"90 пайыз коргойт": коронавирустун биринчи вакцинасы даяр

vaccine arm

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окумуштуулар коронавирустан 90 пайыз коргогон вакцина иштеп чыкканын жарыялады. Аны иштеп чыккан америкалык Pfizer жана анын германиялык өнөктөшү BioNTech компаниялары муну "адамзат үчүн, илим үчүн улуу окуя" деп атады.

Клиникалык сыноого алты өлкөдөн 43500 киши катышкан. Эч кандай тескери натыйжалары байкалган жок. Иштеп чыккандар тез арада сертификат алуу үчүн арыз бергени турат. Жаңы вакцина менен ноябрдын соңунан тарта эмдөө баштаса болот. Бул вакцина жана аны менен бирге эле дарылоонун жаңы усулу карантин чараларын жоюшу ыктымал.

Азыркы маалда клиникалык сыноонун акыркы баскычында турган ондогон вакциналар бар. Бирок бул дарынын биринчилерден болуп натыйжалуу экени далилденди. АКШ, Германия, Бразилия, Аргентина, Түштүк Африка жана Түркиядагы сыноолор көрсөткөндөй, эмделгенден кийин коронавирустан коргоо 90% болгон.

Pfizer Логотиби

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Pfizer компаниясы ушул жылдын соңуна барып 50 млн доза вакцина иштеп чыга ала турганын айтты

Pfizer компаниясы ушул жылдын соңуна барып 50 млн доза вакцина иштеп чыга ала турганын айтты. 2021-жылдын соңуна чейин болжолу 1,3 млрд. доза иштеп чыкканга мүмкүнчүлүгү жетет.

Вакцинаны иштеп чыгуу

Учурда 240 чукул вакцина иштелип жатат, алардын кыркка чукулу клиникалык сыноодон өттү, тогузу текшерүүнүн акыркы баскычына жетти. Вакцина бир нече жылдын ичинде гана даяр болот деп айтылып жаткан эле. Бирок азыркы пандемиянын шартын эске алып, окумуштуулар ишин тездетүүгө белсенип жатканы өткөн айда кабарланганы бар.

Оксфорд университети даярдап жаткан вакцина сыноонун акыркы баскычына жетти. Ал иммундук системаны вирус менен күрөшүүгө түрткү болору аныкталды. Оксфорд университети 100 миллион вакцина чыгаруу үчүн AstraZeneca компаниясы менен келишимге кол койгон.

Кытай чыгарган вакцина дагы вирус менен күрөшкөн антитулку пайда кылат. Бээжин эмитен эле вакцинаны аскер кызматкерлерине сунуштап жатат. Бирок клиникалык сыноолор өтө тез жүргүзүлгөндүктөн, эксперттер анын канчалык кооптуу экенине чочулап турушат.

Орусия чыгарган "Спутник-V" вакцинасы дагы иммундук системада антитулкуларды иштеп чыгууга түрткү болгон. Абройлуу The Lancet медициналык журналына жарыяланган баяндамада, эмдөөдөн өткөн ар бир ыктыярчыда антитулку пайда болгону жана дарынын олуттуу кыйыр таасирлери жок болгону айтылган. Орусия август айында вакцинаны каттоодон өткөргөн. Буга чейин бир дагы мамлекет вакцинасын расмий каттай элек болчу.

АКШнын Жугуштуу илдеттерди алдын алуу борбору вакцина 2021-жылдын ортосунда гана даяр болорун айткан эле. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму болсо Covid-19 вирусуна каршы жапырт эмдөө 2021-жылдын экинчи жарымында башталат деп болжоп келет. (AbA)