Блог: “Фейсбукка” байландым да калдым

Азамат Баатай
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Азамат Баатай

Жумуштан кичине бошоорум менен эле шашып ушуп чөнтөк телефондон «Фейсбукту» ачып, виртуалдык дүйнөдө эмне болуп жатты экен деп карап баштадым.

Акыркы жанылыктарга, достордун статус, сүрөт жана комментарийлерине бир көз чаптырдым. Ага кеминде эле 6-7 мүнөттөй короттум. Өзүмдү психологиялык жактан эс алып калгандай сездим. Көрсө...

Кечинде үйгө келип, өзүмө өзүм суроо берип, кыскача анализ жүргүзүп көрдүм. Көрсө мындай аракетти акыркы 3-4 айдан бери күн сайын кайталып жатыптырмын. Жок эле дегенде күнүнө 2-3 саат ошол “Фейсбукта” убакыт коротмой. Бул жаңы маалыматтык коомдун оорусубу же көнүмүш адатка айланып бара жатабы, айтор, так аныктама берүү кыйын.

Мындай көрүнүштү жанымдагы мен курактуу муундун көбүнөн эле байкап келем. Мисалы молдовалык кошунам "Одноклассники" аттуу социалдык тармакта кечинде кеминде эле үч саат отурат. Ал эми Кыргызстандын шаарларын тим эле коёюн, ар бир айыл кыштагында уюлдук телефонун тиктеп, «агенттен» башы чыкпай калгандар канча? Кайсы гана социалдык тармак болбосун анын өзгөчө деле айырмасы жок. Болгону келбети жана өңү башка болгону менен маани-манызы бипбирдей.

Мен “Фейсбукка” күнүнө 2-3 саат коротсом, ошол эле түйүндөгү мен реалдуу жашоодо тааныбаган кээ бир досторум керээлди кечке отурганын байкайм. Бул деле социалдык тармактарга канчалык деңгээлде байланып калганыбыздын көрсөткүчү болсо керек. Бирөөбүз пассивдүү, кээ бирөөбүз болсо өтө эле активдүүбүз.

Маалыматтык доордо коомдун мындай виртуалдык жашоого агылып, жандуу коммуникациянын алсырап баратышы жакынкы келечекте сөзсүз көйгөй жаратат. Албетте, байланыш үчүн социалдык түйүндөр керек, бирок чегинен өтүп кетпесек эле болду.

Кечээ эле ошол эле «Фейсбуктагы» бир досум "жаңы эле польшалык Януш Вишневскийдин "Түйүндөгү жалгыздык" деген китебин окуп бутуп, абдан таасирлендим",-деп кеп кылды. Кыязы, интернетке, социалдык тармактарга байлангандар, ал чыгармадан ар ким өзүн көрө алат окшойт. Мен дагы ал китепти окуп коёюн деп эле эч чолом тийбей койду.

Тыюу салынган мөмө таттуу болот

Айтмакчы, Кытайда "Фейсбукту" колдонууга тыюу салынганын билебиз. Учурда менин тааныш кытайлык коллегаларым да чет өлкөгө чыкканда социалдык түйүндөр менен ооруп калышаарын байкадым. Ал эми өз мекенине кайтышканда тыюуга карабастан, жолун таап, Кытайдын ичинен да «Фейсбукту» колдонуп жатышат.

P.S. Бул блогду жазып жатканда да, жазып бүтөөрүм менен баягы эле «Фейсбукту» ачып дагы эмне болуп кетти деп карап жаттым...

Азамат Баатай, Дубай шаары

kyrgyz@bbc.co.uk