"Твиттерди" талкалап кирген хакерлер жүз миңден ашык доллар табышты

Kanye West, Elon Musk, Barack Obama, Bill Gates

Сүрөттүн булагы, Getty Images

АКШда бир катар ири компаниялардын "Твиттердеги" баракчасында окшош мазмундагы билдирүүлөр жарыяланып, анда алдамчылар бир эсепти көрсөтүп, колдонуучулардын криптовалюта менен акча которуусун суранышкан. Которулган акчаны эки эселеп кайра кайтарып берүүнү убада кылышкан.

Натыйжада, Блумбергдин маалыматы боюнча хакерлер алдамчылык жол менен кеминде жүз он миң доллар акча топтой алышты.

Аккаунттары хакердик чабуулга туш болгон компаниялардын арасында Apple ("Эппл") жана Uber ("Убер") бар. Андан тышкары, Tesla жана SpaceX компанияларынын башчысы Илон Маск, Microsoft негиздөөчүсү Билла Гейтс, Amazon компаниясынын башчысы, дүйнөдөгү эң бай адам Джефф Безос, Berkshire Hathaway инвестициялык фондунун кожоюну Уоррен Баффет, рэп-музыкант Канье Уэста, АКШнын мурдакы президенти Барака Обама (2009-2017), мурунку вице-президент Джозеф Байден ж.б бар.

Apple ("Эппл") компаниясынын "Твиттер" баракчасы

Сүрөттүн булагы, Twitter

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, A hacked tweet from Apple's account

Азыркы учурда бул компаниялар менен адамдардын баракчасындагы жалган маалыматтар өчүрүлдү, бирок кээ бир аккаунттарда буга чейинки бүт жазуулар жоголуп кеткени айтылууда.

Америкалык Twitter компаниясы ири компаниялар менен атактуу адамдардын аккаунттардын бузуп кирген фактыны иликтөөгө алып жатат.

«Биз «Твиттердеги» аккаунттардын коопсуздугу менен байланышкан инцидентти билебиз»,-деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө. -Биз иликтөө жүргүзүп, кесепеттерди жоюу аракетин көрүүдөбүз».

Андан кийин социалдык тармакты колдоо кызматы кээ бир колдонуучулардын өздөрүнүн билдирүүлөрүн жарыялай албай жатканын, кээ бирлеринде сыр сөздү калыбына келтирүү мүмкүн болбой жатканын билдирди.

Си-эн-эн телекомпаниясы кыйынчылыктар биринчи кезекте эң көп жазылманы бар колдонуучулардын аккаунтуна тийиштүү экенин белгилеп жатат.