Коронавирусту кайталап жуктуруу кооптуулугу жана иммунитет

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөдө Covid-19 жуктуруп алгандар саны 38 миллионго чамалап, 1,1 млн киши каза тапты. Болжолу 70 миң бейтап оор абалда жатат.
Адистер күз мезгилинде пандемия кайра күчөгөнүн айтып чыкты. Буга окуу жылынын башталышы, кишилердин карым-катнашы күчөгөнү сыяктуу бир нече себептерди атаса болот.
Экономикалык жаткан алганда, азыр жаздагыдай катаал карантин киргизүү өкмөт үчүн оор. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму натыйжалуу вакцина гана кырдаалдан чыгарат деген пикирде.
Кыргызстанда дагы коронавирус жуктуруп алгандар саны көбөйүп жатканына тынчсыздануулар айтылууда. Республикалык штаб акыркы суткада вирустан эки киши кайтыш болгонун, жаңы жуктуруп алган 330 учур катталганын кабарлады. Акыркы күндөрү сандар улам өсүп жатат. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 1094 киши вирустан кайтыш болду. Эң оор кырдаал жай ортосунда болду.
Коронавируска экинчи ирет кабылуу кооптуулугу
Lancet журналына жарыяланган макалада Невада штатынын 25 жаштагы тургуну коронавирус менен эки ирет ооруганы (ушул жылдын апрель жана июнь айларында) айтылат. Азыркы кезде анын ден соолугу жакшы. Бирок бул окуя коронавирус иммунитети канчалык туруктуу деген маселени көтөрдү. Экинчи жолкусунда бейтап илдетти өтө оор өткөргөн экен. Бейтаптын деми кыстыгып, ооруканага түшкөн. Анын өнөкөт оорулары болгон эмес жана аялуу катмарга кирбейт эле.
"Биз өткөргөн иликтөөлөр коронавирус менен ооруган киши кайра кайталап вирусту жуктурбайт дегенге кепилдик жок экенин көрсөттү",-дейт доктор Марк Пандори. Анын айтымында вирустан айыккандан кийин дагы эрежелерди бекем кармануу зарыл. Беткап кийип, колду бат-баттан жууп, социалдык аралыкты кармануу.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Окумуштуулар коронавирус иммунитети боюнча бир тыянакка келе элек. Иммунитет канча убакытка чейин болот? Эгерде ооруну жеңил формада өткөргөн болсо деле иммунитет бирдей болобу? Бул суроолорду жообу табыла элек.
Экинчи жолу вирусту жуктуруп алгандар саны көп деле эмес. Айталы, Гонконг, Бельгия жана Нидерланддарда ооруну кайра жуктуруп алган бейтаптар биринчи жолкусундай эле өткөргөн. Бирок оору экинчи жолкусунда оор өткөн башка мисалдар дагы бар.
Азыркы маалда дүйнөдө Covid-19 илдетине каршы бир нече жүз вакцина иштелүүдө. Алардын тогузу, анын ичинде орусиялык вакцина үчүнчү баскычына жетти.
ДССУ: жамааттык иммунитет идеясы адепсиздик

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө карантиндин да, вакцинанын дагы кереги жок, андан көрө инфекциянын жайылышына мүмкүндүк берип, көпчүлүк ооруп айыкса, пандемия өзүнөн өзү токтойт деген пикирлер айтылып келүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус басма сөз жыйынында жамааттык иммунитет стратегиясын "илимий жана адеп-ахлактык жактан күмөндүү" деп атады.
Гебреисус адамзат тарыхында эпидемия менен дайыма күрөш жүрүп келгенин, эч ким кол куушуруп отуруп албаганын эске салды.
Азыркы кезде коронавирус менен Жер шарынын калкынын жарым пайызы гана ооруду. Ошондуктан жамааттык иммунитетке өтө эле алыс.











