Cмартфонго байланып калгансызбы? Apple менен Google жардам бергиси келет

iOS жана Android жаңы версиясы бизди коомдук сайттарга - "Инстаграм", Фейсбук" жана "Твиттерге" азыраак кирүүгө жардам берет. Эгерде сиздин коомдук сайттардан башыңыз чыкпай, убактыңыздын көбү ошол жакта өтүп жаткан болсо, бул сизге пайдалуу.

Мобильный телефон Google

Бирок азырынча жаңы программалар бардык эле колдонуучуларга жете элек. Телефонду чектеп колдонууга аргасыз кылган мобилдик операциялык система тууралуу айтып берели.

Apple программасы кандай?

4-июндагы Калифорнияда өткөн конференцияда Apple компаниясы iPhone жана iPad үчүн iOS 12 деп аталган жаңы операциялык системасы менен тааныштырды.

Мындагы жаңычылдык - керелден кечке кол телефонун телмире тиктеп, коомдук сайттарга байланып калгандарды оолактатуу.

Функциялардын бири Screen Time деп аталат. Бул телефондо жайгашкан өзүнчө шилтеме. Ал аркылуу убактыңызды эмнеге сарптап жатканыңызды көрөсүз.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Функциялардын бири Screen Time деп аталат. Бул телефондо жайгашкан өзүнчө шилтеме. Ал аркылуу убактыңызды эмнеге сарптап жатканыңызды көрөсүз.

Функциялардын бири Screen Time деп аталат. Бул телефондо жайгашкан өзүнчө шилтеме. Ал аркылуу убактыңызды эмнеге сарптап жатканыңызды көрөсүз.

Статистика аркылуу бир күндө ар кандай мобилдик оюндарды канча ойногонуңуз, коомдук сайтта, мессенжер кызматында канча отурганыңызды эсептеп аласыз. Андан кийинки жыйынтык өзүңүздө. Бир күндө сааттап мобилдик оюндарды ойноп, андан кийин "Инстаграм", Фейсбук" жана "Твиттерге" убактыңызды берген болсоңуз, калганына өзүңүз баа бере бериңиз.

Screen Time ар кандай эле шилтемелерди чеги менен колдонууга жардам берет. Кайсыл бир шилтемеге кирип алып кечке олтурсаңыз, телефонуңузга "убактыңыз бүттү" деген билдирүү келет.

Дагы бир өзгөчөлүгү Screen Time - ата-энелер үчүн дагы өтө пайдалуу. Балдар телефонду чеги менен колдонуусун көзөмөлдөй аласыз.

Google программасы кандай?

Жумушчу аталышы "P" деген Android үчүн операциялык жаңы система май айынын башында көрсөтүлгөн. Apple сыяктуу эле бул жерде дагы негизги басым колдонуучуну Google платформасында колуна телефон кармап убакыт өткөрүүдөн алаксытуу.

Жаңы Dashboard шилтемеси Screen Time сыяктуу эле. Бул жерде дагы сиз убактыңызды эмнеге жумшап жатканыңыз анализденет.

Wind Down функциясы колуңузга телефон кармап чукулап жатканда, бат уктап калууга жардам берет. Түн киргенде ал экрандагы гаммасын көзү эс алдырып, тынчтандыра тургандай өзгөртөт. Андан кийин ак-кара гана түскө өтүп калат. (AbA)