Британ эксперттери: “вакцина чыккан күндө да коронавирус кала берет”

Госэкзамены в России

Сүрөттүн булагы, Mikhail Tereshchenko/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Британ эксперттери дүйнө коомчулугун жаңы шартка көнүүгө чакырды

Британиянын алдыңкы эксперттери коронавирус ондогон жылдар бою коркунуч түзөрүн айтууда. "Дүйнө коомчулугу жаңы шартка көнүшү керек. Вакцина даяр болгон күнү дагы, ал коронавирусту толугу менен жок кыла албайт,-деди эксперттер.

Британ парламентинин саламаттык боюнча комитетинин алдында сүйлөгөн Wellcome Trust фондунун башчысы профессор Жереми Фаррар жылдын аягында мурдагы жашоого кайтып барабыз деген пикир катачылык экенин белгиледи.

"Бардыгы өтүп кетти деген ой менен текебер жана кайдыгер мамиле жасап койсок, бул экинчи толкунга алып барат. Кайрадан мурдагы курч абалга туш болобуз",-деди окумуштуу.

Ал эми Оксфорд университетинин профессору Жон Белл, вакцина даяр болгон күнү деле коронавирус толугу менен жок болуп кетпейт деп айтты. Буга чейин Оксфорд университети вакцинасынын клиникалык сыноолору натыйжалуу болгонун жарыялаган.

"Вирус дайыма биз менен болот, эч жака жоголуп кетпейт. Бул ачуу чындык. Вакцинанын таасири көпкө созулбайт. Ошондуктан биз улана берген циклга дуушар болобуз: эмдөө, кайра инфекцияга туш болуу, кайра эмдөө жана кайра инфекцияга туш болуу",-дейт Жон Белл.

Lab work

Сүрөттүн булагы, Oxford University

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Оксфорд университети чыгарган коронавируска каршы вакцина коопсуз экени аныкталды жана ал иммундук системаны ойготуп, вируска каршы натыйжалуу күрөшкөнү табылды

Британиянын саламаттык багытындагы алдыңкы окумуштуулары, өкмөттүн саламаттыкты сактоо боюнча кеңешчиси профессор Крис Уитти болсо вакцина жылдын аягына чейин даяр болоруна күмөн санап жатканын белгиледи.

"Эч кандай иллюзия болбошу керек. Менимче, жылдын аягына чейин эффективдүү вакцина даяр болбойт, анын ыктымалдуулугу абдан төмөн",-деди ал.

Дональд Трамп: АКШда абал мындан ары дагы курчуйт

Дональд Трамп на брифинге в Белом Доме

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Трамп коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал мындан дагы курчуйт

АКШнын президенти Трамптын айтымында, Covid-19 вирусуна байланыштуу өлкөдөгү абал оңолгондон мурун, мындан дагы курчуйт.

Ак үйдөгү сөзүндө Дональд Трамп жарандарды жакпаса, намыстанса дагы беткап кийип жүрүүгө, социалдык аралыкты сактоого чакырды. Бул вирустун жайылышын токтотуудагы эффективдүү ыкмалар. Президент атуулдук жоопкерчилик вирусту жеңүүдө абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

"Америкалыктарды беткап кийип, социалдык аралыкты жана гигиенадагы эрежелерди сактоого чакырабыз. Колду улам жууп туруу керек. Өзүңөрдү коргогула, өзгөчө өнөкөт оорусу бар жарандар этият болушу керек. Ошондой эле жаш америкалыктарды эл топтошкон бар же ресторан сыяктуу жайларга барбай турууну суранабыз, жалынып жатабыз. Этият жана жоопкерчиликтүү болуңуздар",-деди Трамп.

Токио 2020 олимпиада оюндары "вакцинанын даяр болушуна" жараша өткөрүлөт

Токио

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Токиодо өтө турган олимпиада оюндары коронавирус пандемиясынан улам эмдиги жылга жылдырылган. Бирок оюндарды уюштуруу комитетинин президенти Яширо Моринин айтымында, эмдиги жылы дагы оюндар вакцинанын даяр болушуна жараша өткөрүлөт.

Токио 2020 оюндары ушул жумада башталышы керек эле. Журналисттер абал өзгөрбөсө, оюндар эмдиги жылы өтө береби деген суроого, Яширо "жок, анда оюндар өтпөйт" деп жооп кайтарды.

Ага карабастан Яширо эмдиги жылга чейин вакцинаны иштеп чыгууда ири жылыштар болоруна үмүттөнүп турганын билдирди.

"Мындай абал дагы бир жылга созуларын элестете албайм",-деди ал.

Кыргызстанда өкмөт бизнеске жеңилдетилген насыя берет

Кыргызстанда бир сутка ичинде 1108 жаңы учур катталды, 44 бейтап көз жумду. Бишкек шаары (234 жаңы учур) менен Чүй облусу (176 жаңы учур) коронавирустун очогу бойдон калууда.

Коронавирус графика

Сүрөттүн булагы, Республикалык штаб

Бир сутка ичинде Ош шаарында коронавирусту 112 киши жуктурганы жана Ош облусунда 110 жаңы учур катталганы эксперттерди тынчсыздандырууда. Өлкөдө жалпысы болуп 29359 адам вируска кабылды, 1123 киши көз жумду, 15760 жаран вирустан сакайды.

Ал тапта премьер-министр Боронов "Ишкерлик субъекттерин каржылоо" долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга 4,2 млрд сом бөлүнгөнүн айтты.

Бул акча чакан жана орто ишканаларды колдоо үчүн коммерциялык банктар аркылуу үстөк пайызы төмөн болгон насыя катары берилет. Бирок жеңилдетилген кредит алгысы келген компаниялар салык процедураларынын фискалдаштыруу компоненттерин (электрондук эсеп-фактуралар, программалык ККМ, товарларды маркалоо) колдонушу керек. (AT)