Даам сезүү жана жыт билүү: коронавирусту сасык тумоодон кантип айырмалайбыз

Девушка и цветы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сасык тумоо менен ооруганда деле даам жана жыт сезбей калат эмеспизби. Бирок мындай абал Covid-19 жуктуруп алганда таптакыр башкача мүнөздө болот.

Мындай тыянакты европалык изилдөөчүлөр жарыялады. Алар коронавируска кабылган бейтаптарга байкоо жүргүзүп, илдет жуккан учурдагы кишинин абалын изилдешкен. Окумуштуулардын изилдөөсү Rhinology журналына жарыяланды.

Covid-19 жуктуруп алган адам жыт билүү сезимин дароо жоготот. Ошол эле маалда мурундун бүтүшү же дем алуу кыйындаган абал адатта байкалбайт. Көп учурда коронавируска кабылган бейтаптын дем алуусу кадимкидей (өпкөнүн жабыркашы - өзүнчө маселе) эле болот.

Мунун артынан эле тамакка болгон табит жоголот. Тамактын даамын такыр сезбей калат. Адистер вирус - жыт билүү жана даам сезүүгө жооп берген нерв клеткаларына түздөн-түз таасир этиши мүмкүн деп шек саноодо.

Жөнөкөй анализ

Ылдам тестти үй шартында эле эң жөнөкөй ыкма менен өткөрсө болот

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ылдам тестти үй шартында эле эң жөнөкөй ыкма менен өткөрсө болот

Чыгыш Англия Университетинин окумуштуулар тобунун жетекчиси профессор Карл Филпот изилдөөнүн жүрүшүндө 30 ыктыярчыны алган. Алардын ону коронавируска кабылгандар эле. Ал эми дагы он киши сасык тумоолоп жаткандар. Топтогу акыркы он ыктыярчы куландан соо кишилер.

Covid-19 жуктуруп алган бейтаптарда жыт билүү сезими жоголгону ачык байкалды. Ошол эле маалда ачуу менен таттуунун айырмалай албаган деңгээлде даам сезбей калышты.

"Коронавирусту башка респиратордук оорулардан айырмалаган мүнөздүү белгилер бар. Бул өтө маанилүү, анткени даам жана жыт билүү сезимин тесттен өткөрүү аркылуу эле коронавируска кабылган бейтапты сасык тумоо же суук тийип калгандардан айырмалай алабыз",-дейт профессор Филпот.

Профессордун айтымында кишилер өздөрү эле үй шартында тест өткөрүп алса болот. Колдо бар азык-түлүктү, айталы, кофе, сарымсак, лимон же шекерди колдонуп. Бирок коронавируска шектүү бейтапты аныктаганда мурдагыдай эле тамактан жана мурундан алынган анализ тесттер маанилүү бойдон кала берет деди окумуштуу.

Баса, коронавирус менен ооруган көпчүлүк бейтаптарда даам сезүү жана жыт билүүсү бир нече аптадан кийин гана калыбына келген.

Иштин баары мурундабы?

суук тийип калган бейтап

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жон Хопкинс университетинин профессору Эндрю Лэйн жыт билүүнүн жоголушунун биохимиялык механизмин түшүнүү үчүн бейтаптардын мурун көңдөйүн изилдеди. Мына ушул жерден маанилүү ачылыш жасады. Изилдөө жыйынтыгы European Respiratory Journal журналына жарыяланган.

Профессор Лэйн жана анын кесиптештери жыт билүүгө жооп берген зонадан фермент АПФ-2нин өтө жогорку концентрациясын тапкан. (Ферменттер (энзимдер) — организмде биологиялык катализаторлордун милдетин аткаруучу өзгөчө белоктор, организмдеги ар кандай химиялык реакцияларды тездетүүчү заттар).

Окумуштуулардын пикиринде бул фермент коронавирустун организмдин клеткаларга кирип, андан өөрчүшүндө дарбаза катары кызмат кылат.

"Вирус бул клеткаларды кишинин организмине кирип, андан ары өөрчүп кетүү үчүн колдонобу дегенди түшүндүрүү үчүн биз азыр кошумча лабораториялык эксперименттерди жүргүзүп жатабыз. Эгерде чыны менен эле ушундай болсо, анда биз антивирустук терапия аркылуу, түздөн-түз мурунга жасалган дарылоо аркылуу бул инфекция менен күрөшө алмакпыз",-деп түшүндүрдү профессор Лэйн. (AbA)