Вакцина үчүн жарыш: формуланы ким биринчи табат жана кантип бөлүштүрүлөт?

жер шарына укол сайылганы тарытлган сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму бир катар европалык лидерлердин колдоосуна таянып, коронавирус вакцинасы иштелип чыкса, аны адилеттүү бөлүштүрүү керек деген позицияда турат.

Айрым өлкөлөр миллиарддаган доллар сарптап, өз жарандары үчүн вакцина чыгарууга эксклюзивдүү укукту сатып алуу аракетинде.

Адистер каражатты ойлоп тапкандан кийин аны адилеттүү бөлүштүрүү чоң мүшкүл деп айтып келишет. Маселен, 2009-жылы бир нече өлкө чочко тумоосу деп белгилүү болгон H1N1 штаммына вакцина чыгарышты. Бул өлкөлөрдүн ичинде Австралия дагы бар эле. Алгач компаниялар өлкөнүн ички талабын камсыздагандан кийин анан сыртка чыгарууга тапшырма алышкан.

Азыр дээрлик бардык өлкөлөр вакцинага кантип кезекке турабыз деп түйшөлүүдө. Аны кантип бөлүштүрүшөт? Аны ким чечет? Мына ушул суроолор Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тынчын алууда. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен өткөн жыйында бул суроо тынбай талкууланып жатат.

Алгач вакцинаны медкызматкерлерге, андан соң улгайган кишилерге берүү керек деген сунуштар бар. Бирок бул азырынча ДССУнун планы гана.

Эксперттер вакцина даяр болгондо "ар ким өзү үчүн" деген принцип иштеп кетпейби деп тынчсызданууда

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эксперттер вакцина даяр болгондо "ар ким өзү үчүн" деген принцип иштеп кетпейби деп тынчсызданууда

"Болжолумда, вакцинаны биринчи иштеп чыккандар өз өлкөсүн камсыздаганга чейин экспортко тыюу салат. Албетте, мындай болушуна жол бербөө үчүн иштеген түрдүү эл аралык уюмдар бар. Бирок вакцина алгач кайсыл өлкөдөн иштелип чыкса, ошонун ички базарына тарайт дегенге ишенсек болот",-дейт Жон Хопкинс университетинин адиси Амеш Адалья.

Айрым өлкөлөрдүн лидерлери "ар ким өзү үчүн" деген принцип болбошу керек деп жарыялашты. Франция президенти Эммануэль Макрон вакцина "планетанын булуң-бурчуна жеткиликтүү болушу керек" деп айтты. Аны Канаданын премьери Жастин Трюдо колдоого алды.

CEPI уюму вакцинология чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылап жүрөт. Уюмдун өзүн бир нече ири фонддор (анын ичинде Билл жана Мелинда Гейтстер) колдоого алат. CEPI учурда жаңы вируска каршы иштелип жаткан ондогон вакциналарды бир эле учурда колдоого алып жатат. Азырынча алардын бири дагы клиникалык сыноодон өтө элек.

"ДССУ демөөрчү компаниялар, анын ичинде CEPI менен иштешип, вакцина сыноосун тездеттүү жана аны бардык өлкөлөргө жете тургандай өндүрүштө чыгарууга аракет кылып жатат. Азыр дүйнө жүзү боюнча натыйжалуу вакцина үчүн каражат салып жатышат. Биздин эсебибизде, эгерде 2020-жылдын соңуна барып иштеп кеткен формула табылса, 2021-жылга барып дүйнө жүзүндө жетиштүү сандагы вакцина болот",-деп билдиришти Би-Би-Сиге Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан.

Мындан сырткары өз алдынча аракет кылып жаткан дагы өлкөлөр бар. Айталы, АКШ менен Орусия.

Вакцина иштелип чыккан болсо, жетиштүү санда өндүрүүгө мүмкүнбү?

Эгерде максат пандемияны токтотуу керек болсо, массалык эмдөө зарыл. Жетиштүү сандагы кишилерде коронавируска иммунитет пайда болгондо, вирус өтө тездик менен жайылбай калат. Бирок азырынча дүйнөдө планета калкынын баарын эмдөөгө кубаттуу болгон мүмкүнчүлүк жок. Economist журналы жазгандай, дүйнөдө азыр бар вакциналардын (кызамык, кызылча, грипп ж.б.) баары биригип жылына 5 млрд дозада иштелип чыгат. Анын 1,5 млрд. вакцинасы сезонндук гриппке каршы.

Эксперттер жамааттык иммунитетти жаратуу үчүн калктын 80 пайызы эмделиши керек деп эсептейт. Деген менен ДССУ жана CEPI азыр эле планын түзүп, дүйнө жүзү боюнча калктын аялуу катмары үчүн 2 млрд доза вакцина чыгарыла турганын айтты. Мына ушундай жол менен 2021-жылдын соңуна барып медкызматкерлер, 65 жаштан өйдөңкү курактагылар жана ар кандай өнөкөт илдети барлар эмдөөдөн өтүшү керек. Бул планды ишке ашырууга ДССУ эсеби боюнча 18,1 млрд доллар каражат зарыл.

CEPI жылына төрт миллиард доза өндүрө ала турган кубаттуулукту таптык деп ишендирүүдө. "Көптөр жылына төрт миллиард өндүрүүгө мүмкүн дегенге ишенбейт. А мен болсо ишенем",-деди уюмдун өкүлү Жеймс Робинсон.

АКШ жеке фармацевтикалык компанияларга ишеним артып, көмөк көрсөтүүдө. Вакцина өндүргөн беш компания пайдалуу мамлекеттик келишимдерди түздү, деп жазды америкалык басылмалар. Булар негизинен белгилүү фармацевтикалык компаниялар AstraZeneca, Johnson & Johnson, Merck жана Sanofi.

Айрым өлкөлөр ар кандай өндүрүшчүлөр менен алдын ала келишимдерге барып жатышат. Мисалы, Германия, Франция, Италия жана Нидерланддар биргелешип, британ-шведдик AstraZeneca концерни менен 300 млн доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түздү. AstraZeneca компаниясы өз кезегинде жаңы вакцина иштеп жаткан Оксфорд университети менен кызматташууда. Албетте, Британия буга чейин эле вакцинага ээлик кылуу укугун эске салган.

Борис Джонсон лабораторияда

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оксфорд университети иштеп жаткан вакцианын алууга бир нече өлкө кызыкдар болду. Бирок Борис Жонсон вакцина биринчи британдыктарга чыга турганын айтты

Азыркы маалда кайсыл жана ким иштеп чыккан вакцина натыйжалуу болуп, биринчи сатыкка чыгарын айтуу кыйын. EY консалтинг компаниясынын аналитиктери вакцина иштеп чыгуу аракетинин 97% базарга жетпей калышы мүмкүн дейт. Анткени клиникалык сыноодон өтпөй калат. (AbA)