Жети миллиард адам кантип эмдөөдөн өтөт?

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Наоми Гримлей
- Role, Global affairs correspondent
Дүйнөнүн булуң-бурчундагы окумуштуулар Covid-19 вирусуна каршы вакцинаны даярдоого шашып жатат. Орусия вакцинасы даяр экенин жарыялаганына карабастан, абройлуу окумуштуулар анын толук кандуу сыноодон өткөнүнө күмөн саноодо.
Алдыңкы технологияларды колдонуп, туура формуланы иштеп чыгуудан тышкары, дүйнө калкына вакцинаны жеткирүү логистикалык жактан бир топ кыйынчылыктарды түзөт.
Британия мындай иштерди уюштуруу үчүн Вакциналарды өндүрүү жана инновация борборун (ВӨИБ) түздү.
"Бул борбор 2022-жылы ишин башташы керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам уюштуруу иштерин ыкчам түздүк. 2021-жылдын башында даяр болобуз",-дейт Борбордун башчысы Мэттью Дучарс.
"Торт даярдоо сыяктуу жараян"
Мэттью Дучарс тынымсыз иштеп жатат. Себеби Оксфорд университети иштеп жаткан вакцина даяр болгондо, ал жетектеген борбор дарыны Британияга көбөйтүп берүүсү керек.
"Биздин иш бир гана ушул өлкө үчүн эмес, дүйнөгө маанилүү. Вакцинаны ыкчам жана эффективдүү түрдө өндүрүшүбүз керек. Аналог катары үйдө торт даярдоо жараянын алсак болот. Бир тортту бир нече саат бою даярдап, бышырып, сонун кылса болот. Бирок биздин мисалда, Борбор 70 миллион мыкты даярдалган тортту ыкчам өндүрүшү зарыл. Бул оңой болбойт",-дейт Дучарс.
Ошондуктан Оксфорд университети вакцинасы толук сыноодон өтө электе эле аны лабораторияларда көбөйтүп жатат. Чынында, дүйнөнүн булуң-бурчундагы лабораториялар эмитен эле Covid-19 вирусуна каршы вакцинанын бир нече түрүн жасап жатышат. Анткени жети миллиард кишиге вакцинаны тез арада даярдоо оңой болбойт.
Ал эми Эл аралык вакцина биримдиги же Gavi дүйнө мамлекеттерин эмдөө жараянына эмитен даярдык чараларын көрүүгө үндөп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок эмдөө жараянына келгенде эл аралык кызматташууда бир топ кыйынчылыктар түзүлчүдөй. Анткени бай мамлекеттер вакцина чыгарган компаниялар менен түздөн-түз келишимдерди түзүүдө. Мындай учурда алар вакцинаны биринчилерден болуп колго алат.
Жеке кызыкчылыктан арылуу
Эл аралык вакцина биримдигинин башчысы Сет Берклей дүйнө калкын эмдөөдө "вакцинага карата улутчулдук" негизги көйгөй экенин айтууда.
"Ар бир мамлекет өз кызыкчылыгын гана эмес, дүйнөлүк кызыкчылыкты эске алышы керек. Биринчиден, бул туура жана гумандуу кадам. Экинчиден, дал ушундай кадам аркылуу өз кызыкчылыгыңды коргойсуң",-дейт ал.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө дагы вакцинаны жеткирүү зарылдыгы тууралуу сөз болуп жатканда, эмдөө жараянында айнектен жасалган флакондор жетиштүү болобу деген көйгөй жаралууда. Айрым адистер айнек флакондун тартыштыгы даяр болгон вакцинаны дүйнөгө жеткирүүдө тоскоолдук болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө.
"Албетте, бул чоң көйгөй болушу ыктымал. Ошондуктан эмитен эле эки миллиард айнек флаконго буйуртма бердик. 2021-жылдын аягында ушул сандагы вакцинаны даярдайбыз деген үмүт бар",-дейт Сет Берклей.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Флакондор маселеси чечилсе, аларды муздак кармап туруучу муздаткычтар дагы тартыш болушу ыктымал. Эл аралык вакцина биримдиги жакыр мамлекеттерде муздаткычтарды уюштуруу менен дагы алек болуп жатат.
"Биз бир гана флакон менен муздаткыч жөнүндө айтып жаткан жокпуз. Дүйнө калкын эмдөөдөн өткөрүү жараянында көп тоскоолдуктар чечилиши керек. Вакцинаны лабораториядан дүйнөдөгү мамлекеттерге жеткирүү, андан ары аларды алыскы аймактарга жеткирүү, андан соң ар бир жаранга жеткирүү сыяктуу маселелер бар. Аларга алдын ала даяр болуп, иш үзгүлтүксүз жүрүшү керек",-дейт логистика боюнча эксперт профессор Тоби Питерс.
Адистер суусундук чыгарган жеке компаниялардын мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга дагы чакырууда. Дүйнө калкын эмдөөдөн өткөрүү үчүн жеке тармак менен өкмөт бирге иш алып баруусу өтө маанилүү.
Ким биринчи эмдөөдөн өтөт?
Британиянын Wellcome Trust уюмунун вакцина бөлүмүнүн башчысы Чарли Уеллер ар бир мамлекет өзүнө олутту суроо жолдошу керек экенин айтууда.
"Вакцина эң биринчи кимге керек? Кайсыл топтор коркунучта? Ушул суроолорго жооп табылышы зарыл. Себеби башында вакцинага болгон талап, өндүрүүдөн кыйла жогору болот. Ошондуктан оор жана туура чечимдер кабыл алынышы керек",-дейт ал.
Эмдөө жараянын уюштуруу дагы татаал болмокчу. Британия шайлоо участколорун убактылуу эмдөө борборлоруна айландырууну көздөп турат.
Андан тышкары саламаттыкты сактоо системасы дагы жапырт эмдөөгө даяр болушу зарыл. Медицина кызматкерлерине туура техникалык даярдык берүү маанилүү.
Окумуштуулар жакын арада вакцина даяр болоруна ишенет. Эми алар аны дүйнө калкына ыкчам жеткирүү жолдорун караштырып жатат.










