40 миллион доллар менен кармалган шылуундар

Олалекан Джейкоб Понле

Сүрөттүн булагы, mrwoodbery

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, mrwoodbery каймана ат менен белгилүү болгон Олалекан Жейкоб Понле "Инстаграм" баракчасында байлыгын көрсөтүп, байма-бай мактанып келген

29 жашка жаңы чыккан Олалекан Жейкоб Понле "Инстаграм" баракчасында сары түстөгү кымбат "Ламборгини" унаасын көрсөткөн эле.

"Байлыгың үчүн эч уялба, муну эмгек менен тапкансың",- деп жазган эле ал.

Бул сүрөт жарыяланып, бир ай өткөндөн кийин Нигериянын жараны Олалекан Жейкоб Понле Дубайда камакка алынды. Ал кибер кылмыш жана мыйзамсыз акчаны адалдаштырган деп айыпталууда.

Понле менен бирге 12 африкалык кармалган. Алардын арасында белгилүү Рамон Олорунва Аббас дагы бар. 37 жаштагы миллионер "Инстаграмда" hushpuppi катары белгилүү, коомдук сайтта 2,4 миллион колдоочусу бар.

Полиция тинтүү учурунда 40 млн доллар накталай акча, 6,8 миллион долларга бааланган 13 кымбат унаа, 21 компьютер, 47 смартфон жана эки миллионго чукул кишинин жеке маалыматын тапкан.

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 1
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы, 1

Аббас менен Понле Дубайда камакка алынганы менен алар АКШга экстрадицияланды. Чикагонун соту аларга кибер кылмыш жана жүз миллиондогон доллар мыйзамсыз акчаны адалдаштырган деген айып койду.

Байлыгынын булагын жашыруун кармаган коомдук сайттын жылдыздары жашоо образын эч жашырбай, улам жаңы унаа сатып алганын же көңүл ачууга миңдеген доллар сарптаганын жарыялап келишкен. АКШнын коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, Аббас менен Понле өздөрү билбей туруп полицияга мыйзамсыз байлыгы тууралуу маалымат топтоп беришти.

Hushpuppi

Сүрөттүн булагы, Hushpuppi/Instagram

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камакка алынгандардын арасында Рамон Олорунва Аббас дагы бар. Анын "Инстаграмда" 2,4 миллион колдоочусу бар

Эки шылуун өзүн кошмо штаттарында жайгашкан абройлуу компаниянын кызматкери катары көрсөтүп, миллиондогон долларды өз эсебине которгон.

"Аббас эл аралык кылмыштуу топтун лидерлеринин бири. Ал жеке маалымат уурдап саткандан тышкары мыйзамсыз акчаны адалдаштырып, ар түрдүү схемалар аркылуу элдин акчасын уурдаган",- деп айтылат ФБРдин билдирүүсүндө.

Instagram баракчаны өткөрүп жиберүү, пост, 2
Instagram мазмуну көрсөтүлсүнбү?

Бул макалада Instagram мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Instagram посттун аягы, 2

Америкада жайгашкан Agari изилдөө борборунун айтымында, Аббас менен Понле сыяктуу шылуундар компания кызматкерлеринин электрондук каттарын окуп, ишкана менен ага кызмат көрсөткөн компания тууралуу маалымат топтошот.

"Алар жеке маалыматты окуп, кызмат көрсөткөн компания банк эсебин алмаштырганы боюнча кат жолдошот. Ошондо ишкана билбей туруп кызмат көрсөткөн компаниянын жаңы банк эсебине акча которот. Акча шылуундардын эсебине түшөт",- дейт Agari компаниясынын өкүлү Крэйн Хассолд.

Акчаны өз банк эсебине которгондон кийин кылмышкерлер биткоин сыяктуу криптовалюта сатып алып турушкан. Криптовалютанын изине түшүү абдан татаал болгондуктан, алар көп жылдар бою бул схема аркылуу акча топтоп келишти.

Аббастын торуна бир гана жеке ишкерлер эмес, чоң компаниялар дагы түшкөн. Мисалы, бир компания 14,7 млн. долларын уурдатып, акчанын изи hushpuppi эсебине алып барган.

ФБР Аббастын Google, Apple iCloud жана коомдук сайттагы жашыруун сөзүн алып, териштирүүсүн улантууда. Эмитен эле шылуунда бейтааныш кишилердин банк эсептери, жеке маалыматтары жана электрондук котормолор боюнча информация табылды.

Аббас өзүнүн "Инстаграм" баракчасына курулуш компаниянын жетекчиси экенин жазган. Бирок коопсуздук кызматкерлери ал каражатты алдамчылык аркылуу топтогонун айтууда.

"Нигериянын коому баалуулуктарын кайра карап чыгышы керек. Көптөр байлыкты гана ойлошот, ал акчаны кандай жол менен таап жатканына эч ким көңүл бурбайт",- дейт экономист Эбука Эмебина.

s

Сүрөттүн булагы, mrwoodbery/Instagram

Понле болсо Чикагодо жайгашкан компаниядан алдамчылык аркылуу 15,2 млн. доллар уурдаганы белгилүү болду. Андан тышкары Айова, Канзас, Мичиган, Нью-Йорк жана Калифорния штатындагы компаниялар алдамчылыкка туш болгонун айтышкан. Ал өзүн электрондук каттарда Марк Кейн деп тааныштырган эле.

Имейл-алдамчылык Нигерияда кеңири жайылган көрүнүштүн бири. Бул өлкөдө олтуруп эле көптөр дүйнөнүн башка бурчундагы ишкерге же жөн эле адамга кат жазып, алдап, акчасын которуп алууга умтулат.

ФБР жалпы дүйнө коомчулугун мындай электрондук каттардан этият болууга чакырууда. Ал эми Аббас менен Понле күнөөлүү деп табылса, жыйырма жылга абакка кесилет.