Криптовалюта деген эмне? Криптовалюта келечектин акчасыбы?
- Author, Эрмек Максутова
- Role, Би-Би-Си Кыргыз Кызматы
Криптовалюта деген эмне? Криптовалюта келечектин акчасыбы?
Бул - криптовалюта жөнүндө жалпы түшүнүк берген макала.

Бүгүнкү күндө криптовалюта дүйнөнү дүркүрөткөн монетардык көрүнүшкө айланууда.
Бирок ал эмне экенин бардык эле финансы компаниялары же экономисттер толук биле бербейт. Карапайым калкты айтпай эле коёлу.
Банктар, бухгалтерия жана аудит уюмдары, өкмөттөр, компьютердик фирмалар криптовалюта эмне экенин 2016-жылдан тартып катуу изилдей башташты.

Аны изилдөө - байлык катылган, терең жана карангы үңкүргө киргендей сезилент.
Криптовалютаны тушүнүү:
· Криптовалюта деген эмне?
· Криптовалюта эмне үчүн маанилүү?
Жөнөкөй сөз менен түшүндүргөндө, криптовалюта бул - атайын алгоритм жана компьютердик код менен иштеген төлөмдөр ыкмасы.
Учурда Биткойн - эң популярдуу криптовалюта.
Биткойн- алгачкы жана учурдагы эң маанилүү криптовалюта болуп эсептелет. Тастыкталбаган маалыматтар боюнча Биткойн аттуу криптовалютаны Сатоши Накамото деген киши чыгарган. Сатоши атайын криптовалюта жасоону көздөбөй эле, санариптик акча системасын жасаганын айткан. Ал санарип акча системасын бир дагы уюм же өкмөт көзөмөлдөбөйт, демек криптовалютага эч ким өзү каалаган баасын коё албайт. Мисалы, кагаз акчаны көрсөтүп жана санап бермейинче, эч нерсе сатып алууга болбойт. Банк эсебинде турган акча да ошол сыяктуу колдонулат.
Ал эми криптовалюта башкача колдонулат. Аны санарип мейкиндигинде гана колдонсо болот. Аны кагаз же тыйын кылып, акчалай чыгарып алуу мүмкүн эмес. Бирок, биткойн тыйындарын чыгарган автоматтар бар.
Революция жасаган криптоакча:
Би-Би-Синин маалыматына ылайык, Биткойн - бир дагы уюм, банк же бир дагы өлкөнүн өкмөтү тарабынан көзөмөлдөнбөйт.
Көп криптовалюталардын санына чектөө койулган. Мисалы, кээ бир эксперттер Биткойндун саны 2140-жылы түгөнөт десе, айрымдар 2022-жылы түгөнөт деп эсептейт. Ар бир криптовалютанын чыгарылышы - анын крипто коду менен байланган болот.
Криптовалюта - жаңы экономиканын башталышыбы:
Криптовалюта жалгыз эле финансы тармагында эмес, технология жаатында да революция жасады. Батышта криптовалютаны санариптик алтын катары санашат. Бирок ал накта алтындан да артык, себеби аны бир дагы өкмөт, банк же жеке киши көзөмөлдөбөйт. Анын баалуулугу убакытка жараша өйдө төмөн болуп турат дагы, келечектеги финансы кандай болоорунан кабар берип турат.
Криптовалютанын бир жаман жери, аны айрым колдонуучулар тымызын кармайт, демек көмүскө базарда курал-жарак, дары дармек сыяктуу тыйюу салынган нерселерди сатып алууну жеңилдетет.
Криптовалюта жалгыз гана төлөмдөргө колдонулбастан, криптовалюта тармагын инвесторлор спекуляцияларында колдонот. Дүйнөлүк биржалар криптовалютаны түшүнүүгө умтулганы менен, анын баасы эмне себебтен тез өсүп жана тез түшүп жатканын эчким алигиче түшүндүрмө бере элек.
Биткойндон сырткары башка криптовалюталар.
(Маалымат Сoinmarketcap журналынан алынган)
Биткойн
Биткойн - крипловалютадалардын арасындагы эң күчтүү валюта. Эксперттер Биткойнду санариптик алтын деп санашат, себеби дүйнө жүзү боюнча интернет аркылуу биткойн менен төлөсө болот. Анын бир кемчилиги - көмүскө базарда аны менен мыйзамга каршы келген нерселерди сатып алса болот.
Биткойн 9 жыл мурун пайда болгондон бери анын баасы нөлдөн 650 чыккан. Ошондон бери күнүнө 200 миң биткойн сатылып, алынып жатып, өткөн жылдын декабрь айында бир биткойндун баасы 20 миң долларга чыкты. (Булак: BBC)
Эфириум
Экинчи оорунда - крипто-гений атка конгон Виталик Бутерин деген киши чыгарган Эфириум деген валюта турат.
Риппл
Риппл криптовалютасы - электрондук контракт жана трансакцияларды сактаган система катары колдонулат.
Лайткойн
Лайткойн - Биткойндон кийинки "күмүш" валютасы. Анын алгоритми жөнөкөй, токендери (тыйындары) Биткойндой болуп бир кездерде түгөнүп калбайт. Лайткойндун гениалдуу жагы - ал так эле биткойндой болгону менен, аны колдонуу - кыйла оңой. Ушуга окшош Дожкойн жана Фезеркойн да бар.
Монеро
Монеро - абдан татаал алгоритм менен иштейт, себеби ал кардарлардын жеке маалыматын бекем код менен коргойт.
Келечекте криптовалютанын оорду кандай болот?
Криптовалюта рыногу ээ жай бербей, тез өсүүдө. Күн алыс сайын жаңы криптовалюта жаралып, эскиси рыноктон кетүүдө. Ар бир жаңы криптовалюта рынокко чоң ийгилик жаратуу убадасы менен чыгат. Аны арзан кезинде сатып алгандар тез арада байыйт. Ал эми инвесторлор болсо тез арада байыйт же бир түндө бүт акчасынан айрылат. Айрым онлайн валюталары бир нече айга жетпей өчүп калат. Айрымдары Биткойндой болуп, феноменге айланат. Кандай болгон күнү да, криптовалюта - финансы жана технология тармактарына ири өзгөрүүлөрдү алып келүүдө.











