Кытай тоңдурулган азыктарды дезинфекция кылат. Эмнеге?

Бийлик ташып келген транспорттон баштап, азык-түлүккө чейин дезинфекция кылуунун буйруду.

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бийлик ташып келген транспорттон баштап, азык-түлүккө чейин дезинфекция кылуунун буйруду.

Кытай сырттан келген тоңдурулган азыктарды дезинфекция кылууну чечти. Сырттан ташылып келинген тамак-ашка аралашып жүргөн порт жумушчуларынан коронавирус аныкталган экен.

Бийлик ташып келген транспорттон баштап, азык-түлүккө чейин дезинфекция кылуунун буйруду. South China Morning Post басылмасынын маалыматына караганда, акыркы айларда тоңдурулган азыктардан вирус табылган бир нече учур катталды.

Ишембиде Шаньси провинциясынын бийлиги Индиядан келген таңгакталган деңиз азыктарынан коронавирус табышкан. Сентябрда Кытай 19 өлкөдөн жана аймактан келген тоңдурулган азыктарды импорттоону токтоткон эле. Муну жумушчулардын арасынан вирус жуктуруп алгандар болгону менен түшүндүргөн

Бразилия кытайлык вакцинаны сыноону токтотту

Бразилияда тест өткөрүп жаткан Бутантан институту бул чечимди туура эмес болуп калды деп эсептейт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бразилияда тест өткөрүп жаткан Бутантан институту бул чечимди туура эмес болуп калды деп эсептейт

Бразилиянын бийлиги кытайлык Coronavac вакцинасынын клиникалык сыноосун токтотту. Муну вакцинанын тескери таасирлери болгону менен түшүндүрүүдө. Адистер мындай учур 29-октябрдан болгонун айтып, бирок тескери натыйжалары тууралуу кеңири түшүндүрмө берген жок.

Бразилияда тест өткөрүп жаткан Бутантан институту бул чечимди туура эмес болуп калды деп эсептейт. Институттун жетекчиси Димаш Коваш кандайдыр бир тескери натыйжалары байкалган эмес эле деп айтты. Сыноонун токтотуу уюштуручулар менен кеңешилбей туруп жасалганы наарзылыкты жаратты, деди Димаш Коваш.

Британия эмдөөнү декабардан баштайт

vaccine arm

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Британ бийлиги өлкө жарандарын массалык түрдө эмдөөдөн өткөрүүнү декабарга пландап жатат. Ал үчүн ооруканаларга 150 млн фунт (200 млн доллар) бөлүнө турган болду деди расмийлер.

Апта башында эле окумуштуулар коронавирустан 90 пайыз коргогон вакцина иштелип чыкканын жарыялаган. Аны иштеп чыккан америкалык Pfizer жана анын германиялык өнөктөшү BioNTech компаниялары муну "адамзат үчүн, илим үчүн улуу окуя" деп атады.

Британия мына ушул вакцинадан 40 млн доза буюрутма кылган. Толук натыйжа бериши үчүн бир кишиге эки инъекция керектигин эсепке алганда, мынча доза менен 20 млн киши эмдөөдөн өтө алат. (AbA)