ДССУ Орусияны вакцина боюнча этият болууга чакырды

Вакциа

Сүрөттүн булагы, Reuters

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны массалык түрдө чыгарууда Орусияны этият болууга чакырды.

Москва октябрь айынан тарта коронавируска каршы жапырт эмдөөнү баштай турганын жарыялаган.

Орусиянын саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко вакцинанын клиникалык сыноолору ийгиликтүү болгонун, эми анын каттоо жараяны гана калганын билдирген. Министр бул кадамдан кийин алгач дарыгерлер менен мугалимдер эмдөөдөн өтөөрүн айткан.

Бирок ДССУнун өкүлү Кристиан Линдмайер Орусиянын окумуштууларын клиникалык сыноолорду шашпай өткөрүүгө үндөдү.

"Эл аралык эрежелер жана практика бар. Вакцина же башка медициналык препараттар бир нече жолу клиникалык сыноолордон жана тесттерден өтүшү керек. Ошондой кийин гана лицензия берилип, аны колдонууга мүмкүн",- деди Линдмайер.

Вакцина в американской лаборатории

Сүрөттүн булагы, Reuters

Буга чейин АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар бонча улуттук институтунун башчысы Этнони Фаучи Орусия менен Кытайды вакцинаны толук кандуу сынагандан кийин гана эмдөө жараянын баштоого чакырган. Өлкөнүн башкы инфекционист дарыгери АКШ иштеп жаткан вакцина жылдын аягында даяр болушу мүмкүн экенин билдирген.

Ал ортодо бир катар эксперттер Орусиянын вакцинасы даяр экенине күмөн санашууда. Саламаттыкты сактоо тармагындагы айрым расмийлер менен эксперттер клиникалык сыноолорду тездетүү үчүн эрежелер сакталбай калышы ыктымал деген пикирин айтышкан. Орусия клиникалык изилдөөсүнүн жыйынтыгын эч жарыялабайт. Демек, аларды текшерүү мүмкүн эмес.

Учурда коронавируска каршы вакцинаны даярдоо жарышы күч алууда. Жыйырмадан ашуун вакцина клиникалык сыноодөн өтүүдө.