Орусия: коронавирус вакцинасы даяр

Сүрөттүн булагы, Dmitry Rogulin/TASS
Орусиянын Коргоо министрлиги жана Гамалея атындагы улуттук изилдөө борбору биргелешип иштеп чыккан коронавируска каршы вакцина даяр болду, деп билдирди коргоо министринин орун басары Руслан Цаликов.
"Сыноонун жыйынтыгы боюнча биздин улуттук изилдөө борборунун адистери жана окумуштуулары акыркы бааларын берди. Сыноого катышкан ыктыярчылардын баары коронавируска иммунитет алып, ооруканадан чыккандан кийин өздөрүн жакшы сезишкен. Жаңы коронавирус инфекциясына каршы атамекендик биринчи вакцина даяр болду",-деген "Аргументы и факты" басылмасына берген интервьюсунда. Ал эмдөөдөн өткөн ыктыярчылар стационардан 15-20-июлда чыгарылганын ырастады.
Бирок Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги вакцина ыктыярчыларга гана сыналганын, азырынча сыноодон гана өтүп жатканын билдирген.
Вакцинаны Орусиянын инвестиция фонду каржылаган. Фонддун жетекчиси Кирилл Дмитриев ушул эле басылмага берген маегинде вакцинаны массалык өндүрүүнү августтан баштоо планы бар экенин билдирген.
Буга чейин Дмитриев вакцинанын экинчи сыноосу 3-августта бүтө турганын кабарлаган болчу. Ал эми үчүнчү баскычтагы сыноо Орусиядан сырткары бир катар өлкөлөрдө жүрөрүн айткан эле. Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы вакцина клиникалык сыноонун соңку баскычында турганын ырастаган.
Мунун алдында Блумберг агенттиги орусиялык миллиардерлер, ири компаниялардын топ-менеджерлери жана аткаминерлер коронавирус вакцинасын апрелде эле алышканын жазып чыккан. Блумберг ырастагандай, орусиялык бизнес жана саясий чөйрөсүндөгү элитанын өкүлдөрү Covid-19 илдетине каршы Гамалея атындагы улуттук изилдөө борборундагы эксперименталдык вакцинадан алдын ала эле эмдөөдөн өтүшкөн. Блумберг жазгандай, орусиялык элитанын өкүлдөрүнө берилген эксперименталдык вакцинанын эмдөөсү мыйзамдуу жана атайын программанын алкагында жүргөн. Бирок аны жашыруун маалымат катары кармашкан. Анткени аны каалагандар саны көбөйүп кетишинен этиятташкан, деп айтып берген басылмага бул окуянын жүрүшүнөн кабары бар киши.
Ал ортодо Оксфорд университети чыгарган коронавируска каршы вакцина коопсуз экени аныкталды жана ал иммундук системаны ойготуп, вируска каршы натыйжалуу күрөшкөнү сыноодон өттү деп айтылды.
Сыноодо вакцина 1077 кишиге берилген, алардын иммунитети коронавирус менен күрөшкөн антитулку менен Т-клеткаларын иштеп чыккан. Бул ачылыш абдан маанилүү болгону менен сыноолор дагы деле уланууда. Кийинки баскычта вакцина кыйла көп ыктыярчыларга берилет. Ага карабастан Британия эмитен эле 100 миллион вакцинага буюртма берди. (AbA)














