Британиялык тажрыйба: бөлмөдөн чыкпай туруп, миллионерге айланса болобу?

Ким миллионер болгусу келбейт? Ар бирибиз кайсыл бир учурда кантип көбүрөк акча тапсам болот деген суроону өзүбүзгө жолдосок керек.
Албетте, акча турмуштагы эң маанилүү нерсе эмес. Бирок, ага карабастан көптөр мыкты бизнес идеяларды ойлоп, миллиондорду топтоп жатканын элестетет.
Миллионер болуу оңой дейсиңби, өзгөчө жаш мезгилде чоң акча табуу колдон келиши кыйын. Би-Би-Си жашына карабай, бөлмөсүнөн чыкпай туруп миллионер болгондорду кепке тартты.
Биткойн миллионери
Эрика Стэнфорд, 30 жашта.
Мен акчаны туура колдоном деп айта албайм. Көп учурда карыз алып, айдын аягына чейин жеткен. Бирок, мен жаңы нерселерге көп кызыгам. Дал ушул тарабыман улам криптовалюта тууралуу окуп, аны изилдедим.
2009-жылы биринчи жолу биткойн тууралуу радио берүүдөн уктум. Интернет жана телефон болсо эле, бул акча бирдигин колдонсо болот. Ал күнү мен биткойн тууралуу атама айтып, досторум менен дагы талкуулагам.
Өткөн жылы маркетинг тармагындагы ишимден тажап, блокчейн (криптовалюта сакталган маалымат базасы) тууралуу окуй баштадым. Буга чейин жакын досум Жон биткойн соодасына аралашканын айткан болчу.
Көрсө блокчейндин жардамы менен баалуу таштар кайсы жерде өндүрүлгөнүн, уурдалган байыркы буюмдар каякта сатылганын билип алса болот экен. Абдан кызыктуу болду. Бул технологияны күнүмдүк турмушта колдонсо болот экен.

Мен 200 фунтка ($263) биткойн жана башка криптовалюталарды сатып алдым. Эң арзан делген криптовалюталарды сатып алуу үчүн кредиттик картамды колдондум. Эки миң фунтка карызга баттым.
Бир нече айдан кийин 30 миң фунт киреше алдым. Карыздардан кутулуп, калган акчаны банк эсебиме салып койдум. Так ошондо, иштен кетип эле криптовалюта менен алектенсем болот экен деп ойлоп койгом.
2017-жылдын сентябрь айында арызымды жазып, иштен кеттим. Андан кийин жалаң криптовалюта менен алектене баштадым. Иштен кетип жатканда, көп кесиптештерим мага туура эмес кылып жатканымды айтышты. Мен дагы коркуп кетип, иште кала берсемби деген ойлор дагы болду.
Кызыгы, жетекчим башка бирөөнү ишке албай, мени кайтып келет деп күтүптүр. Бирок муну укканда, менин намысыма тийди. Катуу иштедим.
Биткойндор тууралуу көп терс маалымат чыккандыктан, жакындарым дагы сарсаана боло башташты. Бир күнү атам чакырып, "сен көчөдө каласың" деген мааниде сөз кылды.
Албетте, башында көп ката кетирдим. Бир жолу жаңы пайда болгон криптовалютаны сатып алып, беш миң фунт ($6,560) тапкам. Бирок менин кадамыма кооптонушуп, электрондук капчыгым текшерүүгө алынды. Андагы акчаларымды чыгара албай калдым. Каражаттын баарын жоготтум. Дал ошондо мурдагы жетекчимдин "мен сага айтпадым беле" деп сүйлөгөнүн элестетип, өзүмдү өтө жаман сездим.
Криптовалюта менен соода кылганда, акчаны жоготуп алуу абдан оңой. Эгерде кайсы бир жаңы криптовалютанын баасы тез өсүп кетсе, ал ошондой эле ылдамдык менен баасын жоготушу ыктымал. Мен аны түшүнгөндөн кийин криптовалюта базарын, ага тиешелүү мыйзамдарды жана келечеги бар долбоорлорду көп изилдедим.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 1
Электрондук капчыктагы акча тез көбөйгөнүнө күбө болуп, дендароо абалына батканымды эч качан унутпайм. Жумуштан бошоп кеткениме бир нече ай өткөндөн кийин эле миллионер болуп калдым.
Электрондук капчыгымдагы акчаны чыгарамбы же аны кайра инвестиция кыламбы деген суроолор пайда болду. Мен анын көбүн чыгарып, калганын инвестиция кылдым. Бирок ага карабастан бул каражат оюндагы акчадай сезилди. Чын эле акча экенине көпкө чейин ишенбей жүрдүм.
Криптовалютадагы соода туруктуу болбогондуктан, тапкан акчамды көп деле короткон жокмун. Акчам бар экенин жакындарыма дагы айтпай коёюн деп чечтим.
Турмушум көп деле өзгөргөн жок. Бир гана эс алууга каалаган жериме барууга мүмкүнчүлүк алдым. Таиландга эс алууга баруу үчүн биткойн менен төлөгөндө, өзүмдү өзгөчө сезем.
Андан тышкары, өзүмө-өзүм жетекчи болгонум жагат.
Иштен кеткенден кийин Жон экөөбүз (криптовалюта тууралуу мага айтып, багыт берген адам), канча акча тапканыбызды санап чыктык. Биз 20 миллион фунт ($26.2 миллион доллар) топтоптурбуз.
Жакындарым жана айрым учурда чоң компаниялар дагы акчасын берип, криптовалюта базарында инвестиция кылып берчи деп суранышат. Бирок башка бирөөнүн акчасын алуудан корком. Себеби базар туруктуу эмес. Жоопкерчиликти алгым келбейт.
Албетте, кеңеш берүүгө даярмын. Чоң лекцияларды дагы окуп жүрөм. Мага "крипто-лэди" деген каймана ат дагы беришти. Каймана атым мага жагат.
Эмерек ханзадалары
Монти Жорж менен Дэн Блекс, 21 жашта.
Монти: Монти: Мен бизнеске жаш кезимден бери жакын болчумун. 12 жашымда эле ата-энем берген акчага суши жасаган жабдык же компьютер үчүн лампаларды алып, eBay сайтында кайра сатып, акчамды көбөйтүп алчумун. 15 жашымда Кытайдан мотоциклдарды сатып алып, аны интернетте саткам. Бирок алар бузулуп калган болсо, мотоциклды оңдой албайт экенмин деген ой менен бул ишти токтоттум.
Эмдиги ишимди баштаардан мурун көп изилдедим. Дал ошол учурда интернеттеги эмерек соодасы тез өсүп жатканын байкадым. Кытайдан эки контейнерге толгон стол менен стул сатып алдым. Аларды дароо саттым.
Чынында, мен таң калгам. Жолум бар экен деп сүйүндүм. Тапкан акчамды кайрадан ишке салдым. Жаңы эмеректерди Кытайдан сатып алдым. Окуу жыл бүткөндө жакын досум, Дэнди дагы ишке тарттым.
Үч жыл мурун, мектепти аяктап жатканда, биздин соодабыздын көлөмү бир миллион фунттан ($1.3) ашканын майрамдадык. Ата-энем мени колдоду. Алардын кеңеши жана жардамы мага түрткү болду.
Албетте, каталар дагы кетти. 2014-жылы салык кызматынан кат келди. Мен салык төлөшүм керек экенин эске албай эле жүрүптүрмүн. Аны төлөө үчүн көп нерсени саттым. Өзүмдү келесоодой сезгем. Бирок ага карабастан токтогон жокмун.

Үйдө отуруп алып эле компания ачтым. Ата-энемдин сарайын кампа катары колдондум.
Бүгүн тапкан акчамдын баарын кайра бизнеске салам. Жөнөкөй тургун катары жашайм. Дэн экөөбүз Бристол шаарында эки бөлмөлүү үйдү ижарага алганбыз. Көп убакыт ишке кеткендиктен, акчаны коротууга деле убакыт жок.
Күн сайын таңкы саат алтыда турам. Кытайдагы өнөктөштөр менен байланышам. Андан кийин эмеректер туура кардарларга жеткирилип жатканын көзөмөлдөйм.
Өткөн жылы абдан кымбат унаа сатып алгам. Бирок бир жылдан кийин аны кайра саттым. Мага кымбат унаанын кереги деле жок экен. Мунайды аз ичкен унаа алгым келди.
Өзүмдү бай адам катары сезбейм. Бирок катуу иштегенимди үлгү катары каралсын деп кыялданам. Жашы улгайган адамдардан жаштар жалкоо болуп калды деген ойду көп угам. Мен өзүмдүн ишим менен жагдай андай эмес экенин көрсөткүм келет.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 2
Дэн: Ишти баштап жатканда тажрыйбам жок болгонун эстеп таң калам. Азыр мен чоң компаниянын жетекчисимин. Жылына 1.6 миллион фунтту ($2.1 миллион) айлантып турам.
Монти менен 13 жашымда таанышкам. Андан бери жакын дос болуп, биртууган болуп калдык. Мектепти бүтүп жатканда университетке өтүп, экономика жана менеджментти окусамбы деген ой бар болчу. Бирок Монти Furniture Box деген компанияны бутуна тургузууга жардам сурап калды. Досума жок деп айта албадым.
Мен университеттеги ордумду бир жыл сактап турууга өтүндүм. Алар макул болушту. Бир жылдан кийин окуйм деп жаткам. Бирок бизнес тез өскөндүктөн, окубай эле ишти улантайын деп чечкем.
Жакындарыбыз жана ата-энебиз туура кеңештерди беришти. Акчаны жакшы таап жатканда, көөп кетбегиле деп жатышты.
Биз төрт кишини ишке алдык, бирок аларды өзүбүз көзөмөлдөп турабыз.
Ооба, биз жаш миллионербиз. Бирок ага жетүү үчүн көп нерседен кур калдык. Университеттен баш тартуу мага абдан оор болду. Жылына 365 күн иштейбиз. Дем алышта дагы иштейбиз. Сүйлөшүп жүргөн кызымды айрым учурда айына бир эле жолу көрөм. Чогуу киного барууга дагы убакыт жок.
Бир жолу Жаңы жылда досторубуздун баары клубга барып көңүл ачышты. Монти экөөбүз кампада жаңы келген эмеректерди текшерип отурдук.
Көп иштегенибизге карабастан өзүмдү бактылуу сезем. Себеби мен өзүмө жетекчимин. Кан досум менен бизнес кылам. Чынында бактылуу адаммын.
"Фейсбуктагы" курстар
Лора Роедер, 34 жашта.
Мага коомдук тармактарда иштеп, миллионер болосуң деп айтышса, жакшы тамаша экен деп каткырып күлмөкмүн. 12 жашымда компьютерге кызыгып, сайт жасаганды өздөштүргөм. Биринчилерден болуп "Фейсбукту" колдоно баштагам. Бирок бул тармакта акча тапса болоорун ойлогон дагы эмесмин.
2007-жылы, 22 жашымда графикалык дизайнер болуп иштеп калдым. Дал ошол убакытта "Фейсбук" менен "Твиттер" дүйнөгө тарай баштаган.
Мага интернет сайтты жасап берүүнү өтүнүшкөндө, кардарларды кантип тартып келсе болоорун дагы айтып берчүмүн. Сайт жасагандардын баары ошентет деп ойлогом. Кардарларым "сен лекция окушусуң керек, ал аркылуу көп акча табасың" деп айтышты.

Аудиториянын алдында сүйлөгөндү жактырчумун. Кардарларымдын кеңешин угуп, бөлмөмдө коомдук тармактардагы маркетинг тууралуу видео сабак тарттым.
Интернет аркылуу лекцияларды дагы окудум. Негизинен кардар издеген компаниялар "Фейсбук" менен"Твиттерге" кандай жарнамаларды даярдашы керек экени тууралуу кеңеш бердим. Интернеттеги сабактарым үчүн 35 фунттан ($46) 175 фунтка ($230) чейин алчумун.
Сабактарым кымбат болгонуна карабастан көптөр сатып алганына абдан кубангам. Биринчи жылы жүз миң фунттан ашуун ($131 миң) киреше таптым.
2013-жылы курстарым аркылуу тапкан акчаны, болжолу менен 150 миң фунтту ($197 миң) компьютердик программаны иштеп чыгуу үчүн колдондум. Программаны Meet Edgar (Эдгар менен таанышыңыз) деп атадым. Бул программа аркылуу чакан компаниялар коомдук тармактарда кардарлары менен баарлаша алат. Маркетингди оңой кылып бердик.
Бул макалада Google YouTube мазмуну бар. Алар кукилерди ж.б. технологияларды колдонушу мүмкүн. Ошондуктан жүктөөрдөн мурда сизден уруксат суралат.
YouTube посттун аягы, 3
Башында үч кишини ишке алгам. Эми 25 кызматкерим бар. Алардын баары үйүндө же дүйнөнүн башка бурчундагы чайканада отуруп алып иштейт. Менде офис жок.
Биринчи жылы бир миллион фунт ($1.3 миллион) киреше алдым. Бирок каражаттын баарын кайрадан бизнести өнүктүрүү үчүн жумшадым.
Өткөн жылы 3.8 миллион фунт ($5 миллион) таптым.
Бөлмөңдө отуруп бизнес баштаганда көп кыйынчылыктарга дуушар болосуң. Айрым учурда "үйдөн чыгышың" керек деп өзүмдү урушуп, башка кишилер менен баарлашуу дагы маанилүү экенин өзүмө эскертип турам.
Ийгиликке коомдук тармактар аркылуу жеткениме ишенбей кетем. Эң негизгиси, чоң компаниядагы атаандаштыктан көрө өзүм каалаган иш менен алек болуп жатканыма сүйүнөм. Бул ийгиликтин көрсөткүчү деген пикирдемин.
*












