А. Бейшеналиев: “COVID-19 дарылоого тармагыбыз бүт даяр”

Сүрөттүн булагы, Алымкадыр Бейшеналиев, саламаттык сактоо министри
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жаңы толкунуна жер-жерлерде стационарлар, дарыгерлер жана дары-дармектер жагынан толук даярдык бар деп билдирүүдө. Бул жөнүндө бул тармактын башына келген жаңы министри Алымкадыр Бейшеналиев Би-Би-Сиге берген биринчи маегинде билдирди.
А. Бейшеналиев: Оорулуулар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Кечээ күнү эле 552 оору катталды. Азыркы кезде мен ар бир ооруканага барып, канча оорулуу түшөт деп прогноз кылып бүттүм. Стационарлар оорулууларга даяр. Эки айлык, үч айлык жекече коргонуу каражаттары даяр. Дары-дармек даяр. 29621 адис атайын окуудан өтүп, даяр. Азыркы кезде саламаттык сактоо тармагы COVID-19 менен ооругандарды дарылоого толук даярбыз.
Би-Би-Си: Стационарда орундар канчалык жетиштүү? Азыр эле коронавирус менен ооругандар ооруканага толуп калды деген билдирүүлөр болуп жатат. Анын үстүнө Гансидеги чоң стационар кышында иштегенге жараксыз турбайбы.
А. Бейшеналиев: Ар бир райондогу ооруканаларда, мисалы июнь-июль айларында 130 оорулуу түшкөн болсо, бир эле участокту Кеминди алалы, азыр 150 койка даярдадык. Мен өзүм бир сыйра кыдырып көрүп чыктым. Баарын карап сүйлөшүп, жетиштүү санда койкаларды даярдап койдук, адистерди, дары-дармегин даярдап койдук. Жекече коргонуу каражаттары мурда жетишпей келген, анын баарын даярдап койдук, бүт баары даяр. Жекшембиде жолугуп, премьер-министрдин сунушу боюнча, 300 жасалма дем алдыруу аппараттарын алып өткөрүп атабыз. Сегиз миң кычкылтек генератору бар.
Би-Би-Си: Коронавирустун биринчи толкуну болгондо көп учурда дарыгерлер дарылоонун көзүн билбей, ошондон өлүм-житим көп болду деп жатышат. COVID-19 дарылоонун азыркы протоколундагы кемчиликтер жоюлганбы, аны кайра карап чыгуунун зарылдыгы барбы?
А. Бейшеналиев: Мен бүгүн эле комиссия менен жолугуп, анын курамына клиницисттерди коштум. Эмне үчүн дегенде оору дем алуу системасындагы сезгенүүдөн башталат. Ушундай кошумча менен төртүнчү протоколду кайра карап, Россиядагы, башка өлкөлөрдөгү дарылоону эске алып, өзүбүздүн дарыгерлердин дарылоо тажрыйбасын кошуп, бүт баарын даярдап бердик. Азыр ошол боюнча дарылоо болуп жатат.
Би-Би-Си: Коронавирус менен ооруган дарыгерлерге компенсация өз убагында берилбей, кээ бири таптакыр ала албай жатканын айтып жатат?
А. Бейшеналиев: Кеңейтилген жыйын өткөрүп, аны да карап, талкуулап чыктык. Мага чейин көп талаш болуп жатыптыр. Биз ооруган дарыгерлерди үч категорияга бөлүп жатабыз. Биринчиси - кызыл зонага киргендер, ошол жактан жуктургандар. Алар компенсацияны автоматтык түрдө алат.
Экинчилери өзүнчө талаш болуп жатат. Алар поликлиникада оорулууларды кабыл алып жатып, жеңил формада же белгисиз формада өтүп жатканда ковидди жуктуруп алдык деп атышат. Аны биз комиссия менен карап чечебиз. Иш ордунда жуктуп алдыбы же тойго барганда жуктуруп алдыбы, же үйүнө барганда, же маршруткада жуктуруп алдыбы, аны текшеребиз.
Үчүнчүсү, кээ бирлери стационарда иштеп жатып жуктуруп алгандар болот. Бирок алар ковид менен ооругандардан жуктуруп алдыбы же пневмонияны дарылап жатып жуктуруп алдыбы, азыр ошону тактоо жөнүндө тапшырма бердик.
Ушул үч категория менен карап комиссия менен чечебиз. Кызыл зонада иштеп жугузуп алгандарга компенсацияны дароо чечип беребиз. Муну менен премьер-министр менен дагы сүйлөштүм. Калганын комиссия менен чечебиз. Тойдон барып жуктуруп алган дарыгерлерге компенсация берилбейт. (КС)













