Covid-19 каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина: Путиндин кызы эмдөөдөн өттү

пробирки

Сүрөттүн булагы, TASS

Президент Путин эки айлык сыноодон кийин Covid-19ка каршы вакцинаны каттоо жөнүндө тийиштүү органдарга уруксат берилгенин билдирди.

Анын айтымында, бардык текшерүү иштери аяктады. Батыштагы окумуштуулар Орусиядагы вакцинанын тездик менен иштелип чыкканына ишенбөөчүлүк мамиледе болуп, фармацевт компанияларды аны каттоого шашпай турууга чакырышууда.

"Кайталайм: бардык текшерүүлөр бүттү"

"Менин билишимче, бүгүн эртең менен коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцина каттоодон өттү»,-деп айтты бүгүн Путин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында.

Путин саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкону бул вакцина жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп, ошол эле убакта «ансыз деле билем, ал жеткиликтүү деңгээлде эффективдүү, туруктуу иммунитетти пайда кылат . Кайталайм, бардык зарыл текшерүүлөр бүттү»,-деп баса белгиледи.

Президент ошону менен катар өзүнүн кыздарынын бирөөсү жаңы вакцинаны сайдырганын жана өзүн жакшы сезип жатканын айта кетти.

Анын айтымында, биринчи сайдыргандан кийин кызынын кан басымы 38 болуп, кийинки күнү 37ден саал ашык болду: «Болгону ошол. Экинчи сайдыргандан кийин температурасы кичине көтөрүлдү, анан кайра түштү, өзүн жакшы сезип жатат».

Коронавируска каршы вакцина Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы эпидемиология жана микробиология боюнча Улуттук изилдөө борбору тарабынан иштелип чыкты. Аны алгандан кийин коронавируска каршы иммунитет эки жылга чейин сакталат деп аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирүүдө.

"Гам-КОВИД-Вак - адамдын аденовирусунун негизиндеги вектордук эки компоненттүү вакцина. Аны эки жолу киргизүү схемасы узак иммунитетти пайда кылат. Вектордук вакцинаны колдонуу тажрыйбасы иммунитет эки жылга чейин сакталарын көрсөттү»,-деп айтылат билдирүүдө.

Расмий маалыматка караганда, вакцина жаныбардын бир нече түрүнө жана 38 адамдан турган эки топко сыноодон өттү. Препаратта ошондой эле COVID-19 вирустарынын компоненттери жок. «Орусия вакцинаны чыгаруу жана колдонууга киргизүү маселеси боюнча эл аралык кызматташтыкка даяр»,-деп айтылат расмий маалыматта.

Орусиялык вакцина адамдын организминде «кыска мөөнөттүү өзгөрүүлөргө» алып келет, бирок ден соолукка зыяны жок, деп билдирди журналисттерге Улуттун саламаттыгы лигасынын президенти, Бакулев атындагы борбордун башчысы, РФ Саламаттык сактоо министрлигинин жүрөк-кан тамыр боюнча штаттан тышкаркы башкы хирургу Лео Бокерия.

«Вакцина иштелип чыкканда, мен күбө болдум, эң жогорку деңгээлдеги бир нече адам өз ыктыяры менен барып вакцинация жасатышты. Албетте, организмде айрым бир өзгөрүүлөр болбой койбойт, бирок экинчи жагынан бул өзгөрүүлөр кыска мөөнөттө болуп, адамды коопсуз кылгандан башка эч кандай зыяны жок экенине биз ишендик»,-деди шейшембиде Бокерия.

Ошол эле учурда анын пикиринде адамдарды бул вакцинаны алууга мажбурлабаш керек. «Адам психологиялык жактан даяр болушу керек»,-деди хирург.