питер Хорби.

Андан дагы маанилүүсү дексаметазондун бир күндүк курсу алты доллар же болжолу менен 469 сом болот. Бейтаптар бул дары болжолу менен он күн ичкенден кийин сакайып кетишүүдө.

Изилдөөчүлөрдүн бири профессор Ландрэй дүйнөнүн булуң-бурчундагы дарыгерлерди керектүү учурда дексаметазонду колдонууга чакырды. Бирок препаратты үйдөн дарыланып жаткандар колдонбошу керек. Вирустун жеңил түрүнө кабылгадарга дексаметазон жардам бербейт.

Дал ушул изилдөө тобу малярияга каршы гидроксихлорохин дарысын дагы сынап көрүшкөн. Бирок анын эч жардамы жок экени аныкталып, препарат колдонулбай калды.

Андан тышкары изилдөө жүргүзүп жаткан окумуштуулар тобу ремдесивир препараты вируска чалдыккан бейтаптарга тез сакайып кетүүгө жардам берерин аныкташкан. Учурда Британияда ремдесивир кеңири колдонулуп келет. Бул дары берилген бейтаптар бир жарым эсе тез же 11 күндүн ичинде сакайган.

Presentational grey line
Analysis box by Fergus Walsh, health correspondent

Фергуз Уалш

Ден-соолук боюнча кабарчы, анализ

Covid-19 вирусуна кабылган бейтаптардын өлүм-житимин азайта турган биринчи препарат. Андан дагы дарынын абдан арзан экени жагымдуу жаңылык. Демек, дүйнөнүн булуң-бурчундагы вируска кабылгандардын өмүрүн сактап калууга жол ачылды. Дал ушул себептен окумуштуулар клиникалык сыноонун жыйынтыгын тез жарыялоого шашты. Бул ачылыштын дүйнөгө таасири зор болору талашсыз.

Дексаметазон 1960-жылдардан бери ар түрдүү илдеттерге каршы колдонулуп келет. Мисалы, артрит жана астмага каршы берилген стероид.

Дем алууга жардам берген аппараттарды колдонууга аргасыз болгон бейтаптардын жарымы көз жумат. Ошондуктан бул көрсөткүчтү кыскартуу абдан маанилүү кадам эле. Дексаметазонду кан тамыр аркылуу куйса болот же таблетка катары берүүгө мүмкүн.

Буга чейин окумуштуулар ремдесивир препараты коронавируска каршы натыйжалуу күрөшүп жатканын аныкташкан. Бул дарыны ичкен бейтаптар вирустан бир нече күнгө тез сакайган. Бирок дексаметазонго салыштырганда ремдесивир жаңы препарат жана аны табуу оор болушу ыктымал.