Экинчи толкун: Covid-19 эмнеге кескин күчөдү?

москва

Сүрөттүн булагы, Reuters/BBC

Көпчүлүк өлкөлөрдө күчөтүлгөн этияттык чараларынан кийин салыштырмалуу июль-август айларында кырдаал жайгарыла түшкөн эле. Сентябрдын орто ченинен тарта коронавирус инфекциясы кайрадан күчөп, кооптуу абал түзүлдү. Жазындагы эң жогорку көрсөткүчтөрдөн да ашып түшкөн учурлар катталды.

Пандемиянын биринчи толкуну чыныгы цунами сыяктуу кыйраткыч мүнөздө болуп, үч ай ичинде кеминде жарым миллион кишинин өмүрүн алып, ал тургай өнүккөн өлкөдөрдүн салматтыкты сактоо системасын дагы ыдыратып сала жаздады. Бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча өкмөттөр бир айлап өтө катаал чараларга барууга арагасыз болду.

Эгерде пандемиянын биринчи соккусу негизинен ири мегаполистерге урулса, эми инфекция элет жерине, чакан шаарларга, айылдарга жетти. Илдет ири транспорт борборунан алыскы аймактарга тарады. Алар үчүн "экинчи толкун" иш жүзүндө "биринчи" жолу болуп жатат. Анткени өткөндө айылдарга оору көп тараган эмес эле.

Пандемия тууралуу интернеттен гана кабардар болуп жаткан элет аймагы эми илдет менен бетме-бет келүүдө. Бул жолу көп өлкөлөрдө өкмөт бир эле "тырмооч" менен баарын "кашып" олтурбай, жергиликтүү бийликтерге өз алдынча чечим кабыл алууга уруксат берди. Чектөө чараларын жергиликтүү бийлик өз алдынча кабыл алып жатат. Муну менен өкмөттөр экономикалык жоготуулардан качууга аракет кылууда. Маселен, Британияда "жол чырак" системасы каралып жатат. Чектөө чаралары жергиликтүү бийликтин коронавирус коркунучун баалаган чечиминен көз каранды. Азыр эң жогорку "кызыл түс" Ливерпуль менен Ланкаширге кирди. Ал жерде эс алуу, оюн-зоок борборлору жабылды. Мектеп жана коомдук транспорт ишин улантууда. Бирок элдин көбү жөө жүрүүгө же велосипед менен жүрүүгө артыкчылык берип жатканы байкалат. Жабык жайларда чогулуп олтурууга тыюу салынды. Ачык асман алдында дагы алтыдан көп киши чогула албайт. Алар дагы социалдык аралыкты сакташы керек.

Бир эле Ливерпулда эмес, дүйнөнүн көп жеринде аргасыз чектөө чараларына барып жатышат. Муну өлкө бийликтери акыркы айларда Covid-19 жуктуруп алгандар кескин көбөйгөнү менен түшүндүрүп, статистикаларды бетке кармоодо. Ошол эле Британияда октябрдын биринчи жарымында күн сайын 15 миң жаңы учурларды каттап турушту. Коронавирус инфекциясынын жазгы жана жайкы эң бийик көрсөткүчтөрү алты миңден ашкан эмес. Бирок медициналык жардамга муктаж болуп, оор абалда кайрылгандар саны биринчи толкундагыдай эмес. Андан бир топ эле аз. Айталы, Британияда жазында Covid-19 диагнозу менен келген бейтаптар оорукандагы 20 миң орунду ээлесе, октябрдын ортосундагы көрсөткүч мындан үч эсе аз. Ушундай эле абал Францияда байкалды. Бирок Европада Covid-19 вирусуна байланыштуу өлүм-житим 40 пайызга өсүп кетти.

Европада Covid-19 вирусуна байланыштуу өлүм-житим 40 пайызга өсүп кетти

Сүрөттүн булагы, EPA

Франциянын президенти Эммануэль Макрон 30-октябрдан 1-декабрга чейин коронавирустун жаңы толкунуна байланыштуу жалпы улуттук карантин жарыялады.

"Жазындагыдай эле өтө зарыл учурда гана үйдөн чыга аласыңар",-деди Макрон.

Евробиримдик менен ички чек аралар ачык болот. Ал эми сырткы чек ара ачылбайт, деди Макрон.

Шаршембиде жалпы улуттук карантинди Германия канцлери Ангела Меркель жарыялаган эле.

картасы

Дуйнө боюнча тастыкталган учурлар

Group 4

Интерактивдүү картаны көрүү үчүн браузерди жаңылаңыз

Булак: Жон Хопкинс университети (Балтимор, АКШ), Жергиликтүү бийлик

Соңку жаңыланышы 2022-ж., 5-июль 13:59 GMT+6

Себептерин издеп көрөлү

Болжолдуу түшүндүрмөгө кайрыла турган болсок, жарым жыл ичинде тест алуу системасына мамиле өзгөрдү. Биринчиден, бардык эле өлкөлөрдө тест алуунун саны өстү. Британияда майдын башына салыштырганда, азыр беш-алты эсе көп тест алынууда. Албетте, мындай учурда вирус жуктуруп алгандардын көп аныкталып жатышы таң калыштуу эмес.

Экинчиден, эпидемиянын биринчи толкунунда тесттер жетишсиз эле. Ошондуктан аларды үнөмдөп, көп өлкөлөрдө дарыгерге даттанып кайрылгандардан гана тест алып жатышты. Болбосо окумуштуулар марттан баштап эле вирус жуктуруп алган киши билбей жүрө берип, көбүнө ооруну таратаарын тынымсыз эскертип жатышкан. Айрым кишилерде оорунун белгилери байкалбай өтүп кетерин да эскертип келишкен. Бирок ошого карабастан тест алуу жапырт жүргөн эмес.

Жазында эч кандай симптомдору байкалбагандар илдетти жуктуруп алгандардын төрттөн бирин түзүшү мүмкүн деп болжонгон. Июлда бул 40-45 пайызга өстү. Андан сырткары вирус жуктуруп алгандардын үчтөн бири илдетти сасык тумоо сыяктуу эле жеңил өткөрдү. Ошол эле маалда алар башкаларга вирусту жеңил таратып жиберди. Алардын жуктуруп алгандар деле жеңил ооруйт десеңиз жаңыласыз.

Изилдөөчүлөрдүн эсебинде ири шаарларда элдин көбү вирус менен ооруп койду. Ошондуктан алардын сактануу мүмкүнчүлүгү жогору. Бирок алыскы аймактарда экинчи толкун жараткан абал кыйын болчудай. Азырынча ПЦР-тесттер дагы көп суроолорго так жоопту бере албай жатат. Биринчиден, тест алып жатканда кайсыл бир бейтаптын оорусу күчөп кетпейби, ага медициналык жардам зарылбы дегенге тест так жоопту бере албайт. Экинчиден, бейтаптын башкаларга жуктуруу коркунучу канчалык экенин дагы тест аныктай албайт. Ошондуктан көп өлкөлөрдө жазындагы кемчиликтерди кайра кайталабоонун аргасын издеп жатышат.

Италиянын көп шаарларында кайрадан локдаун киргизүүгө каршы акциялардын аягы башаламандык менен коштолду

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Италиянын көп шаарларында кайрадан локдаун киргизүүгө каршы акциялардын аягы башаламандык менен коштолду

Жаздан бери дүйнө жаңы коронавирус тууралуу толгон токой маалыматтарды угуп, аны менен жашганга да көндү. Бирок азырынча вирус менен күрөшүүнүн туура стратегиялык багыты эч жерде жок. Оксфорд университетинин окумуштуулары Карл Хенеган жана Том Жефферсон белгилегендей, "жаңы коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн туура стратегиясы кандай болушу керектигин эч ким билбейт". Ошондуктан көптөгөн илимий изилдөөлөр жасалууда. (AbA)