Covid-19 вирусуна туруштук берген кишилердин иммундук системасынын сыры

A scientist examines COVID-19 infected cells under a microscope during research for a vaccine

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Covid-19 вирусуна каршы вакцина чыгаруу жарышы дагы деле уланып жатат
    • Author, Зария Горветт
    • Role, BBC Future

Covid-19 вирусу окумуштууларды бир топ түйшөлттү. Биринчиден, вирустан сакайган айрым бейтаптардын иммундук системасы антитулкуларды иштеп чыгып, ал үч айдын ичинде жоголуп кетти.

Андан кийин бул кеңири жайылган көрүнүш экени аныкталды. Демек, вирустан сакайган киши бир нече айдан кийин кайрадан коронавирусту жуктуруп алуу коркунучуна кабылат.

Антитулкулар органимзди вирустан коргой турган иммундук системанын маанилүү бөлүгү. Иммундук система иштеп чыккан антитулкулар чакан белоктор. Алар вируска жабышып, анын күчүн зыянсыздандырат. Коронавируска каршы күрөштө антитулку тууралуу көп сөз айтылды. Бирок антитулку иммундук системанын бир гана бөлүгү. Эми изилдөөчүлөр адамды узак мөөнөткө коргоо үчүн Т-клеткаларга көңүл буруу зарыл экенин айтышууда.

A paramedic holds a blood sample as she poses for a photograph during an antibody testing program

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Организм иштеп чыккан антитулкулар үч айдан кийин жоголуп кетүүдө

Т-клеткалар органимздеги ак кан клеткалардын бири түрү. Алар иммундук системаны башкарат жана организмдеги вируска чалдыккан клеткаларды аныктап, жок кылат.

Окумуштуулар коронавирус пандемиясы баштала элек кезде алынган кан анализдерин изилдешип, кызыктуу жагдайга туш болушту. Мурда алынган кан анализиндеги Т-клеткалар, Covid-19 вирусунун бетиндеги белокторду тез эле аныктап койгон. Ошондо Т-клеткалар вирустун бетиндеги белокторго жабышып, аны тез арада зыянсыздандырган.

Т-клеткалардын үч триллион башка түрү бар. Алар вирустардын ар түрдүү белокторун аныктай алат. Андан дагы маанилүүсү Т-клеткалар бир нече жыл бою канда кала берет. Аны иммундук системанын "эс-тутуму" деп атасак болот.

Соңку изилдөөлөр коронавируска кабылган бейтап Т-клеткаларын иштеп чыкканын далилдешкен. Бирок окумуштууларды таң калтырганы, айрымдарда Covid-19 вирусун жок кылган антитулку табылбаса деле (демек, бул киши вирусту жуктурган эмес), коронавирус менен күрөшкөн Т-клеткалары бар экени аныкталган.

Андан дагы кызыгы, пандемия баштала электе алынган кан анализдериндеги Т-клеткалар Covid-19 вирусу менен натыйжалуу күрөшкөн. Башкача айтканда иммундук системадагы Т-клеткалар Covid-19 вирусун жок кылуу үчүн атайын жаралгандай. Бирок андай мүмкүн эмес. Себеби анализдер жаңы коронавирус аныктала электе алынган эле.

Ошондуктан окумуштуулар жаңы коронавирус мутацияланып, адамга жуга электе эле, айрым кишилердин иммундук системасы ага туруштук бере алган. Окумуштуулардын изилдөөсүнө катышкан кишилердин 40-60 пайызында ушундай Т-клеткалар табылды. Алар коронавируска чалдыккан эмес экенин дагы белгилей кетели.

Демек, Т-клеткалар Covid-19 вирусуна каршы күрөштөгү жашыруун курал болушу ыктымал. Ошондой эле Т-клеткалар эмнеге карыялар вируска чалдыкса оор көтөрөрүн жана эмнеге вирус көк боорду талкалап жатканын түшүндүрүп бериши мүмкүн.

Окумуштуулар Т-клеткаларды изилдөө натыйжалуу вакцина иштеп чыгууга дагы чоң салым кошот деп айтышууда.

Жакшы жана жаман кабар

A scientist in a laboratory working to find a vaccine for Covid-19

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку изилдөөлөр айрым кишилердин иммундук системасы Covid-19 вирусуна туруштук бере аларын аныктады

Т-клеткалар менен Covid-19 тууралуу эмне белгилүү?

"Covid-19 вирусуна чалдыккан бейтаптарды карасак, аны жеңил көтөрүп, үйдөн дарылангандардын анализинен Т-клеткаларды көрсөк болот. Бул абдан жакшы кабар, өзгөчө вакцина иштеп чыгууга умтулган изилдөөчүлөргө жагымдуу жаңылык. Себеби иммундук система Т-клеткаларын жана антитулкуларды иштеп чыгууда",-дейт Королдук колледжинин иммунология боюнча профессору Адриан Хэйдей.

Бирок бул жерде жаман кабар дагы бар. Вирустун оор түрүнө кабылып, ооруканада жаткан бейтаптардын организми иштеп чыккан Т-клеткалар инфекция менен натыйжалуу күрөшө алган эмес.

"Т-клеткалар пайда болуп, мына эми вирус менен күрөшөт делген учурда алар кайра жок болуп кетти",-дейт Хэйдей.

Айрым окумуштуулар Т-клеткалар организмдин эң жабыркаган же өпкөнү көздөй жылып, ошол жерде вирус менен күрөшүп жатканын айтышууда. Бирок соңку изилдөөлөр бул теорияны колдобойт.

"Covid-19 вирусунан көз жумгандарды союп көргөндө, аларда некроз же органдардын чирип кеткени байкалууда",-дейт окумуштуу.

The coronavirus which causes Covid-19 has much in common with the Sars virus, which has been found to trigger the production of T-cells

Transmission electron microscope image shows SARS-CoV-2, also known as novel coronavirus

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Covid-19 мурда жайылган Sars вирусуна окшош

Мындай жагдай өзгөчө көк боор менен лимфа бездеринде байкалууда. Дал ушул органдарда Т-клеткалар жашайт. Ошондуктан окумуштуулар вирустун оор түрүнө кабылган бейтаптардын организми иштеп чыккан Т-клеткалар тез эле өлүп калып жатат деген теория бар. Көк боордун некрозун Т-клеткалардын илдети катары аташат. Мындай учурда иммундук клеткалар өздөрүнө каршы чабуулга өтөт.

"ВИЧ илдетине кабылгандарда дагы дал ушундай көйгөй бар. Бирок ВИЧ инфекциясы Т-клеткаларга чабуул койгон вирус",-дейт Хэйдей. Ал эми Covid-19 вирусу Т-клеткаларга чабуул кое алары тууралуу эч кандай далил жок. Ошондуктан окумуштуулар азырынча бул жагдайды түшүндүрө албай жатышат.

"Эмнеге мындай болуп жатканын билбейбиз. Т-клеткалар көп жылдар бою адамды вирустан коргой алат. Бирок жаңы коронавирустун оор түрүнө кабылса, буттун алдындагы шырдакты тартып салгандай эле, иммундук системанын коргонуу механизми иштебей калып жатат",-дейт Хэйдей.

Анда келечекте эмне болот?

Cells which produce antibodies are seen under a microscope

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Антитулкулар Covid-19 вирусу канчалык жайылганы тууралуу так маалымат берет, бирок ал бизди узак мөөнөткө коргой албайт

Sars вирусуна (2002-жылы жайылган коронавирус) кабылган бейтаптарды бир нече жылдан кийин текшергенде, алардын канынан Т-клеткалар табылган. Ошондуктан окумуштуулар 2015-жылы, 2018-жылы алынган анализдерди текшере баштаган эле. Канда Т-клеткалардын табылганы, иммундук система Covid-19 вирусуна окшош белоктору бар жөнөкөй сасык тумоо менен күрөшүп, коронавирусту дагы жок кылууну үйрөнгөнүн далилдейт.

Ушул жагдайдан улам айрымдар коронавирустан тез эле сакайып, башкалары кыйналып жатышы ыктымал. Андан дагы маанилүүсү Т-клеткалардын терең изилдениши натыйжалуу вакцина иштеп чыгууга колдонулушу ыктымал.

A scientist working on a coronavirus vaccine in a laboratory

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавируска каршы вакцинада Т-клеткалар чоң ролду ойношу мүмкүн

Иммунолог Хэйдейдин айтымында, вакцина иммундук система кандай реакция кылышы керек экенине жараша түзүлөт. Мисалы, айрым вакциналар антитулкуларды иштеп чыгууга түртөт, башкалары Т-клеткаларды иштеп чыгууга жардам берет же иммундук системанын башка коргонуу бөлүктөрүн ойготот.

"Эгерде коронавирустун оор түрүнө кабылган бейтаптарда Т-клеткалар эмне үчүн өлүп калганын аныктай алсак, келечекте Т-клеткалар вирусту көзөмөлгө алууда чоң ролду ойноп калат",-дейт Хэйдей.

Макала алгач BBC Future баракчасында англис тилинде жарыяланган.