Коронавирус дүйнөдө: дексаметазондун тартыштыгы байкалууда

Дексаметазон

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дексаметазон Covid-19 вирусунун оор түрүнө кабылгандарга жардам берип, өлүм-житимди кескин азайтууда

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дексаметазон препаратынын өндүрүшүн көбөйтүүгө чакырды. Арзан жана жеткиликтүү саналган дары коронавирустун оор түрүнө кабылган бейтаптардын өмүрүн сактап жатканы аныкталган.

Уюмдун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус препаратка болгон талап кескин өскөнүн белгиледи. Буга чейин Оксфорд университети жүргүзгөн изилдөө, дексаметазондун жардамы менен вирустун оор түрүнө кабылып, дем алууга жардам берген аппарат колдонуп жаткандардын өлүм-житим ыктымалдуулугу 12 пайызга кыскарганын тапкан.

"Дексаметазонду чыгарууну көбөйтүп, аны дүйнөгө адилеттүү бөлүштүрүү алдыдагы максаттардын бири. Препарат биринчи кезекте вирустун очогуна айланган аймактарга жеткирилиши керек",-деди ДССУнун башчысы.

Дары иммундук система вирус менен күрөшүп, кыйынчылыкка туш болгондо организмге жардам берет. Оксфорд университети жүргүзгөн сыноодо эки миңге чукул вируска кабылган бейтапка дексаметазон берилген, төрт миң бейтапка берилген эмес. Натыйжада препарат вирус менен мыкты күрөшкөнүн көрсөттү.

Реанимация

Сүрөттүн булагы, Yelena Afonina/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Препарат кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткан бейтаптарга жардам берет

Бирок препаратты үйдөн дарыланып жаткандар колдонбошу керек. Вирустун жеңил түрүнө кабылгандарга дексаметазон жардам бербейт. Учурда вируска кабылган жыйырма кишинин 19у ооруканага жатпай эле вирустан сакайып жатат. Бейтапканага жаткандардын көбү вирусту дем алуу аппараттардын жардамы менен жеңүүдө. Дал ушул бейтаптарга дексаметазон жардам берүүдө.

Дексаметазон 1960-жылдардан бери ар түрдүү илдеттерге каршы колдонулуп келет. Мисалы, артрит жана астмага каршы берилген стероид.

Буга чейин окумуштуулар ремдесивир препараты коронавируска каршы натыйжалуу күрөшүп жатканын аныкташкан. Учурда Британияда ремдесивир кеңири колдонулуп келет. Бул препарат берилген бейтаптар бир жарым эсе тез же 11 күндүн ичинде вирустан сакайган. Бирок дексаметазонго салыштырганда ремдесивир жаңы препарат жана аны табуу оор болушу ыктымал. (AT)