"Вакцина 145 шаарда": АКШда коронавируска эмдөө башталды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech иштеп чыккан коронавирус вакцинасы дүйшөмбүдө АКШнын 145 шаарына жеткирилет. Ушундан кийин дароо жапырт эмдөө башталмакчы.
Өткөн аптанын жума күнү Азык-түлүк жана медициналык каражаттардын сапатын текшерген департамент чукул чечими менен коронавируска каршы вакцинаны колдонууга уруксат берди. Мунун алдында ушул эле вакцинанын Британия жана Канада сыяктуу бир катар өлкөлөр тастыктаган.
Эмдөө эки баскычта жүрөт: биринчи ийне сайылгандан үч аптадан кийин экиничиси берилмекчи. Америка бийлигинин планы боюнча, биринчи кезекте саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген 21 млн жаран эмдөөдөн өтөт. Ошондой эле карылар үйүндөгү 3 млн киши эмделет.

Сүрөттүн булагы, AFP
Өткөн аптада АКШнын саламаттыкты сактоо министри Алекс Азар Жаңы жылга өкмөт 20 млн жаранды эмдөөдөн өткөрө турганын убада кылган эле. Тизмедеги приоритеттүү саналагандардын катарында полиция, өрт өчүрүү кызматтары, мугалимдер өнөкөт оорудан жапа чеккендер бар. Калгандары бир нече ай күтүүгө туура келет.
Америка бийлиги ушул аптада дагы бир вакциананы - Moderna компаниясы иштеп чыккан вакцианын дагы коллдонууга уруксат берет деп күтүлүүдө.
Дүйнөдө коронавирус менен ооругандар саны 72 миллионго чамалап калды. Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча оору кеңири тараган беш алдыңкы өлкө: АКШ (16 млн), Индия (10 млн чамалуу), Бразилия (6,8 млн), Орусия (2,6 млн), Франция (2,4 млн).





