Коомдук сайттар бизнести талкалаганга кудуреттүү

scandal

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кээде кара пиар, хакерлер же атаандаштар белгилүү бренддерге коомдук сайт аркылуу эле зыян кылып коюшу мүмкүн. Коомдук сайттар бизнести кантип талкалай турганын айтып берели.

Хакерлер болобу, ичи чыкпаган кардарлар, балким тескери маанайдагы кишилер болобу, айтор, коомдук сайттар аркылуу сиздин брендге болгон ишеничти дароо эле жокко чыгырып салууга күчү жетет.

"Коомдук сайттар сиздин компанияңыздын репутациясына түздөн-түз коркунуч саналат",-дейт Би-Би-Сиге Lansons компаниясынын консультанты Пит Нотт.

Алгоритмдер аркылуу Facebook, Twitter, Instagram фейктерге каршы күрөштү күчөтүп жатканына карабастан, алар чоң көйгөй бойдон кала берүүдө.

Маселен, май айында британдык Metro Bank каржылык кыйынчылыкка кептелгени тууралуу жалган маалыматтарды четке кагып, ага түзөтүү киргизгенче акциялары 11% төмөндөдү.

Женевада жайгашкан Immuniweb интернет-компаниясынын өкүлү Илья Колоченконун айтымында, мунун кесепети мындан дагы оор болушу мүмкүн.

"Хакерлер эгерде коомдук сайттарга фейк жаңылыктарды жайгаштырууга мүмкүнчүлүк тапса, чоң зыян алып келет",- дейт эксперт.

"Элестеткиле, алар Би-Би-Синин аккаунтун бузуп кирип, Иран өзөктүк бомба таштады дегендей бир жаңылыкты жайгаштырып салды дейли. Натыйжасы [репутация үчүн] уратуучу мүнөздө болот. Өзгөчө башка сайттар бул жаңылыкты көчүрүп тараткан болсо",- дейт Колоченко.

2016-жылы Samsung SDI аккумуляторлорунун базар баасы кескин түшүп кеткен. Буга Tesla негиздөөчүсү Илон Масктын "Твиттер" баракчасына анын компаниясы кийинки электр унаасын чыгарууда Panasonic менен кызматташа турганын жазганы себеп болду.

Эгерде сиздин коомдук сайттагы билдирүүңүз ойлонулуп жазылбаган болсо, ал дагы көйгөй ээрчите келет. Айталы, мындайды америкалык Chase банкы башынан өткөрдү.

Банктын аккаунту менен коомдук сайтка билдирүү жарыяланып, анда эсебинде аз акчасы бар кадрарларына үнөмдөгүлө деп кеңеш берет. Такси кызматынан жана кофе сатып алуудан баш тарткыла деп айткан. Муну интернет колдонуучулар "банк колунда жокторду кемсинтти" деп жазып чыгышты.

Хакеры

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Хакерлер компания кызматкерлеринин жеке баракчаларын аңдып, аларды бутага алышат

Ал тургай белгисиз эле кардар дагы зыян алып келиши мүмкүн. Ырас, эгерде анын жазганын башкалар бөлүшүп кеткен болсо, кесепети бир топ болот.

"Керектөөчүлөр тейлөө кызматтарынан эң эле бат жооп алуунун жолу - коомдук сайттар экенин жакшы түшүнүп калды. Эгерде көңүлдөгүдөй тейлөө болбосо, ызаасын коомдук сайттарга жазып, аны башкалар коштоп, компаниянын дарегине комментарийлер жайнап келет",- дейт FleishmanHillard PR-агенттигинин өкүлү Клэр Тухилл.

"Тескери пикирлер эмнеге байланыштуу айтылган күндө дагы компания чукул реакция жасашы керек",- дейт Тухилл.

Компания кызматкерлеринин жеке өз баракчаларындагы активдүүлүгү дагы тузакка түшүрүүгө ыңгайлуу.

Маселен, киберкылмышкерлер кызматкердин аккаунту аркылуу маалыматтарды жыйнап, компанияга чабуул кылганга аракеттенишет.

"Кишилер өздөрү тууралуу коомдук сайттарда көп маалыматтарды айтышат. Хакерлер айталы, анын лыжа тепкенге кызыга турганын билди дейли. Анын электрондук почтасына Швейцариядагы ижара акысы арзан жайдын ордуна, вирус шилтеме жөнөтүп жиберет",- деп түшүндүрөт киберкоопсуздук боюнча аналитикалык компаниянын өкүлү Ричард Хорн.

Ошондуктан жетекчилик кызматкерлери коомдук сайтты компанияга зыяны тийбегендей колодонушун көзөмөлдөп коюшу керек.

Мисалы, сыр сөздөрдүн маанилүү экенин кулактандырып, киберкоопсуздук тууралуу маалымат берүү зарыл.

Пит Нотт коомдук сайттагы компаниянын жаңылыштыгынын баасы анын репутациясына доо кетирерин белгилейт.

Кээде коомдук сайттар аркылуу жасалган чабуул бүтүндөй ишкананы керектен чыгарып салышы мүмкүн. Мындай окуяга май айында норвегиялык алюминий гиганты Hydro кабылды.

Hydro логотип

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Хакерлер талап кылган сумманы берүүдөн баш тартып, бирок 60 млн доллар чыгымга учурады.

40 өлкөдөгү 22 миң компьютер эки айдан бери оңдолуп жатат. Америкалык аналитик Билл Сигелдин айтымында, көптөгөн компаниялар жашыруун түрдө хакерлер талап кылган акчаны төлөп берген учурлар бар. Бирок алар муну ачык айтышпайт.

"Эгерде талап кылынган каражатты төлгөн болсоңуз, иш жүзүндө глобалдык масштабдагы уюшкан кылмыштуулуктун азыктандырган болосуз",- дейт Hydro IT-эксперти Стивен Уилсон.

Көп учурда хакерлер сыр сөздөрдүн жөнөкөйлүгүнөн пайдаланып кетишет. (AbA)