Дүйнө экинчи толкун алдында: Covid-19 иммунитети канча сакталат?

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 40 млн кишиден ашты

Сүрөттүн булагы, EPA

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандар саны 40 млн кишиден ашты

Апта башында коронавируска кабылгандар саны 40 миллиондон ашканы маалым болду. Жонс Хопкинс университетинин эсебинде, пандемиядан 1,1 млн ашуун киши набыт болду.

Эгерде тест алуунун түрдүү ыкмалары колдонулуп жатканын эске алсак, көп өлкөлөрдө калктын калың катмары коронавируска анализ тапшыра албай жатат. Ошондуктан чыныгы сандар мындан бир нече эсе көп болушу мүмкүн дейт окумуштуулар.

Бул кайгылуу статистиканын лидерлери АКШ, Бразилия жана Индия. Европанын көп өлкөлөрү азыр оорунун экинчи толкунун башынан өткөрүүдө. Өкмөттөр карантин жана чектөө чараларына барбай туруп, кырдаалдан чыгып кетүүгө аракет кылууда.

Дүйшөмбүдөн тарта Италия өкмөтү коронавируска байланыштуу айрым чектөө чараларын жарыялады. Шаар мэрлерине саат 21:00дөн тарта коомдук жайларды жабуу буйругу берилди. Ресторанга барган кардарлар саны алтыдан ашпашы керек. Спорттук оюндардын айрымдары токтотулду. Өлкөдө соңку суткаларда 11 миңден ашуун жаңы учур катталды.

Жекшемби күнү премьер-министр Жузеппе Конте элге теле аркылуу кайрылган учурунда көптөр анын беткап менен чыкканына маани беришти. Ал кезектеги карантинге барууну каалабай турганын, ошондуктан ар ким колдон келген жардамын көрсөтүшү керектигин суранды.

"Эң натыйжалуу чара мурдагыдай эле жөнөкөй нерселер - беткап, аралыкты сактоо жана колду тынбай жууп туруу. Мындай абалда баарыбыз кыраакы болуп, этияттыкты унутуп калбайлы",-деди ал.

Варшавада стадиондордо талаа госпиталдары ачылууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Варшавада стадиондордо талаа госпиталдары ачылууда

Польшанын бийлиги Варшавадагы улуттук стадионго талаа госпиталын ачуу чечимин кабыл алды. Ал жерде Covid-19 бейтаптары үчүн 500 орун даярдалат. Акыркы суткаларда Польшада 8,5 миң жаңы учур белгилүү болду. Бир ай мурун эле бул сандар 800 айланасында эле. Дарыгерлер жана ооруканаларда орундар жетишпей жатканы айтыла баштады. Өлкө бийлиги кайрылуу жасап, жарандардын үйдөн чыкпоосун эскертти.

Covid-19 иммунитети бир нече айга чейин болушу мүмкүн

Окумуштуулар 7 айдан кийин дагы бейтапта антитулку бар экенин аныкташкан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштуулар 7 айдан кийин дагы бейтапта антитулку бар экенин аныкташкан

Коронавирус жуктуруп алгандан кийин антитулку болжолу бир нече ай боюу бейтапта сакталып калышы мүмкүн. Мындай тыянакты Аризона штатындагы америкалык университеттин окумуштуулары чыгарууда.

Алардын иликтөөсүнө Covid-19 менен ооруп айыккан 6 миң бейтап катышкан. Алардын дээрлик баарынан "жогорку сапаттагы" антитулку аныкталган. Бул деген ооруп айыккан организм беш айдан жети айга чейин вирусту жолотпогонго жөндөмдүү дегенди билдирет.

Бирок антитулку коронавируска каршы иммунитети пайда кылат дегенге азырынча ишенимдүү далилдер жок. Жогорудагы изилдөө антитулку ооруп айыккандан кийин бат эле жоголуп кетет деген тынчсызданууларды гана жокко чыгарат. (AbA)