Орусия октябрда коронавируска каршы эмдөөнү баштайт

A scientist prepares samples during development of a vaccine against the coronavirus at a laboratory of Biocad in Saint Petersburg, Russia June 11, 2020

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдө коронавируска каршы жүздөн ашуун вакцина иштелүүдө

Орусия октябрь айынан тарта коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштайт. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри билдирди.

Михаил Мурашко алгач дарыгерлер менен мугалимдер эмдөөдөн өтөрүн жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирди. Reuters агенттиги өз булактарына таянып, Орусиянын коронавируска каршы вакцинасы ушул айда тиешелүү мекемелерде каттоодон өтөрүн маалымдады. Бирок эксперттер вакцина абдан тез сыналгандыктан, тынчсыздануусун билдирүүдө.

Өткөн аптада АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар бонча Улуттук институтунун башчысы Этнони Фаучи Орусия менен Кытайды вакцинаны толук кандуу сынагандан кийин гана эмдөө жараянын баштоого чакырган. Өлкөнүн башкы инфекционист дарыгери АКШ иштеп жаткан вакцина жылдын аягында даяр болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Учурда коронавируска каршы вакцинаны даярдоо жарышы күч алууда. Жыйырмадан ашуун вакцина клиникалык сыноодөн өтүүдө.

Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Мурашконун айтымында, Москвада жайгашкан Гамалея институту клиникалык сыноолорду ийгиликтүү жыйынтыктады. Эми вакцинаны каттоо жараяны гана калды.

A news conference at the Science and Practice Center for Interventional Cardioangiology in Moscow, Russia, 15 July 2020

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын окумуштуулары 15-июлда Гамалея институту иштеп чыккан вакцина сыноолордон ийгиликтүү өткөнүн жар салышкан

Өткөн айда Британия, АКШ жана Канада Кремлге байланышы бар делген хакердик топ Covid-19 вирусуна каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жаткан лабораторияларга чабуул койгонун маалымдашкан. Хакерлер керектүү маалыматты уурдай алдыбы же жокпу белгисиз бойдон калган.

Үч мамлекеттин чалгын кызматы расмий маалымат таратып, кибер чабуулдун артында Cozy Bear, APT29 жана Dukes каймана аты менен белгилүү болгон топтор турат деп жар салышты.

Кремль болсо кибер чабуулга Орусиянын эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

"Кайсыл хакерлердин тобу фармацевтикалык компанияларга жана изилдөө борборлоруна чабуул койгону боюнча маалыматыбыз жок. Бир гана Орусиянын бул чабуулга тиешеси жок экенин так айта алабыз",-деп айткан эле Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Орусиянын Британиядагы элчиси Андрей Келин дагы айыптарды четке кагып, "кибер чабуулга баруунун эч кажети жок, Оксфорд университети ансыз деле маалымат менен бөлүшүп" жатканын билдирген.

Британиядагы Оксфорд университети иштеп чыккан вакцина алгачкы сыноолордо натыйжалуу жыйынтык берген. (AT)