АКШ ремдесивир дарысынын үч айлык дүйнөлүк запасын сатып алганы белгилүү болду

Пачка ремдесивера

Сүрөттүн булагы, Reuters

АКШ ремдесивир каражатынын үч айлык дүйнөлүк запасын сатып алган. Бул дары эболадан айыктыруу үчүн ойлоп табылган антивирустук каражат эсептелет.

Апрелде өткөрүлгөн сыноодон кийин анын түрдүү респиратордук ооруларды дарылоого натыйжалуулугу аныкталган. Окумуштуулар Covid-19 инфекциясына каршы дагы колдонуп көрүүнү сунуштаган. Бирок жыйынтыгында бул каражат оорунун өзүн айыктыра албай турганы, болгону оорудан кийин калыбына келүүгө жардам берери белгилүү болду.

Ошондой болсо деле АКШ коронавируска каршы колдонууга уруксат берди. Дүйнө жүзү боюнча эксперттер АКШнын аракеттерине чочулап турушат. Биринчиден, бул каражатты кеңири колдонуунун кесепети болушу мүмкүн. Экинчиден, АКШ баарын сатып алып, дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө калбай калды. Зарылчылык болуп калса, кантип дарыны табууга болот?

Адистер АКШ сентябрь соңуна чейин эсептелген каражаттын запасынын 90 пайызыны сатып алып койгонун сынга алууда.

Бул дары 2015-жылы эбола вирусуна каршы иштелип чыгарылган. Ремдесивир вирустун көбөйүшүнө бөгөт коюп, бара-бара инфекцияны алсыздандырат.

Бул препарат Африкада эболага каршы колдонулган жана бейтаптын ден-соолугуна зыяны жок экени тастыкталган. Бирок эбола вирусуна каршы күчтүрөк дары пайда болгондо, дарыгерлер ремдесивир препаратын колдонуудан баш тартышкан эле.