Коронавирус вакцинасы: келерки кышта жашоо мурдагы нугуна түшөт

Профессор угур Шахин
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Профессор Угур Шахин келерки кышта жашоо мурдагы нугуна түшө турганын убада кылууда

Америкалык Pfizer компаниясы менен биргеликте коронавирустун вакцинасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөн германиялык BioNTech компаниясынын негиздөөчүсү Би-Би-Сиге маек берди.

Келерки кыштан тарта Covid-19 пандемиясы токтойт жана планета мурдагы жашоо ыргагына кайтып келет деди ал.

Өткөн апта башында окумуштуулар коронавирустан 90 пайыз коргогон вакцина иштеп чыкканын жарыялаган. Бул билдирүү көптөргө чоң үмүт бергендей болду.

Жекшембиде Би-Би-Сиге маек берген BioNTech негиздөөчүсү Угур Шахин вакцина вирустун тарашын кескин кыскартат деп айтты. Бирок муну келерки жай айында гана байкай алабыз. Алдыдагы кыш жеңил болбойт дейт окумуштуу.

"Кыш мезгили оор болот. Анткени биздин вакцина азырынча вирустун жугуу динамикасын басаңдатууга таасирин тийгизе албайт. Эгерде баары жакшы уланса, биздин дарыны ушул жылдын соңуна барып же болбосо жаңы жылдын башынан тарата баштайбыз",-дейт Шахин.

Апрелге чейин компания буюртма берген өлкөлөргө 300 млн доза вакцина чыгарабыз деп ишеним турат. Британиянын буюртмасы жылдын соңунан жеткириле баштайт.

Шахин коронавирус вакцинасынын үстүнөн вирусолог Озлем Түречи менен бирге иштеди

Сүрөттүн булагы, © BioNTech SE 2020

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шахин коронавирус вакцинасынын үстүнөн вирусолог Озлем Түречи менен бирге иштеди

"Мына ушунун баары ишке ашкандан кийин гана кырдаал өзгөрүп баштайт. Негизги өзгөрүүлөр келерки жайга туура келет",-деди профессор.

"Натыйжалуу эмдөө вирустун кишиден кишиге жугушун 90 пайыз эмес, балким 50 пайыз токтотоор. Келгиле, кандай болгондо дагы вирустун тарашынын төмөндөшү пандемиянын күчөгөн темп менен жайылышына чек коёрун унутпайлы".

Азыркы маалда бул вакцинаны ондогон өлкөлөр буюртма кылды.

Person getting vaccine

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Анализ

Мишель Робертс, Би-Би-Си баяндамачысы

Вакцинанын сыноодон өтүшү пандемия бүтүшү жакын экенинен кабар берет. Дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары келерки кыштан тарта биздин жашоо мурдагы нугуна түшөт деп ишеним артып жатат. Бирок мурдагыдай эле бир катар негизги суроолорго жооп табыла элек. Вакцинанын ар кайсыл өлкөнүн атайын мекемелери жактырышы керек. Алар дарынын натыйжалуулугуна жана коопсуз экенине ишенгенден кийин гана жашыл түс жагылат. Биринчи жыйынтыктар өтө чоң ишенимди пайда кылды. Бирок алдыдагы апталарда белгилүү боло турган соңку тыянактарды күтүүгө туура келет. Азырынча бул вакцина өтө муктаж болгон кишилерге - улгайгандарга кандай таасирин тийгизе турганы белгисиз. Биз азыр бул дары Covid-19 илдетин алдын алабы же андан кийин дагы жуктурбай коргоп калабы дегенге жоопту так алган жокпуз. Канча убакытка иммунитет сакталат? Жыл сайын эмдөөдөн өтүп туруш керекпи? Бул суроолорго жообу белгисиз. Эмдөө башталгандан кийин дагы дүйнө калкын толук камтууга көп убакыт талап кылынат. Келечегинде башка дагы вакциналар чыгып, мындан кем калбай, балким мындан артык болуп калышын деле күтсөк болот. Бирок массалык эмдөө келерки жайдан гана башталышы мүмкүн. Ошондо гана биз мунун артыкчылыгын, күчүн, таасирин сезе алабыз. (AbA)