Коронавирус: кыйын абалдагы өлкөлөр, жогорку чек ноябрда болушу мүмкүн

беткап тагынган кыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Коронавирус кайрадан жапырык салып, бир топ өлкөнү оор абалга кептеди. Өткөн түнү Орусия баш калаасы Москвада 63 бейтап каза тапты. Бул 4-июндан берки эң жогорку көрсөткүч. Бир күн мурун эле Covid-19 илдети 49 кишинин өмүрүн алган.

Бир сутка ичинде 16 миң кишиден вирус аныкталып, пандемия башталгандан берки антирекордду жаңылады. Орусияда үчүнчү күн катарынан сандар өсүүдө. Абал оорлошуп жатканына карабай бийлик кандайдыр бир катаал чектөө чараларын киргизген жок. Кырдаал курчуп кете берсе, андай чаралар дагы кабыл алынышы мүмкүн.

Аргентинада дагы абал оорлошуп, коронавирус жуктургандар саны боюнча АКШ, Индия, Бразилия, Орусия жана Испаниядан кийинки орунга чыкты. Эң оор кырдаал АКШ жана европалык бир катар өлкөлөрдө, Орусияда түзүлдү. Илдет жуктургандар саны Индия менен Австралияда азайды.

Көпчүлүк өлкөлөрдө саламаттыкты сактоо адистери пандемиянын экинчи толкундагы жогорку чек ноябрдын ортосунда болот деп болжоодо. Азырынча өкмөттөр жалпы карантинден качып, айрым гана чаралар менен чектелүүдө. Көптөр жапырт эмдөөнүн башталышын күтүүдө.

Пандемиянын экинчи толкунун Бельгияда "цунами" деп аташты. Бул тууралуу билдирүү жасаган саламаттыкты сактоо министри Франк Ванденбрюкке "бийлик абалды көзөмөлдөбөй жатат" деп моюнуна алды. 9-16-октябрь аралыгында вирус жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 79 пайызга өстү.

Брюссель

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бельгияда ресторан жана барлар төрт аптага жабылды

Кыргызстанда дагы 13-октябрдан бери вирус жуктургандар саны өсүп жатат. Соңку суткада 549 жаңы учур белгилүү болду. Республикалык штаб кабарлагандай, соңку суткада 5 бейтап кайтыш болгон. Адистер абал курчуп кетиши мүмкүн экенин эскертүүдө.

Британдык ыктыярчыларга вирусту атайын жуктурушат

18-30 жаштагы 90 британдык жаран сыноо учурунда коронавируска каршы эмделип, андан кийин аларга мурун аркылуу вирусту атайын жуктурушат. Дарыгерлер вакцина канчалык натыйжалуу экенин ушундай жол аркылуу билүүгө аракет кылууда.

Изилдөө январга пландалып, мындай тажрыйба дүйнөдө биринчи жолу өткөнү жатат. Анын катышуучуларынын коопсуздугу негизги приоритет.

Дарыгер жана бейтап

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Коронавируска каршы бир нече вакцина иштелүүдө

"Кишилерге вирусту атайын жуктуруу оңой чечим эмес. Бирок мындай иликтөө натыйжалуу. Covid-19га каршы натыйжалуу дарыны алуу үчүн мындай аракет өтө зарыл болду",-деди иликтөөгө катышкан профессор Питер Опеншо.

Изилдөөнү жүргүзүп жаткандардын бири доктор Крис Чунун айтымында, анын командасы бул сыяктуу эксперименттерди башка вирустарга каршы он жылдан бери өткөрүп келүүдө. Анын тескери кесепеттери болгон эмес, деди ал.

Өкмөт изилдөөгө 33,6 млн фунт (болжолу 43,5 млн доллар) каражат бөлүп берген. (AbA)