“Кремлдин хакерлери” Covid-19 вирусуна каршы вакцинаны уурдап алууга аракеттендиби?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Британия, АКШ жана Канада Орусиянын хакер тобунун чабуулуна кабылганын билдиришти. Кремлге байланышы бар делген топ батыштагы Covid-19 вирусуна каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан лабораторияларга чабуул койгон.
Бейшемби күнү үч мамлекеттин чалгын кызматы расмий маалымат таратып, кибер чабуулдун артында Cozy Bear, APT29 жана Dukes каймана аты менен белгилүү болгон топтор турат деп жар салышты.
Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб бул кадамды "Орусиянын чалгын кызматынын "акылга сыйбаган аракети" деп мүнөздөдү.
"Бүгүн алардын #Covid19 вирусуна каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткандарга кибер чабуул уюштурганын ашкереледик. Алар пандемия менен күрөштөгү дүйнөлүк кызматташууга коркунуч жаратууда",-деди Рааб.
Бул макалада X мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
X посттун аягы
АКШнын чалгын кызматы болсо Орусиянын хакерлери вакцина боюнча маалымат топтоп жатканын билдирди. Бирок кайсыл илимий ишканалар чабуулга кабылганы белгисиз.
Кремль болсо кибер чабуулга Орусиянын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
"Кайсыл хакерлердин тобу фармацевтикалык компанияларга жана изилдөө борборлоруна чабуул койгону боюнча маалыматыбыз жок. Бир гана Орусиянын бул чабуулга тиешеси жок экенин так айта алабыз",-деди Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Ошондой эле Песков Москва "дооматтарды кабыл албайт" деп белгилеп, буга чейин дагы Орусияны негизсиз айыптаган учурлар болгонун кошумчалады.
Британиянын чалгын кызматы кибер чабуулга кабылганын аныктагандан кийин, маалыматты АКШ жана Канадага жөнөткөн. Хакерлер керектүү маалыматты уурдай алдыбы же жокпу дагы белгисиз.
Батыш мамлекеттеринин чалгын кызматтары дал ушул хакерлердин тобу WellMess менен WellMail аттуу вирустарды дүйнөгө таратканын айтууда.
















