Орусиялык вакцинага дарыгерлер өздөрү күмөнсүп турат

врач

Сүрөттүн булагы, Sergei Bobylev/TASS

Орусиялык дарыгерлердин көпчүлүгү өздөрү да жаңы вакцинадан эмдөөдөн өтүүгө даяр эмес экен деп жазды РБК. Басылма өткөрүлгөн сурамжылоого шилтеме берген.

Апта башында Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы эпидемиология жана микробиология боюнча Улуттук изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина каттоодон өттү.

Вакцина жаныбардын бир нече түрүнө жана 38 адамдан турган эки топко сыноодон өткөнү кабарланган эле. Путин өзүнүн кыздарынын бирөөсү жаңы вакцинаны сайдырганын жана өзүн жакшы сезип жатканын айтканы бар.

"Справочник врача" өткөргөн сурамжылоого катышкан үч миң дарыгердин 52 пайызы изилдөөгө тескери баасын берген. Эмдөөгө 24,5 пайызы гана макул болорун айткан. Эмнеге күмөнсүп жатканына суралгандардын 66 пайызы «натыйжалуулугу тууралуу маалыматтар аз» деп жооп берген. 48 пайызы өтө кыска мөөнөттө каражаттын жасалышына ишенбегенин айткан. 20 пайызы гана вакцинаны тааныштарына же бейтаптарга сунуштоого даяр экенин билдирген.

Орусияда күзүндө Covid-19 илдетине каршы эмдөө дарыгерлерге жана калктын аялуу катмарына берилет деп күтүлүүдө. Калгандары жаңы жылдан тарта эмделе баштайт.

Касым-Жомарт Токаевдин телеграммасы

Кечээ күнү Казакстандын президентинин расмий сайты «Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Путинге коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинанын катталышы менен куттуктап, телеграмма жөнөткөнүн» жазды.

Бүгүн казак басылмалары өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетованын коронавирус инфекциясына каршы вакцина сатып алуу боюнча Казакстандын стратегиясы тууралуу айткандарын жазышты.

«Дүйнөдө коронавирус инфекциясына каршы 166 вакцина иштелип жатат. Алардын көбү клиникалык сыноодон өтө элек»,-деди башкы санитар.

Ал «бүт дүйнө жүзү сыяктуу эле Казакстан дагы коопсуз жана натыйжалуу вакцинаны күтүп жатканын» белгилеген. КМШнын башка өлкөлөрүндөгү адистер орусиялык вакцина тууралуу пикирин билдире элек.

Вьетнамдын Саламаттыкты сактоо министрлиги орусиялык вакцинаны сатып алуу үчүн кайрылганы белгилүү болду. Бразилия дагы кийинки жылдын жарымынан тарта орусиялык өндүрүштөгү вакцинаны чыгарууга ниеттенип жатканын айткан.