Covid-19: жаңы дары ИВЛ керектөөсүн кескин төмөндөтөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Жастин Роулэтт
- Role, BBC News
Коронавирустан айыктыруу үчүн колдонула турган дары клиникалык сыноодон өттү. Жаңы каражат өпкөсүн жасалма дем алдырууга аргасыз болгон бейтаптар санын кескин төмөндөтөт дейт адистер.
Британдык Synairgen биотехнологиялык компаниясы сунуштаган дарылоо ыкмасында адамдын организми вирустук инфекция менен күрөшүүдө иштеп чыга турган интерферон бета белогу колдонулат. Дарылоо учурунда бул белокту атайын ингалятордун (небулайзер) жардамы менен дем алуу аркылуу алат.
Небулайзер бронхиалдык астманы жана бир катар респиратордук ооруларда колдонулуп, анын жардамы менен дары өпкөгө кирет. Организмдин иммундук реакциясын стимулдаштырат.
Изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктары көрсөткөндөй, дарылоо ыкмасы ооруканалардагы оор абалда жаткан бейтаптардын санын 79 пайызга кыскартат. Бейтаптар жакшы болуп кеткенге эки-үч эсе жогорку мүмкүнчүлүк алышат. Интерферон бета муунуп, деми кыстыккан бейтаптар санын кыскартат.
Изилдөө кандай өттү
Изилдөөгө британдык тогуз ооруканадан 101 ыктыярчы катышты. Катышуучулардын жарымы жаңы каражатты кабыл алды, калгандарына плацебо колдонулду. Ыктыярчылардын кимисине эмне берилгенин эч кимиси билбейт эле. Дарылоо бүткөнгө чейин изилдөөгө катышкандар кимге кандай дарылоо сунушталганын билишкен эмес.
Азыркы маалда иликтөөнүн тыянактары тааныла элек. Анткени анын тыянактарын компания илимий журналдарга жарыялаган эмес. Изилдөөнүн толук тыянактары дагы жарыяланган жок.
Бирок изилдөөнү жетектеген Том Уилкинсондун айтымында, эгерде жыйынтыктар бекитилип калчу болсо, жаңы дары кырдаалды өзгөртөт. Изилдөө чоң деле болгон жок. Бирок жыйынтыктары таасирлүү болду, деди ал.
Synairgen компаниясынын аткаруучу директору Ричард Марсден жыйынтыктарды Covid-19 менен кабылган бейтаптарды стационарда дарылоодогу чоң жылыш катары баалады.
Мындан кийинки жагдай кандай болот?
Компания алдыдагы күндөрдө өзүнүн тыянактарын дүйнө жүзү боюнча саламаттыкты сактоо органдарына тааныштырып, дарылоо ыкмасын бекитүү үчүн кандай кошумча маалыматтар керек экенин билмекчи.
Адатта мындай жараян бир нече айды талап кылат. Бирок британ өкмөтү жана башкалар дагы жаңы иштелип чыккан каражатты кабыл алуу үчүн өтө тездик менен иш алып барарын билдирди. Ошондуктан жаңы дарылоо ыкмасы май айында кабыл алынган ремдесивир каражаты сыяктуу чукул арада бекитилиши да мүмкүн.
Эгерде бул дарылоо ыкмасын бекитишсе, дарыны жана небулайзерди көп санда чыгаруу керек болот.
Интерферон бета кандай иштейт?
Интерферон бета - организмдеги вирустан коргонуунун биринчи тилкеси саналып, вирустук чабуулду эскертет. Коронавирус иммундук системаны айланып өтүш үчүн аны иштелип чыгышын басып коюп жаткандай. Жаңы каражатта интерферон бетанын атайын курамы бар жана аны небулайзер аркылуу жеткирет. Өпкөгө түшкөн белоктун дозасы өтө күчтүү вируска каршы реакцияны жаратат. Вирус иммундук системасын алсыратып койгон бейтаптарда дагы реакция күчөйт.

Сүрөттүн булагы, BBC Panorama
Synairgen компаниясынын каражатын сыноодон өткөрүү британ өкмөтү тарабынан түзүлгөн Accord программасынын бир бөлүгү болчу. Программанын негизги максаты Covid-19 илдетине кабылган бейтаптарга жаңы дарыны табууну тездетүү эле. Каражатты иштеп чыккандар инфекциянын баштапкы маалында анын натыйжалуулугу мындан дагы жогору болорун айтууда.
"Бул жыйынтыктарды баалоо мүмкүн эмес. Бизге толук маалыматтар керек жана сыноо токтому дагы өтө маанилүү. Сыноо каттоодон өтүп, ал эми токтому анализденип, кандайдыр бир жыйынтыктарды чыгарганга чейин эле ачык болушу керек",-дейт профессор Стив Гудэйкр.
Глазго университетинин профессору Навид Сатта "изилдөөгө жүздөн ашуун гана киши катышып, анчейин чоң болбогону менен анын тыянактары көңүл бура турган жыйынтык бергенин" белгиледи. (AbA)










