Коронавирус: Орусиянын элитасы вакцинаны апрелде эле алганбы?

вакцина

Сүрөттүн булагы, Ministry of Defence of Russia

Орусиялык миллиардерлер, ири компаниялардын топ-менеджерлери жана аткаминерлер коронавирус вакцинасын апрелде эле алышкан, деп ырастайт Блумберг. Ал ортодо Орусиянын Коргоо министрлиги вакцина сыноосуна катышкан ыктыярчыларды ооруканадан чыгарды.

Блумберг ырастагандай, орусиялык бизнес жана саясий чөйрөсүндөгү элитанын өкүлдөрү Covid-19 илдетине каршы Гамалея атындагы улуттук изилдөө борборундагы эксперименталдык вакцинадан алдын ала эле эмдөөдөн өтүшкөн. Агенттиктин маалыматына караганда, бул май айында пандемия секирик жасардын алдында болгон. Басылма ири компаниялардын топ-менеджерлерине жана миллиардерлер менен жакын мамиледеги булактарына шилтеме берген. Ошондой эле Орусия коронавируска каршы вакцина чыгарууга умтулуп жаткан өлкөлөрдүн бири экенин эскерте кеткен.

Блумберг жазгандай, орусиялык элитанын өкүлдөрүнө берилген эксперименталдык вакцинанын эмдөөсү мыйзамдуу жана атайын программанын алкагында жүргөн. Бирок аны жашыруун маалымат катары кармашкан. Анткени аны каалагандар саны көбөйүп кетишинен этиятташкан, деп айтып берген басылмага бул окуянын жүрүшүнөн кабары бар киши.

Катышуучуларды кандай жол менен тандап алышканы түшүнүксүз, деп жазды Блумберг. Анткени кеп бир нече жүз киши жөнүндө жүрүүдө.

Эмдөөгө катышкандардын бири эч кандай дарынын тескери натыйжасы болбогонун Блумбергге айтып берген. Тобокелчил кадамга бардым деген ал. Башкалар эмдөөдөн кийин температура болуп, булчуңдары ооруганын айтышкан.

Николай Гамалея атындагы илимий борбордун директору Александр Гинцбург элитага эмдөө болгону тууралуу маалыматтан кабары жок экенин билдирди.

"Ири же майдасы [бизнесмен] тууралуу дагы эч нерсе билбейм",- деп айтты ал Интерфакс агенттигине.

Вакцина сыноосуна катышып жаткан ыктыярчы

Сүрөттүн булагы, Ministry of Defence of Russia

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Вакцина сыноосуна катышып жаткан ыктыярчы

Өткөн аптада орус расмийлери Николай Гамалея атындагы илимий борбордо иштелип жаткан вакцинаны сыноодон өткөрүүнүн экинчи баскычы 3-августта бүтөт деп билдирген. Үчүнчү баскычы Орусия эле эмес башка өлкөлөрдө дагы, анын ичинде Жакынкы Чыгышта дагы өткөрүлөт. Адатта батыш изилдөөчүлөрү дагы сыноону үч баскычта өткөрүп жүрөт.

Ал ортодо Николай Гамалея атындагы илимий борбор жана Коргоо министрлиги биргелешип иштеп жаткан вакцинанын клиникалык сыноосу өттү. Сыноого катышкан ыктыярчылардын акыркы тобундагы жыйырма киши ооруканадан чыкты. Окумуштуулар ыктыярчыларда керектүү антитулку пайда болгонун айтып жатат. Алдыда дагы бир сыноодон өтүшү керек. (AbA)