Коронавирус: Кыргызстанда миңден ашуун бейтап оор абалда

Дарыгер аял

Сүрөттүн булагы, VLADIMIR GERDO/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусияда болсо акыркы суткада коронавирус жуктургандар саны кескин өсүп кеткени белгилүү болду. Бир күндө 21 798 кишиден вирус аныкталган

Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча дүйнөдө Covid-19 менен ооругандар саны 50 млн. ашты. Анын ичинен илдеттен 1,2 млн бейтап көз жумду.

Коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкөлөрдүн бири АКШ болуп калды. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 10 млн. жетти. Күн сайын жаңы учурлар көп катталууда.

Ошону менен бирге эле ооруну очогуна Европа айланып калды. Акыркы апталарда европалык өлкөлөрдө кырдаал оорлошуп кетти.

жаш жигиттер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустан беш киши каза тапканы айтылды. Бир суткада 571 кишиден коронавирус аныкталды. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери өлкөдө 63 390 кишиден вирус аныкталган. Илдеттен жалпысы болуп 1182 адам кайтыш болду. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо расмийлери ооруканада 3457 бейтап дарыланып жатканын айтууда. Андан сырткары 3737 бейтап үй шартында дарыланып жатат.

Стационарда дарыланып жаткан 3457 бейтаптын 71и гана (2,0%) канааттандыраарлык абалда. Ал эми 2251 (65,1%) - орто оордукта, 1004 (29,0%) бейтап оор абалда, 131 киши (3,7%) өтө оор.

картасы

Дуйнө боюнча тастыкталган учурлар

Group 4

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Булак: Жон Хопкинс университети (Балтимор, АКШ), Жергиликтүү бийлик

Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 13:59 GMT+6

Орусияда болсо акыркы суткада коронавирус жуктургандар саны кескин өсүп кеткени белгилүү болду. Бир күндө 21 798 кишиден вирус аныкталган. Сутка ичинде 256 бейтап Covid-19 илдетинен каза тапты. Орус бийлиги Москвадан дарыгерлер тобун Хакасияга жөнөттү. Андан бир аз мурун вирустан коргонуучу кийим кийген "Тез жардамдын" кызматкери президент Владимир Путинден жана коргоо министри Сергей Шойгудан жардам сурап кайрылган видео тараган.

Ал ооруканаларда орун жок экенин, дары-дармек тартыштыгы болуп жатканын айткан. Ошондой эле бейтаптарды аскер бөлүктөрүнүн аймагында кабыл алууну сунуштаган эле. Буга чейин Хакасиядагы дарыгерден башка дагы Путинге бир топ кайрылуулардын келип түшкөнү белгилүү. Петербургда дагы кырдаал оорлошуп, борбордон кошумча күчтөр жөнөтүлгөн. (AbA)